Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
от 2014-жылдын 3-декабры № 551-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Алардын аймактарынын ортосундагы жана тиешелүү аймактарынын чегинен тышкары аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору (расмий эмес котормо) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
| Т.Сарпашев |
Расмий эмес котормо
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып);
1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары катары;
эки өлкөнүн ортосунда жана алардын тиешелүү аймактарынан сырткары аба катнаштарын түзүү жана пайдалануу максатында жогоруда аталган Конвенцияга карата кошумчаларга ылайык Макулдашуу түзүүнү көздөө менен;
аба ташууларынын маанисин эки өлкөнүн элинин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты орнотуу жана бекемдөө каражаты катары кабыл алууну моюнга алуу менен;
аба катнашынын эл аралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүнү каалоо менен;
Төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктама
1. Бул Макулдашуунун максаттары үчүн, эгерде контекст башкача талап кылбаса, термин:
а) "Авиациялык бийлик" термини Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен болгон учурда - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, ал эми Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү менен болгон учурда - Жарандык Авиациянын башкы башкармалыгы же каалаган башка учурларда аталган Макулдашууга тиешелүү бардык функцияларды аткарууга ыйгарым укугу бар адам же орган;
б) "Келишим каттамдары" Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда жана тиешелүү аймактарынын чегинен сырткары жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү өз-өзүнчө же бардыгын чогуу ташуу боюнча эл аралык үзгүлтүксүз аба каттамдарын билдирет;
в) "Макулдашуу" ушул Макулдашууну же ага Тиркемени жана ушул Макулдашууга же Тиркемесине киргизилген каалагандай оңдоолорду билдирет;
г) "Аба катнашы", "Авиакомпания", "Эл аралык аба катнаштары" жана "Коммерциялык эмес максатта конуу" - Конвенциянын 96-беренесине ылайык белгиленген мааниге ээ болорун билдирет;
д) "Тиркеме" Макулдашууга тиркелген маршруттардын расписаниесин жана мындай Тиркемеге киргизилүүчү бардык эскертмелер же белгилер жана ушул Макулдашуунун 20-беренесинин жоболоруна ылайык аларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр;
е) "Жүк" өз ичине почтаны камтыйт;
ж) "Конвенция" 1944-жылдын жетинчи декабрында Чикаго шаарында кол коюлган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: эки Макулдашуучу тараптар аркылуу ратификацияланган Конвенциянын 94-беренесине ылайык күчүнө кирген бардык түзөтүүлөрдү, ошондой эле бул Конвенциянын 90-беренесине ылайык ага киргизилген бардык тиркемелер же түзөтүүлөр Макулдашуучу эки тарап үчүн мындай тиркемелер же түзөтүүлөр кандай гана убакытта болбосун колдонууга боло тургандай өлчөмдө болушу керек;
з) "Дайындалган авиакомпаниялар" ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укуктарга ээ болгон авиакомпанияны же авиакомпанияларды билдирет;
и) "Тарифтер" жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү ташууда алынуучу бааларды, ошондой эле аларга ылайык бул баалар колдонулуучу шарттарды билдирет, сыйлыктарды жана почтаны ташуу боюнча шарттарды кошпогондо;
к) "Аймак" мамлекетке карата Конвенциянын 2-беренесине ылайык аныкталган мааниге ээ;
л) "Пайдалануучулардын жыйымдары" авиакомпаниялардан компетенттүү органдар тарабынан алынуучу же аэропорттук жабдууларды, мүлктү жана/же аэронавигациялык каражаттарды, анын ичинде аларга кирген аба кемелери, алардын экипаждары, жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр үчүн каражаттарды берип, кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн алууга уруксат берилген жыйымдарды билдирет.
2. Ушул Макулдашууга Тиркеме анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
3. Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында, Макулдашуучу тараптар Конвенциянын жоболоруна ылайык иш-аракеттерди жүргүзүшөт, анткени бул жоболор эл аралык аба катнаштарына карата колдонулат.
2-берене. Укуктарды берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашууда каралгандай анын дайындалган авиакомпанияларына келишимдик линияларды белгилөөгө жана эксплуатациялоочу укуктарды берет.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары төмөнкүдөй укуктарга ээ болушат:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу конбостон учуп өтүүгө;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына коммерциялык эмес максаттарда конууну, жана
в) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына Эл аралык ташууда өз-өзүнчө же келишимдик линияны эксплуатациялоодо каалаган комбинацияда бортко жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү алуу же түшүрүү максатында конууга укугу бар.
3. Мындан сырткары, 3-беренеге ылайык дайындалгандарды кошпогондо ар бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы(лары) ушул берененин 2 (а) жана 2 (б) пункттарында аталгандай эле ыйгарым укуктарды пайдаланышат.
4. Бул беренеде эч бир нерсе ар бир Макулдашуучу тараптын бардык дайындалган авиакомпанияларына бортко сыйлык катары же жалдоо боюнча биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынын чегиндеги пунктка чейин алууга укук берет дегендикке жатпайт.
5. Эгерде куралдуу чыр-чатактар, баш аламандыктар болсо же саясий окуялардын же өзгөчө жана стандарттуу эмес жагдайлардын учурунда Макулдашуучу тараптын бири дайындаган авиакомпания кадимки маршруттун рейсин эксплуатациялоого мүмкүндүгү болбосо, анда экинчи Макулдашуучу тарап убактылуу кайрадан макулдашылган маршруттарды берүү жолу менен Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдашуусу менен мындай рейстердин андан ары эксплуатацияланышын жеңилдетүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшайт.
6. Дайындалган авиакомпаниялар Макулдашуучулар тарабынан берилген бардык аба трассаларын, аэропортторду жана башка объектилерди басмырлабоочу негизде пайдаланууга укугу бар.
3-берене. Уруксаттарды дайындоо жана берүү
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын Авиациялык бийлиги келишимдик линияларын эксплуатациялоо максатында бир же андан көп авиакомпанияларды дайындоого, ошондой эле мындай авиакомпанияларды жок кылуу же каалаган мындай авиакомпаниянын дайындалышын өзгөртүүгө же мурда дайындалган авиакомпанияны башка авиакомпания менен алмаштырууга укугу бар. Мындай дайындоо келишимдик линиялардын эксплуатацияланышына байланыштуу ар бир авиакомпанияга берилген уруксаттын иштөө чегин аныктайт. Дайындоолор жана аларга кошумча бардык өзгөртүүлөр авиакомпанияны дайындаган Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийлиги тарабынан экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине жазуу жүзүндө аткарылат.
