Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-декабры № 553-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтү мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып;
эки мамлекеттин өз ара пайдасы үчүн экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү каалоо менен;
экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагыңдагы биринчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлорунун инвестиииялары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого ниеттенип,
Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин экономикалык жактан гүлдөп өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында бул инвестицияларды кеңейтүү жана колдоо зарылдыгын таанып;
экономикалык ресурстарды пайдалануунун жана жашоо стандарттарын жакшыртуунун натыйжалуулугун жогорулатууну инвестициялоо жана дем берүү үчүн стабилдүү базаны колдоо максаттарында инвестицияга карата адилеттүү жана бирдей укуктагы режимди көрсөтүү зарылдыгына макул болуу менен,
төмөнкүлөр женүндө макулдашты:
1-берене Аныктамалар
Макулдашуунун максаттары үчүн, эгерде башкача каралбаса, төмөнкү терминдер жана түшүнуктөр тиешелүү маанилерге ээ:
1. "Инвестор" термини ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекеттерине карата колдонулат:
а) башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында инвестициясын ишке ашыруучу, Макулдашуучу тараптардын бириннн мамлекетинин жараны болуп саналган каалаган жеке адам;
б) бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында каттоодон өткөн же уюмдаштырылган (түзүлгөн), экинчи Макулдашуучу тараптын
улуттук мыйзамдарына ылайык ошол аймакта өзүнүн инвестициясын ишке ашырган каалаган жеке жак;
в) мындан тышкары, "юридикалык жактар" өзүнө өкмөттү, расмий мекемелерди, улуттук байгерчилик фонддорун, Макулдашуучу тараптардын же инвестордун контролдоосун ишке ашырган үчүнчү тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык негизделген же түзүшгөн трасттык фонддорду жана уюмдарды камтыйт.
2. "Инвестиция" термини экинчи Макулдашуучу тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык, ошол мамлекеттин аймагына биринчи Макулдашуучу тараптын инвестору тарабынан салынган мүлктүк баалуулуктардын бардык түрүн билдирет, анын ичинде төмөнкүлордү камтыйт:
а) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр;
б) акциялар, салымдар жана коммерпиялык уюмдардын капиталына катышуунун башка формалары;
в) экономикалык баалуулуктарды түзүү' үчүн салынган акча каражаттары же экономикалык баалуулуктарга ээ болгон жана инвестициялар менен ассоциацияланган келишимдер боюнча талап кылуу укугу;
г) интеллектуалдык жеке менчикке өзгөчө укуктар (автордук укук, патенттер, өнөр жай үлгүлөрү, моделдер, товардык белгилер, тейлөөнүн,
технологиянын белгилери, коммерциялык баалуулуктарга ээ болгон маалымат жана ноу-хау);
д) жаратылыш ресурстарын чалгындоо, иштетүү, өндүрүү жана пайдалануу менен байланышкан ишти жүзөгө ашырууга карата мыйзамдардын же келишимдердин негизинде берилүүчү ишмердик ишке укуктар.
3. "Кирешелер" термини инвестициядан алыпган кирешелерди билдирет жана пайданы, дивиденддерди, пайыздарды, капиталдын өсүшүнөн алынган кирешелерди, роялтинин пайыздарын жана башка төлөмдөрдү камтыйт.
4. "Эркин конвертирленүүчү валюта" термини Эл аралык валюта фондунун классификациясына ылайык эл аралык транзакциялардын төлөмдөрүн жүзөгө ашырууда кеңири колдонулуучу валютаны түшүндүрөт.
5. "Аймак" термини:
а) Кыргыз Республикасына карата эл аралык укуктун шарттарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык анын эгемендүүлүгүнө жана юрисдикциясына таандык болгон жерди, ички сууларды, жер казыналарды, анын үстүндөгү аба мейкиндигин
түшүндүрөт;
б) Катар Мамлекетиие карата эл аралык укуктун шарттарына жана Катар Мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын эгемендуүлугүнө жана юрисдикциясына таандык болгон жерди, ички жана аймактык сууларды, кем катмарларды жана жер казыналарды, анын
үстүндөгү аба мейкиндигин, анын ичинде экономикалык зонаны жана континенталдык шельфти түшүндүрөт.
