Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-июлу № 275-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен АКШнын Соода министрлигине караштуу Америка Кошмо Штаттарынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун ортосундагы Меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен АКШнын Соода министрлигине караштуу Америка Кошмо Штаттарынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун ортосундагы МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) менен АКШнын Соода министрлигине караштуу Америка Кошмо Штаттарынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча ведомствосу (мындан ары - USPTO),
инновацияларда экономикалык инвестицияларды, ошондой эле ишкерлик демилгени колдоочу интеллектуалдык менчиктин улуттук жана дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн таанышып;
үзгүлтүксүз маалымат, тажрыйба алмашуу, окутууну жана башка иш-чараларды белгилешип өткөрүү үчүн механизмдерди түзүү аркылуу интеллектуалдык менчиктин колдонуудагы тутумдарын күчөтүү үчүн Тараптардын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну улантууну каалашып;
эки тараптуу кызматташуу жөнүндө төмөнкү Меморандумга (мындан ары - "Меморандум") кол коюуга макулдашты:
I. Негизги жоболор
1. Бул Меморандум Тараптардын интеллектуалдык менчик укуктарын алууга, пайдаланууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча кызматташуусу үчүн негиз болуп саналат.
2. Меморандумдун алкагындагы иш Кыргызпатент менен USPTOнун ортосундагы эки тараптуу кызматташууну күчөтүүгө, интеллектуалдык менчикти башкаруу тутумун жакшыртууга, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө коомчулукка маалымат берүүнү өркүндөтүүгө, интеллектуалдык менчик жаатында маалымат алмашуу жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү аркылуу кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
II. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар кыска мөөнөттүү келечекте өзгөчө кызыкчылыкты билдирген жана көңүлдүн борборунда болуучу төмөндөгүдөй иш-чараларды аныкташты:
1. Окутуу жана мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү
USРТО Кыргызпатентке интеллектуалдык менчик жаатындагы адистерди кесиптик жактан даярдоону жана ведомствону башкарууну жакшыртууга, адам ресурстарын өнүктүрүүгө, патенттерге жана товардык белгилерге экспертиза жүргүзүүгө, интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого жана төмөнкү тармактарда укуктарды пайдаланууга багытталган мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү программаларын уюштурууда көмөк көрсөтүүнү пландаштырууда:
1. Адам ресурстарын башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы биргелешкен иш-чаралар төмөнкүлөрдү өз ичине камтышы мүмкүн:
1) интеллектуалдык менчик боюнча ведомствону натыйжалуу башкаруу боюнча Кыргызпатенттин кызматкерлерине кеңеш берүү жана/же окутуу;
2) өтүнмө берүүнүн анын ичинде өтүнмөнү электрондук түрдө берүүнүн, өтүнмөнү иштеп чыгуунун, патенттик алымдарды жана документ жүгүртүүнү иштеп чыгуунун жол-жоболорун жакшыртуу боюнча Кыргызпатенттин кызматкерлерине кеңеш берүү жана/же окутуу;
3) маалымат технологияларынын инфраструктура жана экспертиза процессин автоматташтырууну жакшыртуу боюнча Кыргызпатенттин кызматкерлерине кеңеш берүү жана/же окутуу.
2. Кыргызпатенттин кызматкерлерин патенттерге жана товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү жаатында окутуу боюнча биргелешкен иш-чаралар төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт:
1) патенттик эксперттер үчүн тренингдер;
2) товардык белгилер боюнча эксперттер үчүн тренингдер;
3) патенттерге жана товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү процессинин сапатын контролдоо боюнча кеңеш берүү;
4) патенттерге жана товардык белгилерге карата апелляциялар боюнча кеңеш берүү;
5) жумушчу программаларды алмашуу боюнча кеңеш берүү.
3. Укук коргоо жана укук колдонуу жаатындагы биргелешкен иш-чаралар:
1) укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдер;
2) судьялар үчүн тренингдер;
3) интеллектуалдык менчик жаатында укук колдонуу тажрыйбасын жакшыртуу маселелери боюнча кеңеш берүү.
2. Инновациялар жана экономикалык өсүш үчүн интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгүн жогорулатуу
Тараптар инновацияларды/экономикалык жактан өсүүнү илгерилетүүдө интеллектуалдык менчиктин ролу жөнүндө семинарларды, "тегерек столдорду" жана конференцияларды биргелешип өткөрөт жана төмөнкү темаларды камтыган, бирок булар менен чектелбеген интеллектуалдык менчик маселелери боюнча калкка маалымат берүүнү жогорулатууга багытталган окутуу иш-чараларына катышат: негизги патент, товардык белги жана/же автордук укук жөнүндө мыйзам, патенттерге жана/же товардык белгилерге өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу, экспертиза жүргүзүү, патенттерге жана/же товардык белгилерге экспертиза жүргүзүүнү башкаруу, интеллектуалдык менчикке укук колдонуу укугу, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө билим берүү, чакан жана орто ишканалар үчүн интеллектуалдык менчик жаатында кабардар кылууну жогорулатуу боюнча кампания, ошондой эле жогоруда айтылып өткөн темалардын ар бирине тиешелүү объекттер. Мисалы мындан программалар төмөнкүдөй темаларды камтый алат:
1. Технологияларды өткөрүп берүү:
1 ) интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу принциптери;
2) технологияларды өткөрүп берүү жаатындагы мыйзамдар, жоболор, саясат жана практика;
3) өнөр жайдын айрым тармактарына мүнөздүү технологияларды өткөрүп берүү маселелери;
4) университеттер жана мамлекеттик илимий-изилдөөчү мекемелер үчүн мүнөздүү технологияларды өткөрүп берүү маселелери.