2. Дайындоо, алмашуу же дайындоону өзгөртүү жөнүндөгү билдирүүнү, ошондой эле авиакомпанияны дайындоо жөнүндөгү кабарламаны белгиленген формада жана белгиленген тартипте алганда, ушул берененин 3 жана 4-пункттарынын жоболоруна ылайык, экинчи Макулдашуучу тарап минималдуу убакыттан кийин дайындаган авиакомпанияга(ларга) тиешелүү эксплуатациялоо уруксатын берет.
3. Бир Макулдашуучу Тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги дайындаган авиакомпаниясынан бул авиакомпания бийлик тарабынан Эл аралык аба катнаштарын ишке ашырууда кадимки жана акыл-эстүүлүк менен колдонулуучу мыйзамдарга жана эрежелерге, Конвенциянын жоболоруна ылайык аныкталган шарттарга жооп берүүсүн ырастоону талап кыла алышат.
4. Ар бир Макулдашуучу тарап ушул берененин 2-пунктунда эске алынгандай эксплуатациялоого уруксат бербей коюуга же өзү зарыл деп тапкан шарттардын аткарылышын ушул Макулдашуунун 2-беренесинин 2 (в) пунктунда аталгандай дайындаган авиакомпаниялар укуктарын колдонуу учурунда талап кылууга укугу бар, кандай болсо да, Макулдашуучу тараптардын ортосундагы каалаган атайын макулдашууларды эске алганда, эгерде Макулдашуучу тарап дайындаган мындай авиакомпанияга ээлик кылуу жана чыныгы көзөмөлдөө ушул Тарапка же анын жарандарына тиешелүү экендигине Тарап күмөн санаса, анда мындай Макулдашуучу тарап уруксат бербей коюу укугуна ээ болот.
5. Мындай түрдө дайындалган авиакомпания ушул Макулдашуунун мындай рейстерге карата 15-беренесине ылайык расписание белгиленет деген шартта келишимдик линияларды каалаган убакытта толук же жарым жартылай эксплуатациялоону баштай алат.
4-берене. Иш-аракеттерди жокко чыгаруу жана чектөө
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпанияларына карата эксплуатациялоо уруксаттарын чакыртып алууга же ушул Макулдашуунун 2-беренесинде аталган укуктардын аракетин токтото турууга укугу бар же бул укуктарды пайдаланууда зарыл болгондой убактылуу же мөөнөтсүз шарттарды коюуга укуктуу;
а) мындай авиакомпания тарабынан Конвенцияга ылайык мындай укуктарды берүүчү Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери кадимки жана акыл-эс менен колдонулуп жаткан тиешелүү мыйзамдарды жана эрежелерди аткарбаган учурда, же
б) ушул Макулдашууда каралган шарттарга ылайык авиакомпания учууларды аткарбаган учурда, же
в) Макулдашуучу тараптардын ортосундагы каалаган атайын макулдашууларды эске алганда, бир Макулдашуучу тараптын бир авиакомпанияга сөзсүз ээлик кылуу жана анык көзөмөлдөө авиакомпанияны дайындаган экинчи Макулдашуучу тарапка же анын жарандарына таандык экендигине канааттанбаган учурда, же
г) ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 6-пунктуна ылайык;
д) экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык учуунун коопсуздугун жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү шарттарын аткарбаган учурда, же
е) ушул Макулдашуунун 19-беренесин колдонууга байланыштуу келип чыккан каалаган чечимдерди жана жоболорду Макулдашуучу тарап аткарбаган учурда.
2. Ушул берененин 1-пунктунда аталган токтоосуз жокко чыгаруу, токтото туруу же шарттарды коюу, эгерде алар мындан аркы мыйзам жана эрежелерди бузууну токтотуу биринчи кезектеги мааниге ээ болсо; башка учурларда мындай укук ушул Макулдашуунун 18-беренесине каралгандай экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен болгон консультациялардан кийин гана берилет.
3. Бир Макулдашуучу тарап ушул беренеде аталган чараларды көргөн учурда, ушул Макулдашуунун 19-беренесине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын укугу кысымга алынбашы керек.
5-берене. Келишимдик линияларды эксплуатациялоону жөнгө салуучу принциптер
1. Ар бир Макулдашуучу тарап өз ара түшүнүшүү негизинде, эки Макулдашуучу тараптын ар бири дайындалган авиакомпаниясына ушул Макулдашуу менен жөнгө салынуучу эл аралык аба ташууларын берүүдө эркин атаандаштыкка уруксат берет.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн юрисдикциясына жараша ушул Макулдашууда жазылган укуктарды ишке ашырууда басмырлоонун бардык формаларын жана атаандаштыкка каршы же чектен ашкан практиканы жок кылуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
3. Эки Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары ташуунун (жүргүнчүлүк, жүктүк, өзүнчө же чогуусу менен) бардык түрүн ишке ашырууда аба кемелеринин сыйымдуулугуна жана жыштыгына жана/же түрүнө жараша чектөө коюлбайт. Ар бир дайындалган авиакомпанияга аларга сунушталган макулдашылган линияларда жыштыкты жана сыйымдуулукту аныктаганга уруксат берилет.
4. Макулдашуучу тараптын бири дагы бир жактуу ташуунун көлөмүн, жыштыгын, аба катнашынын үзгүлтүксүздүгүн же экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын эксплуатациялаган аба кемелеринин түрлөрүн, Конвенциянын 16-беренесине ылайык бажылык, техникалык, эксплуатациялык жана экологиялык талаптарды бирдей шарттарда сактоо зарыл болгон учурларды эсептебегенде чектей албайт.
5. Макулдашуучу тараптын бири дагы экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияларга биринчи тандоо шартын, жүктөөнүн даражасын, эскертүүсүз төлөмдүн же ар кандай башка сыйымдуулукка карата талаптарды ушул Макулдашуунун максаттарына ылайык келбеген жыштыкты же ташууну мойнуна кое албайт.
6-берене. Бажы салыктары жана башка жыйымдар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияларды импортко чектөөдөн, бажы салыгынан, түз жана кыйыр салыктардан, бардык башка улуттук жана/же жергиликтүү салыктардан, инспектордук жыйымдардан жана аба кемесине жана алардын комплекттүү борттук жабдууларына, күйүүчү майга, майлоочу материалдарга, техникалык жабдууларга, аба кемелеринин инструменттерине, керектелүүчү техникалык запастарга, запастык бөлүктөргө, кыймылдаткычты кошо алганда, борттук запастарга, анын ичинде чектөө койбостон, азыктарга, ичимдиктерге, алкоголь ичимдиктерине, тамекилерге жана башка сатылуучу товарларга же жүргүнчүлөр учуу убактысында колдонуучу товарларга жана башка аба кемелеринде кызмат көрсөтүүдө же аба кемелерин эксплуатациялоого арналган же пайдаланылган, макулдашуу линияларын эксплуатациялоодо мындай дайындалган авиакомпаниялар тарабынан колдонулуучу кемелеринде кызмат көрсөтүүдө колдонулуучу, ошондой эле печаттык билеттик бланкаларына, авиа коштомо кагаздарга, кызматкерлердин униформаларына, компьютерлерге жана дайындаган авиакомпаниялар билеттерди алдын ала ээлеп коюу жана сатууда колдонуучу басылма билеттерге, жана дайындаган авиакомпаниянын логотиби бар ар кандай басылма кагаздарга жана бул дайындаган авиакомпания акысыз тараткан жарнама материалдарына карата жыйымдардан бошотот.
2. Ушул беренеге ылайык сунушталган бошотуулар, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй, төмөндөгү буюмдарга карата колдонулат:
а) бир Макулдашуучу тараптын аймагына экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпания же дайындаган авиакомпаниянын атынан ташылып келинген;
б) бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортунда экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына учуп киргенде же андан учуп чыкканда жана/же ушул аймактын үстүндө учуп жүргөндө колдонулуучу буюмдар;
в) бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясынын аба кемесинин бортунда экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына кабыл алынган жана макулдашылган линияларды иштетүү үчүн колдонууга арналган; мындай буюмдар аталган Макулдашуучу тараптын аймагында мындай пункттар ажыратылбаган деген шарт менен уруксат берүүчү Макулдашуучу тараптардын аймагынын алкагында толугу менен же жарым-жартылай колдонуларына же чыгымдаларына карабастан кабыл алынат.
3. Адатта Макулдашуучу тараптын бири дайындаган авиакомпаниясы тарабынан колдонулуп жаткан аба кемесинин бортунда жайланышкан, үзгүлтүксүз борттук жабдуулар, ошондой эле материалдар, жабдуулар жана запастар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына Макулдашуучу тараптын бажы органдарынын уруксаты менен гана түшүрүлөт. Ушул учурда мындай жабдуулар жана буюмдар ушул берененин 1-пунктунда каралгандай жыйымдардан жана алар жогоруда белгиленген бийликтердин көзөмөлү астында жайгаштырылат деген шарт менен бажы эрежелерине ылайык алар реэкспорттолгуча же башкача түрдө колдонулгуча бошотулат.
4. Ушул беренеде каралгандай, бошотуулар качан ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары башка авиакомпаниялар менен башка Макулдашуучу тараптын аймагында үзгүлтүксүз борттук жабдууларды жана башка буюмдарды зайым алууга же берүүгө ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй, бул Макулдашуучу тараптын ушуга окшогон авиакомпаниялары дагы ушундай бошотууларды пайдаланышат деген шарт менен Макулдашуу түзгөн жагдайларда да болот.
7-берене. Улуттук мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1. Макулдашуучу тараптардын биринин аймагынан эл аралык аэронавигацияда учуп жүргөн аба кемелеринин кирүү жана чыгуу уруксаттарына, же мындай аба кемелерин өзүнүн аймагында жүргөн кезде эксплуатациялоо жана навигациялоого тиешелүү мыйзамдары, эрежелери жана жол-жоболору башка Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы(лары) иштетип жаткан аба кемесине алардын улутуна карабай, өзүнүн авиакомпаниясына колдонулуп жаткандай колдонулушу керек жана аба кемелери аймакка учуп кирип жатканда, аймактан учуп чыгып жатканда жана бул Макулдашуучу тараптын аймагында турган убагында сакталышы керек.
2. Макулдашуучу тараптардын биринин мыйзамдары, эрежелери жана жол-жоболору учуп келүүгө карата, аймакта болгон учурда же анын аймагынан аба кемесинин бортунда ташылуучу жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, экипаждын жана жүктөрдүн учуп чыгып кетүүсүндө, башкача айтканда кирүүгө, жол-жоболоштурууга, авиациялык коопсуздукка, иммиграцияга, паспортторго, бажыга, валютага, ден соолук маселелерине, карантин жана санитардык чараларга тиешелүү эрежелер, же почта маселесине, почтага тиешелүү мыйзамдар жана эрежелер авиакомпания тарабынан сакталышы керек, же болбосо биринчи Макулдашуучу тараптын аймагына учуп кирүүдө жана аймагынан учуп чыгууда же анын аймагында болгон учурда мындай жүргүнчүлөрдүн, багаждардын, экипаждын жана жүктөрдүн атынан сакталышы керек.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн мыйзамдарды жана жоболорду колдонууда Макулдашуучу тараптардын бири да өзүнүн же башка авиакомпанияга(ларга) экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиакомпанияларга салыштырганда артыкчылык бере албайт.
4. Макулдашуучу Тараптардын биринин аймагы аркылуу түз транзит менен чыккан жана бул максаттар үчүн болгон аэропорттун районунан чыкпаган жүргүнчүлөр, багаждар жана жүктөр зордук-зомбулукка каршы коопсуздук чараларына карата, аба каракчылыгына, баңги заттарга көзөмөлдү кошпогондо, жөнөкөйлөтүлгөн көзөмөлгө дуушар болот. Мындай багаж жана жүктөр бажы салыгынан, акциздик жыйымдардан жана ушуга окшогон улуттук жана/же жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан бошотулушу керек.
8-берене. Код-шеринг
1. Макулдашуучу эки тараптын дайындалган авиакомпаниялары коммерциялык ташуучу катарында же иш жүзүндө ташуучу катарында маркетингдик кызматташтык жөнүндө макулдашууну, ошондой эле орунду алдын ала ээлөө жана/же код-шеринг боюнча макулдашууну кошкондо (үчүнчү өлкөлөр менен код-шеринг боюнча макулдашууларды кошкондо), бирок муну менен гана чектелбестен башка ар бир авиакомпания же авиакомпаниялар менен макулдашууну эркин түрдө түзө алышат.
2. Код-шерингдик кызматтарды көрсөтүүдөн мурда код-шеринг боюнча өнөктөштөр милдеттенмелерге карата кайсы жак жоопкерчиликти өзүнө ала тургандыгы жөнүндө, ошондой эле керектөөчүлүк маселелер, авиация коопсуздугу, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашат. Бул шарттар жазылган макулдашуу эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине код-шеринг боюнча макулдашуу күчүнө киргенге чейин берилет.
3. Мындай макулдашуулар кызыкдар авиациялык бийликтер тарабынан бардык авиакомпаниялар мындай макулдашууларда негизги укуктарга жана/же ташуу уруксатына ээ болушат деген шарт менен бекитилет.
4. Код-шеринг жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда маркетингдик авиакомпания ар бир сатылган билетке карата авиакомпаниядан билет алган сатып алуучунун кайсы авиакомпания иш жүзүндө ар бир секторду пайдалангандыгы, сатып алуучу кайсы авиакомпания же авиакомпаниялар менен макулдашуучу мамилеге кире тургандыгы менен кеңири таанышуусун камсыз кылат.
5. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясы(лары) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы эки ар кандай пункттун(дын) ортосунда код-шерингдик ташуу боюнча өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн мындай ташуулар экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы (авиакомпаниялары) тарабынан аткарылган шартта сунуштай алат.
9-берене. Учууга жарамдуу жана квалификация сертификаттары
1. Учууга жарамдуу сертификат бул бир Макулдашуучу тарап берген же жарамдуу деп тааныган квалификация жөнүндө күбөлүк жана ырастама, ал күчүндө калат, мындай берилген жана таанылган күбөлүк жана ырастама Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга жооп берген жана шайкеш келген шартта, макулдашылган линияларды пайдалануу максаттары үчүн Макулдашуучу Тарап тарабынан жарактуу деп тааныйт.
2. Бирок ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагынын үстүнөн учуп өтүш үчүн экинчи Макулдашуучу тарап өзүнүн жарандарына берген квалификация жана күбөлүк жөнүндөгү ырастаманы таануудан баш тартуу укугун калтыра алат.
3. Эгерде бир Макулдашуучу тарап берген же тааныган ырастамалардын жана күбөлүктөрдүн артыкчылыктары же шарттары Конвенцияга ылайык белгиленген стандарттардан четтөөгө жол берсе, же мындай четтөө Эл аралык жарандык авиация уюмунун кароосуна берилсе, анда экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлиги биринчи Макулдашуучу тараптын укуктарын бузбастан, 10 (2)-беренесине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлиги менен 18-беренеге ылайык консультацияларды өткөрүү жөнүндө өтүнүч менен бул шектенүү туудурган практикаларды алар үчүн пайдасы бар же жогун тактоо максатында кайрыла алат. Эки тараптуу бир макулдашууга келе албастык ушул Макулдашуунун 4 (1)-беренесин колдонуу үчүн негиз болот.
10-берене. Учуулардын коопсуздугу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап каалаган убакытта экипажга, аба кемелерине же аларды эксплуатациялоого тиешелүү ар кандай тармактарда экинчи Макулдашуучу тарап кабыл алган учуу коопсуздугунун стандарттарына карата консультацияларды өткөрүү өтүнүчү менен кайрылса болот. Мындай консультациялар мындай суранычтан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде өткөрүлөт.
2. Эгерде мындай консультациялардан кийин Макулдашуучу тараптын бири, экинчи Макулдашуучу тарап бардык тармактарда учуу коопсуздугунун стандарттарын натыйжалуу сактоону камсыз кылбаганын жана ошол убакка карата Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга шайкеш келбеген учуу коопсуздугунун стандарттарын колдонгонун аныктаса, анда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка бул минималдык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн зарыл болгон тыянактар, чаралар жана экинчи Макулдашуучу тарап тиешелүү оңдоочу чараларды көрө тургандыгы жөнүндө маалымдайт. Экинчи Макулдашуучу тараптын тиешелүү оңдоо чараларын 15 күндүн же макулдашылышы мүмкүн болгон узак мезгилдин ичинде аткарбашы ушул Макулдашуунун 4 (1)-беренесин колдонуу үчүн негиз болот.
3. Экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына/аймагынан учууларды аткарган бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын кайсыл болбосун аба кемеси экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында болгон учурда экинчи Макулдашуучу тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан аба кемесинин документтеринин жана экипаждын документтеринин (бул беренеде "рампалык инспекция" деп аталган) аныктыгын, ошондой эле аба кемесинин жана анын жабдууларынын сырткы абалын, мындай текшерүү негизсиз кармоого алып келбей турган шартта аба кемесинин бортунда да, анын сыртында да текшерилиши мүмкүн.
4. Эгерде кандай болбосун рампалык инспекцияны же рампалык инспекциялардын сериясын жүргүзүү төмөндөгүлөргө алып келсе:
a) аба кемеси же аба кемесин пайдалануу ошол учурга карата Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга шайкеш келбейт деген олуттуу коркунучка; же
b) ошол убакка карата Конвенцияга ылайык белгиленген учуу коопсуздугунун стандарттарын натыйжалуу колдоо жана башкаруу жок деген олуттуу коркунучка.
Конвенциянын 33-беренесинин максатында инспекция жүргүзгөн Макулдашуучу тарап ага ылайык бул аба кемесине же ушул аба кемесинин экипажына карата сертификат же күбөлүк берилген же ага ылайык аба кемеси пайдаланылган талаптар Конвенцияга ылайык белгиленген минималдык стандарттарга тең эмес же төмөн деген тыянак чыгарышы мүмкүн.
5. Эгерде ушул берененин 3-пунктуна ылайык бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясы тарабынан пайдаланылган аба кемесине рампалык инспекцияны жүргүзүү үчүн киргизүүдөн мындай авиакомпаниянын өкүлү баш тартса, экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 4-пунктунда эскертилген олуттуу көйгөйлөрдүн бар экендиги тууралуу тыянак чыгарат, бул бушаймандыктын пайда болушу үчүн негиз болот жана жогоруда аталган пунктунда эскертилген тыянактарга алып келет.
6. Эгерде биринчи Макулдашуучу Тарап рампалык инспекциянын, рампалык инспекциялардын серияларынын натыйжасында рампалык инспекцияны, консультацияларды жүргүзүү үчүн киргизүүдөн баш тартуу же кандайдыр бир жолдор менен авиакомпаниялар аткарган учуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон токтоосуз чараларды көрүү жөнүндө тыянактарга келсе, ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын пайдалануу уруксатынын колдонулушун дароо токтото туруу жана өзгөрүү укугун өзүнө калтырат.
7. Ушул берененин 2 жана 6-пункттарына ылайык Макулдашуучу тараптардын бири тарабынан көрүлгөн кайсыл чаралар болбосун бул чараларды көрүүгө негиз жок болгондо токтотулат.
11-берене. Колдонуучулардан алынуучу жыйымдар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпанияларынын өзүнүн компетенттүү органдары тарабынан аэропортту жана башка авиациялык каражаттарды пайдаланууда алынуучу же алууга уруксат берилген колдонуучулардан алынуучу жыйымдардын акыйкат жана акылга сыярлык болуш камсыздоого бардык күчүн жумшайт. Бул жыйымдар рационалдуу экономикалык принциптерге негизделет жана мындай кызмат көрсөтүүлөр үчүн башка авиакомпаниялар тарабынан төлөнгөн жыйымдардан ашпайт.
