Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 271-б
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында:
1. Мамлекеттин пайдасына алынган 16600 (он алты миң алты жүз) килограмм салмактагы табигый нефрит таштарын кабыл алууну жана сатууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте кабыл алууну жана сатууну камсыздасын.
3. Ведомстволор аралык комиссия эксперттик топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл маалымат беришсин жана анын ишине көмөктөшсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-июлундагы № 271-б
буйругуна тиркеме
Мамлекеттин пайдасына алынган 16600 (он алты миң алты жүз) килограмм салмактагы табигый нефрит таштарын кабыл алууну жана сатууну камсыздоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын
Курамы
Кадыракунов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар департаментинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| |
Үкүбаев Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Табигый ресурстар саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
|
Мамбетакунов Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү;
|
Амуров А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн начальниги;
|
Төлөнбаев А.Ы. | - Нарын облусунун Ат-Башы районунун Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмчөсүнүн улук сот аткаруучусу (макулдашуу боюнча);
|
Мавлянов Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгынын оперативдүү бөлүмүнүн начальниги;
|
Шефель Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Геология башкармалыгынын башкы адиси;
|
Өмүркулов Т.А. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин соттук аткаруучулар жана соттор менен өз ара аракеттенүү кызматынын бөлүмчөсүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Сыдыкова А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын башкы адиси;
|
Дүйшеева Ж.Н. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар департаментинин мамлекеттик сактоочу жайынын бөлүм башчысы. |