6. Инвестициялоонун же реинвестициялоонун формасын каалагандай өзгөртүү инвестициялар катарында алардын квалификациясына таасирин тийгизбеши керек, мында бул өзгөрүү ушул Макулдашуунун шарттарына жана инвестициялоо жүзөгө ашырылган аймактагы Макулдашуучу тараптын мамлекетпнин улуттук мыйзамдарына карты келбеши керек.
7. "Үчүнчү тарап" термими Макулдашуучу тараптар же ушул Макулдашуунун катышуучулары болуп саналбаган инвесторлорго же мамлекеттерге карата колдонулат.
2-берене
Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
Бул Макулдашуу ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетпнин инвесторлору тарабынан экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында анын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылган бардык инестицияларга жана инвесторлорго карата ушул Макулдашуу күчүнө киргенче чейин жана андан кийин дагы колдонулат.
Бул Макулдашуу анын күчүнө киришине чейин пайда болгон ар кандай талаш-тартыштарга карата колдонулбайт.
3-берене
Инвестнцияны илгерилетүү жана коргоо
1. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагына инвестицияларды тартуу үчүн экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин инвесторлору үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана мүмкүнчүлүгүнө жараша аларга колдоо көрсөтүп, мындаи инвестицияларды акыркысынын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алат.
2.Эгерде Макулдашуучу тараптын бири өзүнүн аймагында инвестицияларды тааныса, анда ал өзүнүн мыйзамдарына ылайык мындай инвестициялар жана техникалык, коммерциялык же административдик жардам берүү чөйрөсүндө лицензиялык макулдашууларды жана байланышууларды аткаруу менен байланышкан зарыл болгон уруксаттык документтерди берет. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык зарылдыгына жараша консультанттардын жарт чет өлкөнүн жарандыгындагы башка квалификациялуу жактардын иши менен байланышкан зарыл болгон уруксаттык документтерди берүү боюнча күч-аракетнн жумшайт.
3. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу ар бир Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвестицияларына жана инвесторлордун кирешелерине адилеттүү жана тен укуктуу режим берилет, ошондой эле экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында толук коргоо жана коопсуздук камсыз кылынат.
4. Макулдашуучу тараптардын бири дагы экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлорунун инвестнцияларын өзүнүн аймагында жүзөгө ашырууга, башкарууга, пайдаланууга, тескөөгө же жоюуга негизделбеген же басмырлоочу чаралар аркылуу тоскоолдук жаратпайт.
4-берене Инвестициялык режим
1. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвестицняларына жана инвесторлорунун кирешелерине өзүнүн инвесторлоруна жана кирешелерине, ошондой эле үчүнчү тараптардын кирешелерине берилүүчү жагымдуу шарттан начар эмес режимди инвесторлор үчүн кайсынысы кыйла жагымдуу болуп эсептелээрине карабастан камсыз кылууга милдеттүү.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлоруна өзүнүн инвестицияларьн башкаруу, тейлөө, пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укугуна карата адилеттүү жана тең укуктуу режимди берет, ал режим жергиликтүү инвесторлор үчүн кыйла жагымдуу болуп эсептелээрине карабастан инвесторлорго берилүүчү режимден кем болбошу керек.
3. Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна учүнчү тараптын инвесторлоруна бершгүучү жагымдуу шартгардан кем эмес режимди камсыз кылат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-пункттарында каралган режим бир Макулдашуучу тараптын экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна
же алардын инвестицияларына карата төмөнкүлөрдөн келип чыккан ар кандай режимди, жеңилдиктерди же артыкчылыктарды колдонуу милдети катары чечмеленбеши керек:
а) учурдагы жана келечектеги бажы союзуна, жалпы рынокко же валюта союзуна мүчөлүктөн же катышуудан, же;
б) салык салуу маселесине жарым-жартылай же толугу менен тиешеси бар каалаган эл аралык макулдашуудан же келишимден же салык
салуу маселесине жарым-жартылай же толугу менен тиешеси бар улуттук мыйзамдардан.
