Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 273-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талабына ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпы 300 миллион кытай юаны суммасында бекер жардам берет.
Жогоруда аталган бекер жардам эки өлкөнүн Өкмөттөрү макулдашкан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланылат. Конкреттүү маселелер кошумча эки тараптуу макулдашууда белгиленет.
Ушул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептешүү жол-жоболору боюнча тиешелүү Макулдашууга "Кытай мамлекеттик өнүктүрүү банкы" акционердик коому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан дайындалган органдын ортосунда кошумча кол коюлат.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана эки өлкөнүн Өкмөттөрү ушул Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди толук аткарганга чейин күчүндө болот.
Бишкек шаарында 2014-жылдын "__" ___________-июлунда эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |