Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-январы № 75
Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, кызматтык автотранспортту сатып алууга жана кармоого жумшалган чыгымдарды тартипке келтирүү максатында:
1. Мамлекеттик органдардын кызматтык автотранспортторун инвентаризациялоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын ведомстволук, аймактык мекемелерин, уюмдарын жана ишканаларын кошкондо, кызматтык автотранспортун инвентаризациялоону жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, алардын ведомстволук, аймактык мекемелерин, уюмдарын жана ишканаларын кошкондо, кызматтык автотранспортунун санын кыскартуу жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Комиссияга зарыл болгондо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасы Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоонун маселелерин чечсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Өкмөттүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Мамбетакунов Н.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Асанкулов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Кутманов Б.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн эксперти; |
Абдыллаев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти; |
Керимкулов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Мадумаров А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы; |
Истамов Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик аппаратты каржылоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Жумашалиев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Жакыпбаев Б.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары; |
Тажиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча). |