5-берене
Экспроприациялар жана компенсациялар
1. Ар бир Макулдашуучу тарап коомчулуктун кызыкчылыгында чараларды көрүүнү кошпогондо жана мындай иш-аракеттер мыйзамдардын процесстик ченемдерине шайкеш келген жана басмырлоочу мүнөзүнө ээ болбогон жана талаптагыдай, реалдуу компенсация караштырылган шартта экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвестицияларына карата экспроприациялоо, мамлекеттештирүү боюнча же кандайдыр бир эквиваленттүү натыйжа менен чараларды (мындан ары - "Экспроприациялоо") көрбөөгө милдеттенет. Мындай компенсациянын өлчөмү экспроприациялоонун алдында же күтүлүүчү экспроприациялоо жөнүндө маалымат коомчулукка белгилүү болгон учурдан тартьш түздөн-түз экспроприациялануучу инвестициялардын рыноктук наркына буга чейин болгон окуяларга жараша (мындан ары - "баалоо датасы") шайкеш келиши керек.
2. Компенсациянын көрсөтүлгөн суммасы инвестордун тандоосу боюнча эркин пайдалануудагы валютада бааланышы жана баалоо датасына карата ушул валютанын рыноктук баасы менен эквиваленттүү болушуу керек. Компенсация кечиктирилбестен, өз убагында төлөнүп берилиши жана инвестордун тандоосу боюнча конвертирленген валютага эркин которулушу керек. Компенсация экспроприациялоо учурунан тартып төлөм жүргүзүлгөнгө чейин 6 айдын ичннде LIBOR белгиленген коюм боюнча өзүнө пайыздарды камтышы керек.
3.Эгерде Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык ошол тараптын мамлекетинин аймагында катталган юридикалык жактын активдерин экспроприацияласа, анда Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвестору акцияларга ээ болсо же аларга катышса, анда ал мындай инвесторлорго адилеттүү жана анын инвестицияларына карата тиешелүү компенсацияны кепилдеген ушул берененин жоболору менен камсыздалууга тийиш.
4. Ар бир Макулдашуучу тараптын ивесторлорунун экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы инвестицияларына согуштуп же башка куралдуу чыр-чатактардын, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдын, революциянып, кетөрүлүштүн, массалык тартипсиздиктин кесепетинен жоготууларга учураса, реституцияга, ордун толтурууга, компенсациялоого карата өзүнүн инвесторлоруна же башка үчүнчү тараптын инвесторлоруна түзүп берген шарттардан кем эмес жагымдуу шарттарды түзүп беришет.
5. Тийиштүү төлөмдөр рыноктук алмашуу курсу боюнча инвестордун каалоосу менен эркин пайдалануучу валютада кечиктирилбестен которулуп берилиши керек.
6-берене Которуулар
1. Макулдашуучу тараптын ар бири экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлоруна анын аймагындагы жүргүзүлгөн бардык инвестицпяларга акча каражаттарын эркин которууга жана экинчи Макулдашуучу Тараптын инвесторлордун инвестицияга байланышкан акча каражаттарын кечиктирбестен эркин которууга кепилдик беришет. Мындай төлөмдөр төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, бирок аларды чектебейт:
а) баштапкы капитал жана инвестицияларды колдоо жана көбөйтүү үчүн колдонулуучу капиталдын кошумча суммасы;
б) кирешелер;
в) инвестиция менен байланышкан ар кандай пайыздарды кошо алганда. кредиттерди төгүү боюнча төлөмдөр;
г) алардын акцияларын сатуудан түшкөн пайда;
д) бардыгын же кайсы бир бөлүгүн сатуудан же жоюудан кийин инвесторлор алган кирешелер;
е) Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин жеке адамынын же экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында инвестиция менен иштеп жаткан чет өлкөдөн келген башка персоналдын эмгек акысы;
ё) ипвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салууда пайда болгон төлөмдөр;
ж) ушул Макулдашуунун 5-беренесине ылайык компенсациялар.
2. Которуулар ушул Макулдашууга ылайык, инвестордун каалоосу боюнча, которуу жүргүзүү учурунда колдонуудагы рыноктук алмашуу курсу боюнча кечиктирилбестен, эркин алмашылуучу валютада жүргүзүлөт.
