Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-августу № 345-б
«Premier Gold Resources» жана «Central Asia Resources Limited» компаниялары тарабынан демилгеленген талашты сотко чейин жөнгө салуу максатында:
1. Тиркелген: «Premier Gold Resources» жана «Central Asia Resources Limited» компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун (мындан ары -жумушчу топ) курамы бекитилсин.
2. Жумушчу топ:
- 2014-жылдын 1-сентябрына чейин бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жумушчу топтун ишин координациялоону камсыздасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 345-б буйругу менен бекитилген
|
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Исаев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Жаратылыш ресурстар саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Гүлжигитов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги; |
Карабаев Т.Э | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары; |
Мусабеков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти; |
Рыскулов У.Д.
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Сапаралиев А.А.
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги; |
Суранбаев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү; |
Сыдыков Н.К.
| - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Укуктук колдоо башкармалыгынын соттук органдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы; |
Тазабекова Б.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Шатенов К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертиза мамлекеттик борборунун директорунун орун басары. |