Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-декабры № 619-б
Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын куруу боюнча биргелешкен кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги (мындан ары Тараптар),
Кыргызстан менен Кытай ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын курууну биргелешип илгерилетүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Улуу жибек жолунун экономикалык алкагын курууну илгерилетүү боюнча иш-аракеттерди комплекстүү пландоо жана координациялоо үчүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча Тараптар өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын келишимдерин толук түрдө пайдаланышат.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын башкы артыкчылыктарын, анын ичинде өз ара пайдалуу экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду аныктоо үчүн, ошондой эле аларды ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу аныктоо үчүн пикир алмашып жана зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрүп турушат.
2-берене.
Тараптар Улуу жибек жолунун экономикалык алкагынын курулушуна тиешелүү артыкчылыктуу соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду майнаптуу ишке ашыруу максатында, түз ишкердик байланыштарды бекемдөөдө жана белгилөөдө өз өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарынын чегинде бизнес өкүлдөрүнө көмөк көрсөтүп турушат.
3-берене.
Тараптар соода жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, товарлардын ассортиментин кеңейтүү, эки тараптуу соода түзүмдөрүн бара-бара оптималдаштыруу менен өз ара товар жүгүртүүнүн өсүшүнө көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар региондук транспорт коридорун жана тиешелүү логистикалык жана транспорттук инфраструктураны түзүү, "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн куруу боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында өздөрүнүн өлкөлөрүнүн тиешелүү ведомстволоруна жана уюмдарына көмөк көрсөтүшөт.
5-берене.
Тараптар жаңы илимий-техникалык жана инновациялык жетишкендиктерди пайдалануу менен бардык экономикалык маанилүү жана өз ара пайдалуу долбоорлордо өз ара инвестициялык кызматташтыкты кеңейтишет.
6-берене.
Тараптар техника-экономикалык кызматташтыктын маанилүү эки тараптуу долбоорлорун колдоо үчүн Инфраструктуралык инвестициялардын Азия банкы жана Кытай-Евразия экономикалык кызматташтык фонду менен кызматташат.
Тараптар Бишкек шаарынын ЖЭБин кайра конструкциялоо, "Түндүк-Түштүк" альтернативалык автожолун куруу боюнча долбоорлорду активдүү илгертип, атап айтканда кытай тарап берип жаткан гранттык жана кредиттик каражаттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар бул Протоколду колдонуу же чечмелөө боюнча бардык кайчы пикирлер достук консультацияларды өткөрүү жолу менен чечиле тургандыгына макул болушту.
8-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана үч жыл бою колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири экинчи тарапка жазуу түрүндө колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин үч ай мурда ушул Протоколду колдонууну токтотуу ниети жөнүндө билдирме бербесе, Протоколду колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки үч жылга узартылат.
2014-жылдын "__" декабрында _________ шаарында эки түп нускада түзүлдү, ар бири кытай, кыргыз, орус тилдеринде, ошол эле учурда бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
| Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги |