Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-декабры № 262
1. "Жаңы кыштак үчүн кыймыл" айылды өнүктүрүүнүн кореялык моделин иликтөө максатында ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- "Жаңы кыштак үчүн кыймыл" айылды өнүктүрүүнүн кореялык моделинин тарыхын жана тажрыйбасын иликтеп - үйрөнсүн;
- айылды өнүктүрүүнүн кореялык моделинин жалпы тажрыйбасын колдонуу үчүн калктуу конуштарды жана пилоттук райондорду аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ар тараптуу иликтесин;
- айылды өнүктүрүүнүн кореялык моделин калктуу конуштарда жана пилоттук райондордо ьңгайлаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ өз ишине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттерди жана консультанттарды тартууга, ошондой эле иш үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укуктуу экендиги белгиленсин.
Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси - министр | Н.С.Момуналиев |
Тиркеме
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси |
Карабаев Акпаралы Давлеталиевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Оторбаев Эринес Мотойович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Жакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары; |
Икрамов Санжар Икрамович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы |
Ли Ён Хун | - Бишкек шаарындагы Корея билим берүү борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сейталиев Азысмамет Токтогулович | - Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Коженкова Екатерина Анатольевна
| - Кыргызстандагы "Жаңы кыштак үчүн кыймыл" фондусунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Бейшеналы Эркиновна Назик | - Кыргызстандагы "Жаны кыштак үчүн кыймыл" фондусунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Байтикова Маргарита Омурбековна | - Кыргызстандагы "Жаңы кыштак үчүн кыймыл" фондусунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Жакыпов Асуан Маметеминович | - Кыргызстандагы "Жаны кыштак үчүн кыймыл" фондусунун өкүлү (макулдашуу боюнча). |