Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-августу № 302-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтү (мындан ары - «Тараптар» деп аталат) достук байланыштарды андан ары чыңдоого көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашуунун негизинде паспорттор:
Кыргыз Республикасы үчүн: жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттор;
Катар Мамлекети үчүн: жарактуу дипломатиялык жана атайын паспорттор.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын аймагына визасыз кире алат жана кирген күндөн тартып токсон (90) күндүн ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында боло алат.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин же эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрдүн иштеп жаткан кызматкерлери болгон Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары алар дайындалган мөөнөттүн ичинде ушул Тараптын мамлекетинин аймагына виза албастан кире алат жана анда боло алат.
Ушул Макулдашуунун 3-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын алар менен жашаган жана ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон үй-бүлө мүчөлөрү, бул адамдар дайындалган мөөнөттүн ичинде кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына виза албастан кире алат жана анда боло алат.
Ушул Макулдашуунун 2-беренесинин жоболорунан тышкары, ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон, Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына ишке орношуу же окуу максатында кирүүнү каалаган Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары алдын ала виза алууга милдеттүү.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына эл аралык каттам үчүн ачылган каалаган чек арадан өтүү пункттары аркылуу кире жана чыга алышат.
Тараптардын ар бири улуттук коопсуздук жана коомдук тартип тууралуу пикири боюнча кабыл алуучу мамлекеттин аймагына адамдардын кирүүсүнөн жана болуусунан баш тартуу укугун сактап калат.
Мындан ары, Тараптардын ар бири кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин жарандарынын болуу мөөнөтүн азайтуу же токтотуу укугун сактап калат.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде эскертилген паспортторго ээ болгон Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарандары кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирген жана анда болгон учурда мыйзамдарды жана эрежелерди сактоого милдеттүү.
1. Макулдашуучу Тараптардын ар бири улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо максатында ушул Макулдашуунун күчүн толугу менен же жарым-жартылай убактылуу токтотуу укугун сактап калат. Экинчи Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчү убактылуу токтотулгандыгы тууралуу мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып жетимиш эки (72) сааттын ичинде кабарланат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды кабыл алган Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө чаралардын жокко чыгарылгандыгы жана ушул Макулдашууну кайра жаңылоо тууралуу кабарлоого милдеттүү.
Макулдашуучу Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде жарактуу дипломатиялык жана/же кызматтык/атайын паспорттордун үлгүлөрүн алмашат.
Жаңы паспорт киргизилген же колдонулуудагы паспортко өзгөртүүлөр киргизилген учурда, Тараптар жаны паспорттор жана өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде мындай паспорттордун үлгүлөрүн алмашат.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 12-беренесинде көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду макулдашуучу Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн баштап күчүнө кирет, ________ мөөнөткө түзүлөт жана автоматтык түрдө ушундай мөөнөттөргө кайра жаңыртылат.
_________ шаарында, 201 __ -жылдын «__» _________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Макулдашуунун англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн |