Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 31-июлу № 294-6
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссиянын ортосундагы Мамлекеттик кызматты өркүндөтүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгертүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жана Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссия,
Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы салтка айланган достук мамилелерди бекемдөегө умтулуп,
мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өнүктүрүүнүн жана жаңылоонун маанилүү экендигин көңүлгө алып,
эки тараптуу кызматташтыктын, мамлекеттик кызматты жанылоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуунун актуалдуулугун эске алуу менен,
өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Меморандумдун максаты мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча Тараптардын ортосунда кызматташтыкты орнотуу жана андан ары бекемдөө болуп саналат.
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт:
1.Мамлекеттик органдарда тийиштүү укуктук иштерди уюштуруу жана өткөрүү.
2.Мамлекеттик органдарда кызмат өтөөнүн езгөчөлүктөрү, тактап айтканда: мамлекеттик кызматка кабыл алуу, кызмат боюнча көтөрүү, кызматтан бошотуу, мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоо.
3.Борбордук жана региондук деңгээлдерде кадрларды башкаруу.
4.Кадрлар резервин түзүү жана башкаруу.
5.Кадрларды башкаруунун маалыматтык тутумдарын жана технологияларын түзүү, ишке киргизүү жана иштетүү.
6.Мамлекеттик кызмат тутумунда коррупцияга каршы күрөшүү.
7.Мамлекеттик кызматчыларды окутуунун стратегиясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
8.Мамлекеттик кызматчыларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу тутуму.
9.Мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун этикалык ченемдерин женгө салуу.
Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кызматташуусу төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат:
1.Биргелешкен долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашыруу.
2.Тажрыйба алмашуу максатында делегацияларды жиберишүү.
3.Мамлекеттик кызматчылар үчүн тренингдерди жана такшалмаларды уюштуруу.
4.Мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды, эксперттердин консультацияларын уюштуруу жана өткөрүү.
5.Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын иштеши боюнча маалымат жана ченемдик укуктук базаны алмашуу.
Тараптардын макулдашуусу менен кызматташуунун башка формалары да аныкталышы мүмкүн.
Тараптардын кызматташуусу ушул Меморандумдун, ошондой эле макулдашылган жумушчу пландарынын негизинде жүзөгө ашырылат, бул пландарда кызматташуунун мазмуну, формасы, көлөмү, каржыланышы жана өзүнчө пландалган башка иш-чаралар так көрсөтүлөт.
Зарыл болгон учурда Тараптардын өкүлдөрү ушул Меморандумдун алкагында кызматташуунун жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле андан аркы кызматташуунун сунуштарын жана программаларын даярдоо үчүн жумушчу жолугушууларды өткөрүп турушат. Аталган жумушчу жолугушууларды өткөрүү убактысы жана жери Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда кайчы пикирлер пайда болгон учурда, Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткерүү аркылуу чечишет.
Ушул Меморандум торт (4) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу азербайжан тараптан жазуу жүзүндөгү билдирүүнү кыргыз тарап дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эгерде мөөнөт бүтөөрүнө алты (6) ай калганга чейин бир да Тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Меморандумду токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү бербесе, анда ушул Меморандум кийинки торт (4) жылдык мезгилге автоматтык түрдө улантылды деп саналат.
Ушул Меморандумга Тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Берененин биринчи абзацында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Ушул Меморандумга ____________ шаарында 201__ - жылдын «____» ____________ ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде болгон эки түп нускада кол коюлду, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда орус тилиндеги тексти колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
| Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча комиссия
|