Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014 жылдын 5 августу № 314-б
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында полиция жабдууларын берүү боюнча келишимдин тиркеленген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары "кыргыз тарап" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана мындан ары "кытай тарап" деп аталуучу Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлиги, достук консультациялардын натыйжасында кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында, төмөнкүдөй келишимге жетишишти:
1. Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине гуманитардык жардам түрүндө жалпы наркы 3 (үч) миллион кытай юанын (транзит жана камсыздандыруу чыгымдарын кошкондо) түзгөн полиция жабдууларын берет.
2. Берилип жаткан жабдуулардын тизмеги Тараптардын ортосундагы биргелешкен консультациялардын жүрүшүндө аныкталат.
3. Кытай тарап жабдууларды кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы контролдук-өткөрмө пунктка чейин жеткирүүгө кепилдик берет, ал эми кыргыз тарап берилип жаткан жабдууларды алууну жана бардык зарыл болгон документтерди тариздөөнү камсыз кылат.
___________________ шаарында 2014-жылдын "___" ________________ ар бири кыргыз, кытай жана орус тилинде болгон эки түп нускада аткарылды, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул келишимди чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги үчүн |