Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 15-июлу № 310
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусу 2014-жылдын 14-19-июлунда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу Кочкор-Ата шаарына тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
- аталган жолугушууну жана протоколдук иш-чараларды өткөрүүнү уюштурууда Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобуна көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун мүчөлөрүн унаа каражаттары менен камсыздасын.
4. Командировкалык чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 15-июлундагы № 310 буйругуна тиркеме |
Искандаров К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчиси; |
Касмалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Баймырзаев М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Усаров М.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Сыргабаев Б.Э. | - | өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси; |
Исабеков Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Эгамбердиева Ж.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Юсупов Б.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Жолчиев Б.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Ботобаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Мурзаев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары; |
Абдырахманов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги; |
Борубаев Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; |
Камбаралиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери. |