Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 22-сентябры № 410-б
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Тараптар" жана өз алдынча "Тарап" деп аталуучу) аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөктөшүү алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында 2 100 000 (эки миллион бир жүз миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндө акча суммасын грант түрүндө бөлүп берүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп эсептелет. 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумма Түркиядагы жергиликтүү компаниялардан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскердик муктаждыктары үчүн продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоо үчүн пайдаланылат жана калган 250 000 (эки жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюлуучу Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин берилет.
Ушул Макулдашуунун алкагында 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Түркиядагы жергиликтүү компаниялардан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукциялар жана/же кызмат көрсөтүүлөрү сатып алуу үчүн берилет жана 250 000 (эки жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында берилет.
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташе аппараты ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар болушат.
1. 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Түркиянын жергиликтүү компанияларынан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманы түзсө же аталган суммадан көп болсо, анда 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманын 100 пайызы гана төлөнөт;
б) эгерде продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы 1 850 000 (бир миллион сегиз жүз элүү миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасынан аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Түркия Республикасынын Борбордук Банкы Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар ишке ашырылган компаниянын банктык эсебине акча каражаттарды которот жана накталай эмес төлөм формасында сатылып алынган продукциялардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн бүткүл көлөмүн төлөп берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учун акча каражаттары ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда белгиленген, Макулдашуу колдонулган мөөнөтүн ичинде пайдаланылууга тийиш.
Пайдаланылбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатып алууларды ишке ашыруу үчүн өзүнүн өкүлдөрү Түркия Республикасына келгенге чейин Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигине бөлүнгөн акча каражаттарынын алкагында керектүү каражаттардын тизмесин (артыкчылыктуу аталыштарды көрсөтүү менен) бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Түркиянын жергиликтүү компанияларынан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан керектүү продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процесси ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар жүргүзүлгөн компаниянын банк эсебине Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин акча каражаттары которулат:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен компаниянын ортосунда түзүлгөн контрактка кол коюу жана милдеттенмелерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнен сатып алынган продукцияларды жана/же көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүп беруу жол-жоболорунун бүткөндүгү жөнүндө кабарлоону алуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын наркы берилген финансылык каражаттардын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген финансы каражаттарына жетишпеген сумманы төлөшү керек. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууда белгиленген суммадан ашкан сумманы төлөп бербейт
6. Бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү, таңгактоо жол-жоболору, жүктөрдү жүктөө, ташуу, жеткирүү, окутуу маселелери, иш сапар жана суткалык чыгымдар, камсыздандыруу төлөмдөрү, салыктар, жыйымдар, банктык карман калуулар жана валюта курстарындагы айырмалар менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен компаниянын ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алуу процесстери менен байланышкан визиттер 9-беренеге ылайык ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ишке ашырылат. Ушул процесс менен байланышы бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун өкүлдөрүнүн чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жабылат.
Сатып алууларды ишке ашыруунун . жүрүшүндө Түркия Республикасынын колдонуудагы ченемдик актылардын жоболору колдонулат, Кыргыз Республикасына продукция жеткирилгенден жана/же кызмат көрсөтүлгөн убактан баштан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
8. 250 000 (эки жүз элуу миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосунда өзүнч кол коюла турган Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго ылайык бөлүнөт.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагьпгда бөлүнгөн акча каражаттары Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтүнун акча каражаттарына сатып алынган продукцияларды жана көрсөтүлгөн кызматтарды эсептен чыгаруудан түшкөн акчаны Түркия Республикасынын Өкмөтү аныктаган банк эсебине которууга милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнун жазуу жүзүндө алдын ала макулдугусуз продукцияны жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү бербөөгө, ошондой эле аларды колдонуу укугун башка мамлекетке же үчүнчү Тарапка бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
Ар бир тарап ушул Макулдашуупу ишке ашыруу алкагында Тараптар алмашкан кабарларды жана жашыруун маалыматты үчүнчү Тараптын Өкмөтүнө, компанияга же адамга экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Макулдашуупу колдонуу бүткөндөн кийин да колдонулат.
