Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-ноябры № 489-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы чара көрүү жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы,
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоого) жана террористтик ишти, ошондой эле ушуну менен байланышкан кылмыштуу иштерди каржылоого каршы чара көрүү жаатындагы өз ара кызыкчылыктарды жетекчиликке алышып,
кызматташтыкты кыйла натыйжалуу ыкма менен жүзөгө ашыруу зарылдыгын көңүлгө алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, өз мамлекеттеринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактоо менен өз компетенциясынын алкагында аракеттенишип, биргелешип иштөөнү, анын ичинде маалымат алмашууну жүзөгө ашырышат.
2-берене.
Тараптар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо менен байланышы бар деп шектелген акча каражаттар же башка мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар же бүтүмдөр жөнүндө өздөрүнүн карамагында болгон маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо баскычтарында кызматташат, ошондой эле андай операцияларды же бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга катышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши тууралуу маалымат алмашуу боюнча өз ара байланышта иштешет.
3-берене.
1. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө, анын ичинде текстти берүүнүн техникалык каражаттарын пайдалануу аркылуу Тараптардын макулдугу менен, Тараптардын демилгеси боюнча же суроо-талаптарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Суроо-талап төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт:
а) сураган Тараптын аталышы;
б) суралуучу Тараптын аталышы;
в) суроо-талаптын кыскача мазмуну жана анын негиздемеси (эгер суроо-талап шашылыш болсо, сураган Тарап суроо-талаптын шашылыш экендигин негиздеши зарыл);
г) суралып жаткан маалыматтын мазмунунун баяндамасы;
д) суралып жаткан маалыматты колдонуунун максаты;
е) аны аткарууга керектүү башка маалыматтар.
3. Зарыл учурда суралган Тарап сураган Тараптан суроо-талабынын талаптагыдай аткарылышы үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурап ала алат.
4-берене.
1. Эгерде суроо-талаптын аткарылышы суралган Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу таламдарына зыян келтире турган болсо, суралган Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына жана (же) эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келсе, ошондой эле суралган Тараптын мамлекетинде суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүү жүрүп жатса суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
2. Эгерде суралган Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тарткандыгы тууралуу чечим кабыл алса, анда ал мындай чечимди кабыл алгандыгынын себептерин көрсөтүү менен бул тууралуу сураган Тарапка билдирет.
5-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал суралган жана берилген максаттардан башка максаттарда колдонулбайт.
2. Ушул Макулдашууга ылайык алынган маалымат жашыруун болуп саналат жана ага карата алуучу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында улуттук булактардан алынган ошол сыяктуу маалыматка каралган коргоо режими жайылтылат.
3. Тараптар Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алуу менен ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматты кокустан же мыйзамсыз түрдө жок кылуудан, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан, ошондой эле ар кандай башка мыйзамсыз колдонуудан коргоого багытталган зарыл уюштуруучу-техникалык чараларды жүзөгө ашырышат.
4. Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалымат, максатына жараша талап кылып алынган убакыттан ашык сакталбайт. Ар бир Тараптын мамлекетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык маалымат жокко чыгарылат.
6-берене.
1. Кыргыз Тарабы үчүн маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
2. Россия Тарап үчүн маалымат алмашуу Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык каралат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматты Тарап кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик ишти жана ушулар менен байланышкан кылмыштуу иштерди каржылоого каршы чара көрүү жаатындагы иштерде гана сотко чейинки жана соттук максаттарда колдонушу мүмкүн.
7-берене.
1. Тараптар маалыматтарды берүү тартибин ар бир Тараптын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык чогуу аныкташат жана ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрүшөт.
2. Тараптар суроо-талабы боюнча кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы чара көрүү чөйрөсүндө Тараптардын мамлекеттеринин ар биринин мыйзамдары тууралуу маалыматты алмаша алышат.
3. Тараптар өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелерди талкуулоо үчүн макулдашуу боюнча тажрыйба алмашуу жана талкуу үчүн биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрө алышат.
4. Бул Макулдашуу кызматташуунун башка өз ара алгылыктуу формаларын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
8-берене.
Тараптардын ортосундагы өз ара кызматташуу жана маалымат алмашуу орус тилинде жүргүзүлөт.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга анын ажыратылгыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда Тараптарда келип чыккан талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
Бул Макулдашуунун жоболору Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы катышуучулары болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарга жана милдеттерге тиешеси болбойт.
12-берене.
1. Бул Макулдашуу мөөнөтү аныкталбаган убакытка түзүлөт.
2. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ар бир Тарап башка Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ушул Макулдашуунун ишин токтото алат. Бул Макулдашуу башка Тараптан ошондой билдирүү алынган күндөн 90 күн өткөндөн кийин өзүнүн ишин токтотот.
4. Бул Макулдашуунун мурда алынган маалыматтын жашырындыгын камсыздоону караштырган жобосу Макулдашуунун иш-аракети токтогондон кийин да күчүндө калат.
13-берене.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап, Финансылык мониторинг боюнча Федералдык кызмат (Россия Федерациясы) менен Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын ортосунда 2006-жылдын 18-декабрында Москва шаарында кол коюлган Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы чара көрүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун жарактуулугу токтотулат.
Макулдашуу 2014-жылдын "__" ____________ _______________ шаарында эки нускада кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү жана эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы үчүн |