2. Бир дагы Макулдашуучу тарап окшош эл аралык аба каттамдарында иш жүргүзгөн өзүнүн менчик же башка авиакомпанияга(ларга) колдонуучулардан алынуучу жыйымдарга карата артыкчылык бербейт жана окшош аба кемелерин жана алар менен байланыштуу каражаттарды жана жабдууларды пайдалануу менен окшош эл аралык аба ташууларын жүргүзгөн өзүнүн менчик дайындаган авиакомпаниясынан(ларынан) алынуучу жыйымдардан ашкан колдонуучулардан алынуучу жыйымдарды экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясынан(ларынан) албайт жана алууга уруксат бербейт.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап каражаттарды жана жабдууларды колдонуучу дайындаган авиакомпаниялардан жыйымдарды чогултуучу компетенттүү органдардын ортосунда консультацияларды жүргүзүүнү колдойт. Мындай колдонуучуларга белгиленген мөөнөттө колдонуучулардан алынуучу жыйымдар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарын тиешелүү кошумча маалымат жана жыйымдар кайра каралганга чейин аларга өздөрүнүн ойлорун билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн билдирмелер менен бирге берүү мүмкүнчүлүгү берилет.
12-берене. Авиация коопсуздугу
1. Макулдашуучу Тараптар эл аралык укук боюнча өздөрүнүн укуктарына жана милдеттемелерине ылайык алар тарабынан бири-бирине карата алган жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо милдеттенмеси ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзө тургандыгын кайра ырасташат.
2. Макулдашуучу тараптар эл аралык укук боюнча өздөрүнүн укуктарынын жана милдеттенмелеринин жалпы колдонулушун чектебестен 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана башка айрым актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын жана 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу Эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттордогу мыйзамсыз зомбулук актыларына каршы күрөшүү жөнүндөгү 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган протоколдун жоболоруна жана эки Макулдашуучу тарап кошулган жарандык авиациянын коопсуздугун камсыз кылууну жөнгө салуучу башка каалагандай макулдашуулардын негизинде иштейт.
3. Макулдашуучу тараптар өтүнүч боюнча бири-бирине жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу актыларынын жана мындай аба кемелеринин, анын жүргүнчүлөрүнүн жана экипаждын, аэропорттордун жана аэронавигациялык каражаттардын коопсуздугуна каршы багытталган башка мыйзамсыз актыларынын жана жарандык авиациянын коопсуздугуна тийиштүү башка каалаган коркунучтарга каршы багытталган актылардын алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык жардамын көрсөтүшөт.
4. Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн ич ара мамилелеринде Эл аралык жарандык авиация уюму аныктаган авиация коопсуздугу боюнча жана Конвенцияга тиркеме катары аныкталган жоболорго ылайык Макулдашуучу Тараптарга колдонулуучу өлчөмдө иш алып барышат.
5. Мындан сырткары Макулдашуучу тараптар аларды каттоочу аба кемелеринин эксплуатанттары же негизги иш-аракеттеринин орду же туруктуу турган орду алардын аймагында болгон аба кемелеринин эксплуатанттары, ошондой эле алардын аймагында аэропорттордун эксплуатанттары Макулдашуучу тараптарга колдонулуучу авиация коопсуздугунун жоболоруна ылайык иш алып баруусун талап кылышат.
6. Ар бир Макулдашуучу тарап алардын аба кемелеринин эксплуатанттарына жогоруда 4-пунктта белгиленген авиациялык коопсуздук боюнча жоболорду сактоо жөнүндө ошол экинчи Макулдашуучу тарабынын аймагына келүүдө, кетүүдө же аймагында болгон учурда экинчи Макулдашуучу тарап колдонуучу талаптардын коюлушу мүмкүн экендигине макул болушат.
7. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында аба кемелерин коргоо үчүн жана өздөрүнүн жүргүнчүлөрүн, экипажды жана кол жүгүн текшерүүдө жана багаждын, жүктүн жана борттун эмеректерин конгонго чейин же бортко жүктөөдө коопсуздукка тийиштүү текшерүүлөрдү ишке ашырууда талаптагыдай чараларды натыйжалуу колдонууга кепилдик берет. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын ар кандай конкреттүү коркунуч менен байланышкан атайын коопсуздук чараларын керүү жөнүндөгү өтүнүчтөрүн позитивдүү караганга макул болот.
8. Жарандык аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу жана башка мындай аба кемелеринин, алардын жүргүнчүлөрүнүн, экипаждын, аэропорттордун жана аэронавигация каражаттарынын коопсуздуктарына каршы багытталган мыйзамсыз актыларга байланыштуу окуя же коркунуч пайда болгон учурда Макулдашуучу тараптар бири-бирине байланыштарды жеңилдетүү жана мындай окуяны же коркунучту өмүргө минималдуу тобокелдик келтирүү менен тез арада четтетүүгө багытталган башка тиешелүү чараларды көрүү аркылуу жардам беришет.
9. Ар бир Макулдашуучу тарап анын аймагында мыйзамсыз басып алуу актысына же кийлигишүүнүн башка мыйзамсыз актыларына кабылган экинчи Макулдашуучу тараптын аба кемелери, эгерде алардын чыгып кетүүсү өзүнүн жүргүнчүлөрүнүн жана экипаж мүчөлөрүнүн өмүрүн коргоодо негизги милдет менен шартталбаса, анда ошол жерде кармала тургандыгына кепилдик берүү үчүн зарыл деп эсептеген чараларды көрөт.
10. Эгерде бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапты ушул Берененин жоболорунан чыгып кетти деп санаганга негиздери жетиштүү болсо, биринчи Макулдашуучу тараптын авиация бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийликтери менен тез арада консультацияларды өткөрүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мындай өтүнүчтү алган учурдан баштап 15 (он беш) күндүн ичинде өз ара келишүүгө мүмкүн болбосо, анда бул ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 1-пунктун колдонууга негиз болот. Зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаалдын натыйжасында Макулдашуучу тарап убактылуу чараларды 4-берененин 1-пунктуна ылайык 15 (он беш) күн аяктаганга чейин көрө алат. Ушул пунктка ылайык көрүлгөн каалагандай чаралар экинчи Макулдашуучу тарап ушул Берененин коопсуздук менен байланышкан жоболорун аткарган учурда жокко чыгарылат.
13-берене. Коммерциялык иш
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары башка Макулдашуучу тараптын аймагына аба каттамдарын илгерилетүү жана аба транспорттук документтерди, ошондой эле аба каттамдарын камсыздоо үчүн керек болгон башка жардамчы продуктыларды жана каражаттарды сатуу максатында офистерди ачууга укуктуу.
2. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында өзүнүн башкаруучу, коммерциялык, техникалык, эксплуатациялоочу персоналдарын, сатуу боюнча бөлүмүн жана башка персоналдарды, ошондой эле аба каттамдарын берүү менен байланышкан керек болуп калуучу өкүлдөрдү ташып барууга жана ал аймакта калтырууга укуктуу.