Ушул Макулдашуупу ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Таранты, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарын киргизиши мүмкүн. Жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде макулдашууга келишпесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантат.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү учун зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл ичинде күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне бөлүнгөн акча каражаты толугу менен пайдаланылган учурда, ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө ырасталган акыркы кабарлоо алынган убактан баштап аракетин токтотот.
2. Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун сактабаса же сактабай жатат деп эсептесе, жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган консультацияларды өткөрүүнү жазуу жүзүндө сунуштайт. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетилбесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Ар кандай себептер менен Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир эте албайт.
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, турк жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
2. Жогоруда баяндалгандардын алкагында, ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2014-жылдын "_______"- ___________________кол коюлду.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН КОЛУ: | ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН КОЛУ: |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Тараптар" жана өз алдынча "Тарап" деп аталуучу) _____________________ жылы кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнун ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Протоколдун максаты Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү 250 000 (эки жүз элуу миң.) АКШ долларынын эквивалентиндеги турк лирасынын суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциитерин аныктоо болуп эсептелет.
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Түркияда тынчтык орнотуу үчүн өнөктөшүү борбору жана Терроризмге карты аракеттенүү боюнча борбор жана Деңиздеги коопсуздукту камсыздоо боюнча эл аралык борбор сыяктуу алдыңкы тажрыйбалуу борборлор тарабынан берилүүчү/координациялануучу курстарга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түркия Республикасындагы өкүлдөрүн ташуу, тамактандыруу жана жашоо, окуу курстарын, визиттерин, ошондой эле жумуш/кызмат ордуна келүү/кетүү үчүн авиабилеттерди сатып алуу жана Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн кызмагташтык" программасын координациялоо боюнча топто иштөө үчүн жиберилген адамга бөлүп берилген 2 500 (эки миң беш жүз) АКШ доллары өлчөмүндө ай сайын төлөөлөр менен байланышкан чыгымдарын жабуу үчүн колдонулат.
1. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин Аппаратынын банк эсебине которулуучу финансылык жардам Түркиянын Башкы штабынын буйруктарына ылайык Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинын Аппаратынын контролу алдында чыгымдалышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бөлүнгөн акча каражаттары ушул Протоколдун 8-беренесинин 1-пунктунда белгиленген Протоколдун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулушу керек. Колдонулбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын мамлекеттик казынасына кайтарылат.
Тараптар ушул Протоколду ишке ашыруунун алкагында Тараптар алмаша турган маалыматтарды жана жашыруун маалыматты үчүнчү Тараптын Өкмөтүнө, компанияга же адамга башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул припциби ушул Протоколду колдонуу аяктагандан кийин дагы колдонулат.
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө ар кандай талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, эл аралык сотту же арбитражды тартууга жол берилбейт, алар дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек.
2. Ушул Протоколдо каралбаган маселелер боюнча Макулдашуунун тиешелүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын башка эл аралык макулдашууларынан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
1. Тараптардын ар бири ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат. Тараптар жазуу жүзүндөгү кабарлоону алаары менен 30 күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүндө Тараптар ушул Протоколдо каралган өзүнүн милдетгерин аткарууну улантат.
Ушул Протокол анын күчүнө кириши учун зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
1. Ушул Протокол 5 (беш) жыл ичинде күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне бөлүнгөн акча каражаттары толук пайдаланылган болсо, анда ушул Протоколдун колдонулушу жазуу жүзүндө ырасталган акыркы билдирүү алынган учурдан тартып токтотулат.
2. Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса, же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган жазуу жүзүндө консультацияларды өткөрүүнү сунуштай алышат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, Тараптардын бири жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган убактан баштап 60 күндүн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
3. Ушул Протокол Макулдашуунун колдонулуу учурунда күчүндө болот. Ушул Протоколдун колдонулушу Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда өзүнөн-өзү токтотулат.
Ушул Протокол зки нускада, ар бири кыргыз, орус, турк жана англис тилдеринде даярдалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Ушуну ырастап, төмөндө кол койгон эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Протоколго Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2014-жылдын "______"-________________ кол коюшту.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН КОЛУ: | ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АТЫНАН КОЛУ: |