Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-июлу № 281-б
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана пайдалануу жөнүндө; 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди өз убагында жана ыкчам чечүү максатында:
1. Бул буйруктун тиркемесине ылайык курамдагы республикалык штаб түзүлсүн.
2. Республикалык штаб:
- 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана пайдалануу жөнүндө; 2013-жылдын 26-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Республикалык штабга зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин адистерин ишке тартуу, коюлган милдеттерди чечүү үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүү укугу берилсин.
4. Республикалык штабдын ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо, Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат топтоо жана талдоо, ошондой эле республикалык штабдын жыйынына материалдарды даярдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 281-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын энергетика маселелерин тейлеген вице-премьер-министри, штабдын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, штабдын жетекчисинин орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).