Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 10-ноябры № 492-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитети,
дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууга ниеттерин билгизишип,
өз ара пайдалуу шарттарда узак мөөнөттүү кызматташууга көмөк көрсөтүүнү жана тереңдетүүнү каалап,
Тараптардын ортосундагы Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу алардын өз ара кызыкчылыктарына эң жакшы түрдө жооп берээрин тастыктап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайдалуу негизде дене тарбия жана спорт жаатында кызматташууну чыңдашат жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча улуттук, региондук жана клубдук командаларынын ортосунда тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүшөт. Тараптар өздөрүнүн улуттук спорт ассоциацияларына эки өлкөдө спортту өнүктүрүү үчүн тажрыйба алмашууну жана өз ара кызматташууну чыңдоо жана түз байланышуу маселелеринде көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн спортсмендеринин даярдык деңгээлин жана катышуусун жогорулатуу максатында башка Тарап өткөрүүчү көп тараптуу спорттук мелдештерге жана машыгуу курстарына катышууга шыктандырат.
4-берене.
Тараптар, тараптардын өлкөлөрүнүн аймагында өтүүчү дене тарбия жана спорт тармагындагы маселелер боюнча семинарларга, илимий-практикалык атайын конференцияларга катышат.
Тараптар дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тажрыйба, илимий маалымат, иш-кагаз жана окуу-методикалык материалдар менен алмашууну жүзөгө ашырышат.
5-берене.
Тараптар спорттук машыктыруучуларды жана спортсмендерди окутууга, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин спорт чөйрөсүндөгү адистеринин ортосунда тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүшөт. Финансылык шарттар жана башка маселелер Тараптардын тиешелүү уюмдары тарабынан консультация жолу менен чечилет.
6-берене.
Тараптар мамлекеттеринин аймагында спорттук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүүнү колдойт жана биргелешип аракеттенет.
Тараптар дене тарбияны, спортту, спорттун улуттук түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер менен коомчулукту жана калкты кеңири тааныштыруу максатында спорттук басма сөз, радио жана телекөрсөтүү, спорттук журналисттерди жиберишүү, спорттук адабият жаатында кызматташууга көмөк көрсөтөт.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу боюнча өткөрүлүүчү бардык финансылык шарттар учурдагы жылга каралган бюджеттик каражаттардын эсебинен эки тараптын макулдугу менен аныкталат.
8-берене.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет, өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
9-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана ишке ашыруу боюнча кайчы пикирлер сүйлөшүү жана консультация жолдору менен чечилет.
10-берене.
Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою колдонулат жана, эгерде Тараптардын бири тийиштүү мөөнөтү бүтөөрүнө алты айдан кем эмес убакыт калганга чейин Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин экинчи Тарапка кат жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
______________ шаарында 2014-жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн |
| Түркмөнстандын Спорт боюнча мамлекеттик комитети үчүн |