3. Ушул Берененин 2-пунктунда аталган өкүлдөрдүн жана кызматкерлердин зарылчылыгы дайындаган авиакомпаниянын ыктыяры боюнча каалаган улуттагы өзүнүн жеке персоналы же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында иштеген жана мындай экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында мындай кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө уруксаты бар каалаган башка авиакомпанияны, уюмду же компанияны пайдалануу аркылуу камсыздалышы мүмкүн.
4. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары түздөн-түз, же өзүнүн ыктыяры боюнча агенттер аркылуу экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында авиа каттамдарды жана алардын көмөкчү продуктыларын жана каражаттарын сатууга катышууга укуктуу. Бул максаттарда дайындаган авиакомпаниялар өзүнүн менчик ташуучу документтерин пайдаланууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары сатууга укугу бар жана каалагандай жак мындай ташууларды жана алардын көмөкчү продуктуларын жана каражаттарын жергиликтүү валютада же башка каалаган эркин конвертирленген валютада сатып алууга укуктуу.
5. Бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жергиликтүү чыгымдарды жергиликтүү валютада же валюталык жөнгө салуунун жергиликтүү эрежелерине ылайык каалагандай эркин конвертирленген валютада төлөгөнгө укуктуу.
6. Ар бир Макулдашуучу Тарап аймагынын чегинде брондоонун автоматташтырылган тутумуна тийиштүү башка колдонулган эрежелер жана милдеттемелер менен айкалышкан брондоонун автоматташтырылган тутумун пайдаланууну жөнгө салуу боюнча Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан түзүлгөн Жүрүм турум кодексин колдонот.
7. Дайындаган авиакомпаниялар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ташууларды аткарууда жүргүнчүлөрдү каттоого карата өзүнүн жер бетиндеги тейлөөлөрүн ишке ашырууга укуктуу. Бул укук контролдонуучу зонада жер бетиндеги тейлөөнү камтыбай жана аэропорттун коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту жана аэропорттун инфратүзүмүн камсыз кылуу боюнча талаптар менен шартталган чектөөчү шарттарда гана көрсөтүлөт. Эгерде учуунун коопсуздугун, авиация коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерди кароо ушул пунктта эскертилген укуктарды ишке ашырууга тоскоолдук кылса, анда мындай жер бетиндеги тейлөө окшош эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу кандай болбосун авиакомпанияларга артыкчылык берилбестен же басмырлабастан көрсөтүлөт.
8. Ушул берененин 7-пунктуна ылайык берилүүчү укуктарга өз ара негизде жана кошумча, бир Макулдашуучу тараптын ар бир дайындаган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ошол Макулдашуучу тараптын компетенттүү органдары жер бетиндеги кызматтарды жалпысынан же жарым жартылай көрсөтүүгө ыйгарым укук берген жер бетинде тейлөө боюнча атаандашкан агенттердин каалаганын тандоого укуктуу.
9. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына ушул берененин 7-пунктунда каралган жер бетиндеги тейлөө боюнча кызматтарды экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында ошол эле аэропортту тейлеген башка авиакомпанияларга толук же жарым-жартылай көрсөтүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
10. Жогоруда айтылган бардык иш-чаралар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында колдонулган мыйзамдарга жана ченемдерге ылайык жүргүзүлөт.
14-берене. Каражаттарды которуу маселелери
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына кирешелердин чыгашалардан ашкан, мындай авиакомпаниялардын өздөрүнүн аймактарында аба менен ташуу кызмат көрсөтүүлөрүн сатуудан жана башка көмөкчү продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан алынган, ошондой эле мындай кирешелерден алынган коммерциялык кызыкчылыктардын (анын ичинде которууну күткөн депозиттер боюнча пайыздар) суммаларын эркин которууга укук беришет. Мындай которуулар Макулдашуучу тараптын валюталык жөнгө салуу шарттарына ылайык киреше алынган аймакта каалаган конвертирленген валютада жүргүзүлөт. Мындай которуу расмий алмашуу курстарынын негизинде жүргүзүлөт, ал эми расмий курс жок болгон жерде мындай которуулар учурдагы төлөмдөр үчүн рынокто басымдык кылган алмашуу курсунун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Эгерде Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган чыгашаларынын үстүнөн кирешелерди ашыруунун эсебинен алынган суммаларды которууга чектөөлөрдү койсо, анда акыркысы биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына ушул сыяктуу чектөө коюуга укуктуу.
3. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда кош салык салууну четтетүү жөнүндө атайын макулдашуу болсо, же Макулдашуучу Тараптардын ортосунда каражаттарды которууну жөнгө салуучу атайын макулдашуу болсо, анда мындай Макулдашуу артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
15-берене. Расписаниени бекитүү
1. Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары өздөрүнүн рейстерин ачууга чейин экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлигинин бекитүүсүнө учуулардын жыштыгын, аба кемесинин тибин жана иштөө мөөнөтүн көрсөтүү менен болжолдонгон учуулардын расписаниесин берет. Бул талап бардык ага киргизилүүчү өзгөртүүлөргө карата колдонулат.
2. Эгерде дайындаган авиакомпания бекитилген расписаниеде каралгандарга кошумча атайын учууларды аткарууга ниеттенсе, анда бул авиакомпания мындай суроо-талапты оң жагына чече турган кызыкдар Макулдашуучу тараптын авиация бийликтеринен алдын ала уруксат алышы керек.
16-берене. Тарифтер
1. Ар бир Макулдашуучу тарап рынокко карата түзүлгөн коммерциялык максаттардын негизинде ар бир дайындаган авиакомпаниялар тарабынан белгиленүүчү тарифтерге жол берет. Макулдашуучу тараптардын бири дагы дайындаган авиакомпаниядан ал алган же алууга сунуштаган тарифтери боюнча башка авиакомпаниялар менен консультация алуусун талап кылбайт.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап авиация бийлигине анын аймагына учуп келүүдө жана учуп чыгууда эки Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниялары тарабынан алынуучу тарифтерди алдын ала берүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай талап дайындалган авиакомпаниядан же анын атынан тарифтин күчүнө кириши болжолдонгон датадан 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен суралышы мүмкүн. Айрым учурларда мындай талапты адатынча керектелгенден кыйла кыска мөөнөттөрдө берүүгө уруксат болот. Эгерде Макулдашуучу тарап авиакомпанияга кыска мөөнөттүн ичинде тарифтерди берүүгө уруксат берсе, анда тарифтер ушул Макулдашуучу тараптын аймагынан чыккан ташуулар үчүн сунушталган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, Макулдашуучу тараптардын бири дагы эл аралык аба каттамында Макулдашуучу тараптардын бири дайындаган авиакомпаниялары тарабынан алынуучу тарифтерди колдонууну баштоонун же аны улантуунун алдын алуу боюнча бир жактуу чараларды көрбөйт.