3. Макулдашуучу тараптар ушул берененин 1 жана 2-пункттарында айтылгандай ар кандай үчүнчү мамлекеттин инвесторлоруна которуу режимдеринен кем эмес жагымдуу режим түзүп беришет.
7-берсне Суброгация
1.Эгерде бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында өзүнүн инвесторлорунун биринин инвестицияларына карата
коммерциялык эмес тобокелге кандайдыр бир каржылык кепилдик берсе жана ушул Макулдашууга ылайык инвестордун чыгымдарын төлөсө,биринчи Макулдашуучу тарабынан бул кепилдик боюнча төлөөлөр жүргүзүлгөн учурда суброгациялоо принцибинин негизинде биринчи
Макулдашуучу тараптын инвесторунун укугуна ээ болуу укупи экинчи Макулдашуучу тарап таанууга тийиш.
2. Суброгация учурунда ушул берененин 1-пунктунда аныкталгандай, инвестор доо талабын коюуга укуксуз, эгер ал Макулдашуучу тараптын ыйгарым укугун албаса же агенттик тарабынан дайындалбаса.
8-берене Артыкчылыктардан баш тартуу
Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашуу боюнча берилген артыкчылыктардан бнлдирүү берүү аркылуу баш тарта алышат:
1. Бул Макулдашуучу тараптын мамлекетинин юридикалык жаты болуп саналган экинчи Макулдашуучу тараптын инвестору, эгерде ошол юридикалык жак үчүнчу мамлекеттин инвесторунун менчигинде же көзөмөлүндө турса, юридикалык жак жана баш тартуучу Макулдашуучу тарап үчүнчү мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди колдобойт.
2. Макулдашуучу тараптын мамлекетинин юридикалык жагы болуп саналган, экинчи Макулдашуучу тараптын инвестору, эгерде Үчүнчү мамлекеттин инвесторунун жеке менчигинде болсо же юридикалык жакты көзөмөлдөөнү ишке ашырса,бул юридикалык жак Макулдашуучу Тараптардын мамлекетинин аймагында кандайдыр бир ишкердик иш-аракеттерди жүргүзбөсө.
9-берене
Бир Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун ортосундагы талаштарды жөнгө салуу
1. Бир Макулдашуучу тарап менен экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторунун ортосунда инвестицияларга тийиштүү ар кандай укуктук талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек.
2. Эгер мындай талаш-тартыштар ушул берененин 1-пунктуна ылайык кат жүзүндө кайрылуу берилген күндөн тартып 3 (үч) айдын аралыгында чечилбесе, инвестор талаш-тартышты төмөнкүлөрдүн кароосуна бериши мүмкүн:
а) чечүү үчүн Макулдашуучу тараптын мамлекетинин компетенттүү сотуна, же;
б) эгер Макулдашуучу тараптардын мамлекеттери 1965-жылдын 18-мартында Вашингтон шаарында кол коюлган, Мамлекеттер менен чет өлкөлүк жактардын ортосундагы инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча конвенцияга ылайык түзүлгөн Инвестициялык талаш-
тартыштарды жөнгө салуучу эл аралык борборго, эгерде Конвенция Макулдашуучу тарантарга колдонулса, же;
в) Эл аралык соода укугу боюнча БУУнун Комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) арбитраждык эрежелери боюнча түзүлгөн "ad hoc" арбитраждык сотуна.
3. 2-берененин в) пунктунда көрсөтүлгөн "ad hoc" арбитраждык соту төмөнкүдөй жол менен белгиленет:
а) талашта ар бир тарап бирден арбитр тандашат жана ушундай жол менен дайындалгаң эки арбитр макулдашуу менен үчүнчү мамлекеттин
жаранынан үчүнчү арбитрди дайындашат, ал Макулдашуучу эки тараптын тең Арбитраждык сотунун төрагасы болуп дайындалат. Бардык арбитрлер тараптардын бири талаштарды карап чыгуу үчүн арбитражга берүү ниети жөнүндө экинчи тарапка кабар берген күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде дайындалышы керек.
