Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014 жылдын 31 июлу № 295-б
2014 жылдын 4-5 августунда Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Сектору өнүктүрүү программасы: билим берүү тутумун бекемдөө” долбоору боюнча суйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1.Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүлөшүүлөр протоколуна кол коюга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 жылдын 31 июлдундагы № 295–б буйругуна тиркеме
|
Садыков К.М. | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, делегациянын жетекчиси; |
Байгончоков М.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын жетекчисинин орун басары.
Расмий делегациянын мүчөлөрү: |
Шыкмаматов А.Н. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
Абдылдаев Э.Б. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Кадыров Б.С. | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; |
Муканбетов С.Т. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Мурзаев К.С. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялык жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги; |
Турганбаев Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары. |