4. Макулдашуучу тараптардын кийлигишүүсү төмөнкүлөр менен чектелүүгө тийиш:
а) атаандашуучу тарапка зыян келтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген же атаандашуучу тарапты маршрутту пайдалануудан четтетүүгө алып келген атаандаштык мамилелерине каршы болгон тарифтерди колдонуунун алдын алуу;
б) үстөмдүк кылуучу абалды кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу негизсиз кымбат же чектөөчү мүнөзгө ээ болгон баалардан керектөөчүлөрдү коргоо; жана
в) жасалма түрдө арзандатылган бааларды дайындаган авиакомпанияларды коргоо.
5. Эгерде Макулдашуучу тарап эл аралык аба ташууларында экинчи Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпаниясы тарабынан алууга, сунушталган баалар ушул Берененин 4-пунктунда аталган максаттарга шайкеш келбейт деп эсептесе, анда Макулдашуучу тарап консультацияларды өткөрүү боюнча суроо-талап жибериши керек жана мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде өзүнүн нааразычылыгынын себептери жөнүндөгү билдирүүнү экинчи Макулдашуучу тарапка жөнөтөт. Мындай консультациялар суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт жана Макулдашуучу тараптар бул маселени негиздүү чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташат. Эгерде Макулдашуучу тараптар нааразычылык жөнүндөгү билдирүү жиберилген баалар боюнча макулдашууга келишсе, анда ар бир Макулдашуучу тарап мындай макулдашуунун күчүнө кириши үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Мындай өз ара пайдалуу макулдашуу жок болгон учурда, мурдагы баалар колдонулат.
17-берене. Маалымат алмашуу
1. Эки макулдашуучу Тараптын тең авиация бийликтери мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына, аймагы аркылуу, аймагынан жүзөгө ашырылуучу ташуулар боюнча алардын дайындаган авиакомпанияларына берилген колдонуудагы уруксаттар боюнча маалыматтар менен алмашат. Мындай маалымат сунушталган маршруттар боюнча ташууларды жүзөгө ашырууга берилген колдонуудагы сертификаттардын жана уруксаттардын көчүрмөлөрүн, анын ичинде өзгөртүүлөрдү же аларды бошотуу жөнүндө буйруктарды өзүнө камтыйт.
2. Бир Макулдашуучу тараптын авиация бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын авиация бийлигине алардын өтүнүчү боюнча экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы ташуулардын, жүктөөнүн жана жүктү түшүрүүнүн статистикасына карата зарыл болгон мезгилдүү же башка отчетторду берет.
18-берене. Консультациялар
1. Тыгыз кызматташтык маанайында Макулдашуучу тараптардын авиация бийликтери мезгил-мезгили менен ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууну жана канааттандыраарлык сактоону камсыз кылуу максатында бири-бири менен консультацияларды өткөрүшөт жана Макулдашуучу тараптын экөөсү тең каалаган убакытта ушул Макулдашууну ишке ашырууга, чечмелөөгө, колдонууга же өзгөртүүгө тиешелүү консультацияларды өткөрүү боюнча суроо-талап кылууга укуктуу.
2. Эгерде эки Макулдашуучу тарап башкалар тууралуу макулдашып алышпаса, анда 4, 10, жана 12-беренелерге ылайык талкуулоо жолу менен же өз ара жазышуу аркылуу өтүлүшү мүмкүн болгон мындай консультациялар тиешелүү суроо-талап келип түшкөн учурдан тартын 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталышы керек.
19-берене. Талаштарды жөнгө салуу
1. Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу боюнча талаш-тартыштар пайда болгон учурда Макулдашуучу тараптар биринчи кезекте талаш-тартышты сүйлөшүү жолдору менен жөнгө салууга умтулушат.
2. Эгерде Макулдашуучу тараптар сүйлөшүү жолу менен талашты жөнгө сала алышпаса, анда алар бул талашты чечүү үчүн айрым жактардын же органдын кароосуна ортомчу катары берүү жөнүндө макулдаша алышат.
3. Эгерде Макулдашуучу тараптар ортомчулукка макул болушпаса, же талашты чечүү сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салууга болбосо, анда талаш Макулдашуучу тараптын биринин өтүнүчү боюнча 3 (үч) арбитрден турган соттун чечимине өткөрүп берет, ал төмөнкүдөй түзүлөт:
а) арбитраж жөнүндө өтүнүч алынгандан кийин 60 (алтымыш) күндүн ичинде ар бир Макулдашуучу тарап бирден арбитрди дайындайт. Соттун Төрагасынын милдетин аткарган үчүнчү мамлекеттин жараны, экинчиси дайындалгандан кийин 60 (алтымыш) күндүн ичинде эки дайындалган арбитр тарабынан үчүнчү арбитр катары дайындалат;
б) эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде дайындоолор болбосо, анда Макулдашуучу тараптардын ар бири Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин президентинен 30 (отуз) күндүн ичинде дайындоонун зарылдыгы жөнүндө суранууга укуктуу. Эгерде президент Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин жараны болуп эсептелсе, анда буга окшогон негиздер боюнча дисквалификация болбогон эң улуу вице-президент дайындоону аткарат. Мындай учурда жогоруда аталган президент же вице-президент тарабынан дайындалган арбитр же арбитрлер шартка жараша ушул Макулдашууга катышкан мамлекеттин жараны же туруктуу резиденти болбошу керек.
4. Ушул Беренеде каралган учурларды кошпогондо, же болбосо эгерде Макулдашуучу тараптар башкалар тууралуу макулдашып алышпаса, сот териштирүү өткөрүлүүчү жерди жана өзүнүн юрисдикциясынын чегин ушул Макулдашууга ылайык аныктайт. Сот өзүнүн жол-жобосун аныктайт. Арбитражда карала турган маселелерди так аныктоо боюнча конференция сот толук түзүлүп бүткөндөн кийин 30 (отуз) күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.
5. Эгерде Макулдашуучу тараптар башкалар тууралуу макулдашып алышпаса же сотто аныкталбаса, анда ар бир Макулдашуучу тарап сот толук түзүлүп бүткөндөн кийин 45 (кырк беш) күндүн ичинде меморандумду берет. Жооптор 60 (алтымыш) күндүн ичинде берилет. Макулдашуучу тараптардын ар биринин өтүнүчү боюнча же өзүнүн ыктыяры боюнча жооптор алынгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде сот угууларын өткөрөт.
6. Эгерде эки тарап тең жоопторду бергенден кийин 30 (отуз) күндөн соң угуулар өткөрүлбөсө, анда сот угуулар бүткөндөн кийин 30 (отуз) күндүн ичинде жазуу жүзүндө уруксат берүүгө аракеттенет. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынышы керек.