б) Эгер ушул пункттун 3-пунктчасында аныкталган мөөнөттөр сакталбаса, Макулдашуучу тараптын кимиси болсо да зарыл болгон дайындоолорду жургүзүү үчүн Макулдашуучу тараптардын эч биринин мамлекетинин жараны болбогон Гаагадагы Арбитраждык сотун Башкы
катчысын же Вице катчысын чакырат.
в) "ad hoc" Арбитраждык сот өз чечимдерин добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алат. Бул чечимдер акыркы болот жана Макулдашуучу эки тарап тең аткарууга милдеттүү. Чечимдер ушул Макулдашуунун жоболоруна жана Макулдашуучу тараптардын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Чечимдер төмөнкү тартиптерге ылайык кабыл алынууга тийиш: биринчиден, ушул Макулдашуунун жоболоруна, экинчиден, Эл аралык укуктун принциптерине. Эгер өзгөчө жагдайларга ылайык арбитраждык сот башка чечим чыгарбаса, талапттагы ар бир Тарап арбитраждык териштирүүдө өкүлчүлүгүнүн чыгымдарын тартышат; арбитрлердин баасын жана башка чыгымдарды талаштын Тараптары бирдей үлүштө тартышат.
г) Арбитраждык сот Макулдашуучу тараптардын кимисинин болсо да суроо-талабы боюнча Макулдашуучу тараптардын мамлекетинин
компетенттүү сотунун чечимин чечмелеп берет. Эгер Тараптар башканы макулдашпаса арбитраж Нидерландда Гаагада өткөрүлөт.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Арбитражык сот БУУнун Комиссиясынын (ЮНСМТРАЛ) эл аралык соодадагы укук боюнча арбитраждык эрежелерин карманат.
10-берене
Макулдашуучу тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1.Макулдашуучу тараптар ушул Макулдашууну чечмелөө же пайдалануу боюнча Макулдашуучу тараптардын ортосунда чыккан ар кандай талаш-тартыштарды адилеттүү жана тез чечүүгө Жетүү үчүн Макулдашуучу тараптардын ортосундагы сүйлөшүү жолу менен ак ниеттүу өз ара кызматташууга күч жумшашат.
Ушуга байланыштуу Макулдашуучу тараптар жогоруда айтылгандай жөнгө салууга жетүү үчүн тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул. Эгер талаш-тартыштар Макулдашуучу тараптардын бири арыз берген күндөн тартып, 6 (алты) айдын ичинде чечилбесе, анда талаш Макулдашуучу тараптардын кимисинин болсо да талабы боюнча 3 мүчөдөн турган Арбитраждык сотко берилет.
2. Көрсөтүлгөн таланты алгандан кийин 2 (эки) айдын ичинде Макулдашуучу Тараптардын ар бири бирден арбитр дайындайт жана ушундай жол менен дайындалган эки арбитр өздөрүнчө макулдашуу менен 2 (эки) айдын ичинде үчүнчү мамлекеттин жаранынан үчүнчү арбитрди дайындашат, ал Арбитраждык сотунун төрагасы болуп дайындалат.
3. Эгер ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындоо болбосо, Макулдашуучу тараптардын кимиси болсо да зарыл болгон дайындоолорду ишке ашыруу үчүн Эл аралык соттун Президентин чакыра алат. Эгер Эл аралык соттун Президента Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болсо же жогоруда көрсөтүлгөн функцияны аткаруудан кандайдыр бир жолдор менен бошотулса, керектүү дайындоолорду ишке ашыруу учүн Вице-президент чакырылат. Эгер Вице-президент да Макулдашуучу тараптардын биринин жараны болсо же жогоруда айтылган функцияны аткаруудан кандайдыр бир жолдор менен бошотулса, керектүү дайындоолорду ишке ашыруу үчүн Эл аралык соттун Макулдашуучу тараптардын эч биринин жараны болуп саналбаган эң улуу мүчөсу чакырылууга тийиш.
