Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧЕСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2014-жылдын 7 августу №162
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин автомобилдик жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу, ондоо жана эксплуатацияга киргизүү, ошондой эле курулуп жаткан объекттерге тийиштүү архитектуралык-курулуштук жана техникалык көзөмөлдү камсыздоо жагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоо боюнча иштерин изилдөө максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн:
2. Жумушчу топ жыйырма күндүк мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин айрым кызматкерлеринин автомобилдик жолдорду жана көпүрелердү куруу, ондоо жана эксплуатацияга киргизүү, ошондой эле курулуп жаткан объекттерге тийиштүү архитектуралык-курулуштук жана техникалык көземөлдү камсыздоо жагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоо боюнча иштерине байланыштуу абалды талдасын;
- иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратына карап чыгууга сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2014 - жылдын 2 августундагы № 152 буйругуна тиркеме
|
Шейшеканов Данияр Шаршенбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык топтун жетекчиси: |
Ведомстволор аралык топтун мүчөлөрү
Уезбаев Улан Калмурзаевич | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Манаев Улан Билалович | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик ана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн инспектору (макулдашуу боюнча); |
Шерботоев Эсен Джаанбаевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сеитбеков Нурдин Сайфутдинович
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматынын коррупцияга каршы оперкызматкери; |
Болотбаев Абдусамат
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бөлүм башчысы; |
Турсуналиев Мирлан
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик соттук экспертизалар борборунун эксперти. |