7. Макулдашуучу тараптар соттун чечимин алгандан кийин 15 (он беш) күндүн ичинде чечим боюнча түшүндүрмө берүү жөнүндө суроо-талап берүүгө укуктуу жана мындай түшүндүрмө суроо-талап алынган датадан кийин 15 (он беш) күндүн ичинде берилиши керек.
8. Макулдашуучу тараптар бардык сүйлөшүп алынгандарды, алдын ала токтомдорду же соттун акыркы чечимдерин сактоого тийиш.
9. Соттун акыркы чечимине ылайык Макулдашуучу тараптар өздөрүнүн арбитрлери боюнча кеткен чыгымдарды жана соттун чыгымдарын тең бөлүшүп, анын ичинде ушул берененин 3(б) пунктунда жазылган жол-жоболорду ишке ашырууда Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин президентине же вице-президентине кеткен чыгымдарды төлөшөт.
10. Эгерде Макулдашуучу тараптын бири ушул берененин 8-пунктунда каралган чечимди аткарышпаса, экинчи Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун алкагында ал берген ар бир укукту же артыкчылыгын чектейт, токтотот же кайрадан чакырып алат.
20-берене. Макулдашууга оңдоп түзөөлөр
1. Ушул Берененин 2-пунктунун жоболорун эсепке алуу менен эгерде каалаган Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун кандайдыр бир жоболорун өзгөртүү керек деп санаса, анда мындай оңдоолор 18-Берененин жоболоруна ылайык макулдашылышы керек жана дипломатиялык нотаны алмашуу жолу менен аткарылышы керек, ошондой эле Макулдашуучу тараптар аныктаган датадан баштап күчүнө кириши шарт, бул дата ар бир Макулдашуучу тараптын ратификация боюнча тиешелүү ички жол-жоболорунун аякташына жараша аныкталышы зарыл.
2. Ушул Макулдашуунун Тиркемесине киргизиле турган бардык оңдоолор Макулдашуучу тараптардын авиация бийликтеринин ортосунда түздөн-түз макулдашылышы керек. Мындай оңдоолор макулдашылган датадан кийин күчүнө кирет.
3. Ушул Макулдашууга зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилген шартта ал эки Макулдашуучу тарап үчүн милдеттүү болгон каалаган эл аралык конвенциянын же көп тараптуу макулдашуунун жоболоруна ылайык өзгөртүлдү деп эсептелет.
21-берене. Каттоо
Ушул Макулдашуу жана Тиркемеге кирген оңдоолорду кошпогондо ага карата каалаган оңдоолор Макулдашуучулар тарабынан каттоо үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмуна сунушталышы керек.
22-берене. Колдонулушун токтотуу
1. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапты дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу чечими жөнүндө каалаган убакытта кабардар кылууга укуктуу. Мындай билдирүү бир эле учурда Эл аралык жарандык авиация уюмуна да берилиши керек. Бул учурда Макулдашуунун колдонулушу экинчи Макулдашуучу тарап мындай билдирүүнү алган күндөн 12 (он эки) айдан кийин, эгерде токтотуу жөнүндө билдирүү бул мөөнөттүн ичинде кайрадан макулдашуу менен чакырылып алынбаса, токтотулат.
2. Макулдашуучу тарабынан токтотуу жөнүндө билдирүүнү алгандыгын аныктаган далил жок болсо, Эл аралык жарандык авиация уюму билдирүүнү алгандан кийин 14 (он төрт) күндөн кийин билдирүү алынды деп эсептелет.
23-берене. Күчүнө кирүү
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап алдын ала күчүнө кирет жана Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү ички жол-жоболор толугу менен аткарылгандыгы тууралуу дипломатиялык нота боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынгандан кийин толук күчүнө кирет.
Жогорудагыларды ырастоо үчүн өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укуктуу төмөнкүдө кол койгондор, ушул макулдашууга эки нускада араб, кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ жана ар бир Тарап колдонуу үчүн ар бир тилде бирден түп нускасын өзүндө сактап калат. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
______________________ шаарында, _______________________________________ кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн атынан |
Тиркеме
1-секция:
Бириккен Араб Эмираттары дайындаган авиакомпания(лар) тарабынан эксплуатациялануучу маршруттар
Чыгуу | Орто аралык пункттар | Келүү | Чектерден тышкаркы пункттар |
БАЭдеги каалаган пункттар | Каалаган пункттар | Кыргыз Республикасындагы каалаган пункттар | Каалаган пункттар |
2-секция:
Кыргыз Республикасы дайындаган авиакомпания(лар) тарабынан эксплуатациялануучу маршруттар
Чыгуу | Орто аралык пункттар | Келүү | Чектерден тышкаркы пункттар |
Кыргыз Республикасындагы каалаган пункттар | Каалаган пункттар | БАЭдеги каалаган пункттар | Каалаган пункттар |
Макулдашылган каттамдарды эксплуатациялоо
1. Макулдашуучу тараптардын дайындаган авиакомпаниясы(лары) өз ыктыяры боюнча кайсы болбосун же бардык рейстерди бир же эки тараптуу багытта колдоно алат; орто аралык пункттарда жана чектерден тышкары пункттарга кайсы болбосун айкалышта жана кайсы болбосун тартипте маршруттар боюнча учууларды аткарат; кайсы болбосун же бардык орто аралык пункттарга же чектен тышкары пунктка(тарга) чакырууну өткөрө алат; Макулдашуучу тараптын аймагында жана/же ал аймактын чегинен тышкары башка пунктка учууларды аткарууну токтото аларт; ар бир Макулдашуучу тараптын аймагынын пункттарында, чектеринен тышкары кайсы болбосун айкалышта учууну аткара алат; алар колдонгон кайсы болбосун аба кемелеринен ташууларды кайсы болбосун аба кемелерине, кайсы болбосун пунктка же пункттарга бере алат; бир аба кемесин эксплуатациялоо алкагында ар кандай рейстердин номерлерин айкалыштыра алат, ошондой эле жеке өзүнүн же ижарадагы аба кемелерин колдоно алат.
2. Эки Макулдашуучу Тараптын дайындаган авиакомпаниясы(лары) кайсы болбосун ташуу типтери (жүргүнчүлөр, жүктөр, өзүнчө же айкалышта) кайсы болбосун орто аралык пункттарга же пункттун(тардын) чегинен тышкары кандайдыр бир чектөөсүз аба эркиндигинин бешинчи даражасын ишке ашырууга укуктуу.
3. Бул Тиркемеде эч нерсе ар бир Макулдашуучу тараптын дайындаган авиакомпанияларына аба эркиндигинин жетинчи даражасын колдонуу менен учууларды аткаруу укугу катары каралбашы керек.