2. Интеллектуалдык менчик маселелери боюнча окутуу, укук ээлеринин маалымдуулугун жогорулатуу жана иштин башка түрлөрү:
1) АКШда жана Кыргыз Республикасында патенттерди, коммерциялык сырларды, товардык белгилерди жана автордук укуктарды коргоо жана укук колдонуу маселелери боюнча чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) окутуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
2) коомчулукка интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгү жөнүндө маалымдоо үчүн Кыргыз Республикасынын региондорунда семинарларды жана симпозиумдарды биргелешип уюштурууга багытталган кызматташтык. Мындай программалар макулдашуу боюнча соода ассоциациялары жана башка өнөр жай топтору менен биргеликте өткөрүлөт жана бул программаларда көрсөтүлгөн темалар патенттерге, товардык белгилерге, коммерциялык сырларга жана укук колдонууларга тиешелүү болот;
3) патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана башка кесипкөй патент таануучулар үчүн тренингдерди өткөрүү;
4) Коомчулукка маалымат берүү жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча маалымат берүүнү жогорулатуу боюнча иш-чараларга багытталган максаттар, форматы жана менеджмент жөнүндө маалымат алмашуу.
3. Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ), университеттер жана мамлекеттик илимий-изилдөөчү мекемелер үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы менеджмент:
1) коргоо талап кылынган интеллектуалдык менчик объектилерин тандоо;
2) макулдашуу боюнча интеллектуалдык менчик объектилерине менчик укугу;
3) уруксаттамалоо.
3. Интеллектуалдык менчик жөнүндө маалымат жана практикалык тажрыйбаны алмашуу
Тараптар интеллектуалдык менчикке байланыштуу жашырын эмес мүнөздөгү маалыматтарды бирге пайдалануу жана анын ичинде төмөндөгүлөрдү иш жүзүндө колдонуу жаатында кызматташууга ниеттенишет:
1. Экспертиза жүргүзүү процессине түрткү берүүчү маалымат жана мыкты практика.
1) интеллектуалдык менчик боюнча окуу китептери жана маалымдамалар;
2) патенттерге жана товардык белгилерге өтүнмөлөрдү берүү жана каттоо жөнүндө коомчулукка жеткиликтүү болгон электрондук документтер.
2. Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствонун натыйжалуу иштешине байланыштуу маалыматтар:
1) интеллектуалдык менчик боюнча ведомствонун натыйжалуулугу жана өндүрүмдүүлүгү жөнүндө отчеттору, стратегиялык пландары жана башка пландары/отчеттору;
2) жол-жоболордун жана иш-чаралардын сапатын/серебин контролдоо жөнүндө маалыматтар.
III. Чектөөлөр
1. Бул Меморандум ушул жааттагы эки ведомствонун ыйгарым укуктарына ылайык интеллектуалдык менчикке укуктарды алуу, пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүн берет.
2. Бул Меморандумдун алкагында иш-чараларды ишке ашыруу каражаттар жана адам ресурстары болгондо, ошондой эле ар бир Тараптын бюджеттик артыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Меморандум күрөө фонддорун түзүүнү караштырбайт.
IV. Корутунду жоболор
1. Тараптар ушул Меморандум боюнча башталган долбоорлорду, эгер ал узартылбаса, бүтүрүү үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшайт.
2. Бул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан кандай гана келишпестиктер жана талаш-тартыштар болбосун сүйлөшүү жана кеңешүү аркылуу чечилет.
3. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Меморандумдун 4-бөлүмүнүн 4-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирет.
4. Меморандум эки Тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Меморандум Тараптардын бири башка Тарапка анын күчүн токтотууга өзүнүн ниеттенгендиги жөнүндө жазуу түрүндө билдирмейинче күчүндө кала берет. Мындай учурда, Меморандум аталган билдирүүнү башка Тарап алган күндөн тартып отуз (30) кун өткөндөн кийин өз күчүн токтотот.
5. Бул Меморандум 2014-жылдын "__" _________ ________________ шаарында, ар бири кыргыз, англис жана орус тилдеринде жана бардык тексттери бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү. Бул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда, Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы үчүн |
| АКШнын Соода министрлигине караштуу Америка Кошмо Штаттарынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча ведомствосу үчүн |
| ||
__________________________ Датасы: |
| __________________________ Датасы: |