Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 11-июну № 130
Ишканалар секторун менчиктештирүү жана түзүмдүк кайра куруу программасынын (мындан ары - "PESAC" программасы) аякталышын текшерүү максатында:
1. "PESAC" программасынын аякталышын текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- "PESAC" программасынын аякталышына жооптууну максаттуу аныктоону жүргүзүүчү органды аныктоо сунуштарын киргизсин;
- "PESAC" программасынын ишке ашырылышын жана анын катышуучулары тарабынан тиешелүү милдеттердин аткарылышын текшерүүнү жүргүзсүн.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна жүктөлсүн.
4. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз зксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилери жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды ыкчам тартипте беришсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын енор жай. отун - энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар белүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2013-жылдын"11" июнундагы № 130 буйругуна тиркеме |
Баденов Б.О.- КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Курманапиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
Жалилов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикапык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперта;
Сыдыков У.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кабанбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар белүмүнүн эксперти;
Иманалиев Т.У. - Кыргыз РеспубликасынынЭнергетика жана өнөр жай министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Кенжебаева Ш.Б.- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жеңил өнөр жай жана башка тармактар бөлүмүнүн башкы адиси;
Жусумалиев Н.С.- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Сакебеков С.Э. -Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун юридикалык башкармалыгынын башкы адиси;
Зарылбек уулу А. - КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери;
Садыбакасов А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери;
Ашырбеков К.Ы. - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын укуктук камсыздоо боюнча директорунун орун басары.