4. Арбитраждык сот өз чечимдерин добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алат. Андай чечимдер акыркы жана Макулдашуучу тараптардын
экөөн тең аткарууга милдеттүү болот. Ар бир Макулдашуучу тарап соттун өзү дайындаган тийиштүү мүчөсүнүн ишине байланышкан чыгымдарды тартат. Төраганьн ишине байланышкан чыгымдарды, ошондой эле башка чыгымдарды Макулдашуучу тараптар бирдей үлүштө тартышат. Бирок, Арбитраждык сот өзүнүн чечими менен чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн Макулдашуучу тараптардын бири төлөшү керектигин көрсөтүшү мүмкүн. Калган бардык башка мамилелерде Арбитраждык соттун жол-жоболорун сот озү аиыктоого тийиш.
5. Эгер тараптар башканы макулдашпаса, анда арбитраж Нидерландда Гаагада өткөрүлөт.
6. Эгер башкача сүйлөшүлбөсө, бардык дооматтарды коюу жана угуу үчүнчү арбитр дайындалган күндөн тартып 8 (сегиз) айдын ичинде бүтүшү керек. Сот өз чечимин акыркы арыз келин түшкөн күндөн же жалпы жыйын жабылган күндөн тартып. кайсы окуя кийин болгонуна жараша 2 (эки) айдын ичинде чыгарат.
7. Ушул беренеге ылайык талаш-тартышты Арбитраждык сотко берүүгө, эгерде бул талаш-тартыш ушул Макулдашуунун 9-беренесине
ылайык башка Арбитраждык сотко берилсе жана ал угууда болсо жол берилбейт.
11-берене
Персоналдын келүүсү жана болуу убактысы
Макулдашуучу тараптар чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө жана болуусуна тийиштүү Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин жеке адамдарына жана экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлору жалдаган башка адамдарга же жумушчуларга өздөрунүн аймактарына инвестицияларга байланыштуу иш-чараларга катышуу максатында кирүүгө жана калууга уруксат беришет.
12- берене
Кыйла жагымдуу жоболор
1. Эгерде Макулдашуучу тараптын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдары же эл аралык укук боюнча колдонулуучу же келечекте Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууга толуктоо катары кабыл алынган милдеттенмелер экинчи Макулдашуучу тараптын инвесторлорунун капиталдык салымдарынын жалпы же конкреттүү укуктары ушул Макулдашууда каралгандан кыйла ыңгайлуу режимди бере тургандыгы жөнүндө жобону камтыса, мындай жобо инвестор үчүн кыйла жагымдуу болгон учурда ушул Макулдашуудан артыгыраак болушу керек.
2. Бир Макулдашуучу тарап акыркы улуттук мыйзамдарга же конкреттүү келишимдин, ннвестициялык келишимдин же макулдашуунун башка жоболоруна ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин инвесторлоруна берген режим ушул Макулдашуу боюнча берилген режимден кыйла жагымдуу болсо, айда кыйла жагымдуу болгон режим колдоиулат.
13-берене
Күчүнө кириши
1. Ушул Макулдашуу же ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр ушул Макулдашу) же ага киргизилген өзгөртүүлөр күчунө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор аткарылгапдыгы жөнүндө Макулдашуучу тараптын акыркы кабарлоосун алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашууга Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча жазуу жүзүндө өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
14-берене
Колдонулуу мөөнөтү жана аны токтотуу
1.Ушул Макулдашуу 10 (он) жыл колдонулат жана Макулдашуучу тараптардын бири экинчи Макулдашуучу тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө 1 (бир) жыл мурда кабарлабагапга чейин ушундай же андан азыраак мезгилге күчүндө калат.
Токтотуу тууралуу кабарлоо экинчи Макулдашуучу тарап кабарлоону алгандан тартып I (бир) жылдан кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашууну токтотуу жөнүндө кабарлоо кучүнө кирген учурга чейин ишке ашырылган инвестицияларга карата ушул Макулдашуунун жоболору бул Макулдашуу токтотулган датадан тартып 10 (он) жыл күчүндө калышы керек.
Муну күбөлөндүрүү үчүн өздөрүнүн Өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор, ушул Макулдашууга кол коюшту.
___________ шаарында 20 ___ жылдын "_____" ____________эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жан англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Катар Мамлекетинин Өкмөтү үчүн
|