Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 18-декабры № 580-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Монголиянын Башкы прокуратурасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес- мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Монголиянын Башкы прокуратурасы кызматташтыкты жана достук мамилелерди чындоо максатында ушул Меморандумду түзүштү.
1- берене
Тараптар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз ара өнүктүрүүгө жетишүү максатында кызматташат.
2- берене
Тараптар бири-бирине укуктук жардам берүү. ошондой эле суроо-талаптарды натыйжалуу жана өз убагында аткаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүшөт.
3- берене
Тараптар тажрыйба жана маалыматтарды натыйжалуу алмашуу үчүн кесиптик байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүшөт.
4- берене
Тараптар биргелешкен семинарларды. окуу программаларын, өз ара визиттерди өткөрүү аркылуу эл аралык кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.
Өз ара визиттерди уюштурууга кеткен чыгымдарды, тажрыйба алмашуу программаларын жана окутуу предметтерин Тараптар иш процессинин алкагында макулдашышы мүмкүн.
5- берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптар бири-бири менен түз байланышат, мында дипломатиялык каналдарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү да жокко чыгарылбайт.
Түз байланышуу үчүн Тараптар төмөнкүдөй даректерди жана байланыш каражаттарын пайдаланышат:
Кыргыз тарап:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
Бишкек ш., Токтоналиев көчөсү, 139
Факс: +996 312 54 28 75; +996 312 54 28 65
e-mail: ___________
Монголия тарап:
Монголиянын Башкы прокуратурасы
Дареги:___________
Тел/факс:_________
e-mail:____________
6- берене
Ушул Меморандумду чечмелөө жана ишке ашыруу менен байланышкан бардык маселелерди Тараптар өз ара түшүнүшүү жана урматтоо принциптерине ылайык чечишет. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча Ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7- берене
Ушул Меморандум Тараптар же алардын мамлекеттери үчүн кандайдыр бир укуктук жаны милдеттенмелерди карабайт жана колдонулуудагы эл аралык милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
8- берене
Ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптардын кимиси болбосун экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү аркылуу ушул Меморандумду бузуута укуктуу.
Ушул Меморандумга _____ шаарында 201___ жылдын
"__" ______. эки нускада кыргыз, монгол, орус жана англис
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атынан тилдеринде кол коюлду. Мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги нускасы артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атынан | Монголия Башкы прокуратурасынын атынан
|