Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-декабры № 547-б
Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы жаштар саясаты жаатындагы өз ара байланышты жана кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле жаштарга билим берүүнүн потенциалын, деңгээлин жогорулатуу жана эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн деңгээлинде жаш муундардын өкүлдөрүнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу максатында;
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Т.Сарпашев |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтү эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу достук мамилелерди өнүктүрүү жана илгерилетүү, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү алардын кызматташтыгын күчөтүү максатында, эки мамлекетте тең колдонулган мыйзамдарды жана ченемдерди эске алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаттар
1. Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү эксперттердин, адистердин жана жаштар уюмдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну илгерилетүү.
2. Жаштардын дене тарбиялык жана экономикалык жигердүүлүгү менен байланышкан, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды жараткан башка жааттардагы маалыматтарды жана көз караштарды алмашуу.
3. Тараптардын мамлекеттеринде жүргүзүлүүчү жаштар саясатынын маселелерине тиешелүү жолугушууларга, конференцияларга, лекцияларга, семинарларга жана академиялык форумдарга катышуу үчүн чакырууларды алмашуу.
4. Жаштар уюмдарын, борборлорду жана билим берүү уюмдарын тартуу менен жаштар арасындагы спорттук мелдештерди жана маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды алмашуу.
5. Эл аралык деңгээлде жаштардын көйгөйлөрү боюнча биргелешкен позицияларды иштеп чыгуу жана координациялоо.
2-берене. Кызматташуу чөйрөлөрү
Тараптар жаштар саясатын өнүктүрүү жана жаштар менен иштөө жаатында, анын ичинде:
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда жаштардын кызматташууларына көмөк берүүчү жаштардын маселелерине тиешелүү маалыматтарды жана пландарды, жаштар чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн натыйжаларын алмашуу;
- кызматташууну өнүктүрүү үчүн Тараптардын мамлекеттериндеги жаштар уюмдары жөнүндө маалыматтарды алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринде өткөрүлүүчү жаштардын эл аралык иш-чараларына чакырууларды алмашуу;
- жаштар визиттерин алмашуу, Тараптардын мамлекеттеринин жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматкерлердин жана эксперттердин визиттерин алмашуу;
- Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда достукту чыңдоонун алкагында жаштар кыймылына жана аны өнүктүрүүгө тиешелүү болгон бардык чөйрөлөрдө кызматташуу;
- жаштарды ишке орноштуруу менен байланышкан маселелерде маалымат алмашуу жана кызматташуу;
- Тараптардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, Тараптардын мамлекеттеринде кезектешип "Жаштар достук жумалыгын" өткөрүүнү уюштуруу;
- жаштарга тиешелүү болгон кызматташуунун башка чөйрөлөрүндө кызматташат.
3-берене. Иш сапарлар
Жаштар саясаты чөйрөсүндө кызматташууларды өнүктүрүү үчүн расмий делегациялардын иш сапарлары Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык расмий чакыруулардын негизинде уюштурулат.
4-берене. Жооптуу органдар
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Сауд Арабия Королдугундагы жаштардын жыргалчылыгынын Генералдык Президенттиги ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар болуп эсептелет.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн, Тараптардын өкүлдөрү зарылчылыкка жараша кезеги менен Тараптардын мамлекеттеринде жолугушууга тийиш. Жолугушуулар Тараптардын дипломатиялык каналдары аркылуу макулдашуу боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
5-берене. Финансылык чыгымдар
1. Тараптар өз делегацияларынын баруусу, ошондой эле тамактануусу жана жашоосу менен байланышкан чыгымдарды, эгерде Тараптардын ортосунда башкача эскертилбесе, эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө каралган өздөрүнүн бюджеттик каражаттарынын алкагында өз алдынча көтөрүшөт.
2, Бул Макулдашууда каралган иш-чараларга катышуу жана аларды каржылоо эгерде, каржылоонун башка шарттары эскертилбесе, Тараптардын бюджетинин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында жүргүзүлөт.
6-берене. Кайчы пикирлерди чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү кайчы пикирлер Тараптардын консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү аркылуу чечилет.
7-берене. Оңдоолор
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене. Күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуу ар бир Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгын ырастаган жазуу жүзүндөгү акыркы кабарламаны алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл колдонулат жана эгерде, Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө кеминде алты ай мурда кат жүзүндө кабарлама жибербесе, дароо ушул эле мөөнөткө/мөөнөттөргө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун жоболорунун негизинде макулдашылган жана аны колдонуу учурунда аныкталбаган иш-чараларды жана программаларды Тараптардын аткарышына таасирин тийгизбейт.
______________ шаарында 20__-жылдын "__" ____________ ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Тексттерди чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтү үчүн |