Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-октябры № 467-б
2014-жылдын 20-октябры - 7-ноябрында Корея Республикасынын Пусан шаарында өтө турган Электр байланышынын эл аралык союзунун 2014-жылдагы Ыйгарым укуктуу конференциясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Делегациянын башчысына Электр байланышынын эл аралык союзунун 2014-жылдагы Ыйгарым укуктуу конференциясынын документтерине Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Мамырканов Эрнис Турсункадырович(*) | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, дслегациянын башчысы; |
Бекташов Чынгыз Акматович(**) | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик байланыш агенттигинин директору, делегациянын башчысынын биринчи орун басары; |
Нурматов Байыш Нурматович(***) | - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекетгик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору, делегациянын башчысынып орун басары (макулдашуу боюнча); |
Джылышбаев Максат Нурбекович(****) | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин электрмагниттик айкалышуусун талдоо бөлүмүнүн башчысы. |
(*) - 2014-жылдын 17-28-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин каражаттарынын эсебинен командировкага жнберилет;
(**) - 2014-жылдын 17-28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетгик байланыш агенттигинин каражаттарынын -эсебинен командировкага жиберилет;
(***) - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;
(****) - 2014-жылдын 17-октябры - 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттнгинин каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.