Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-декабры № 621-б
Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын жарандарынын - дипломатиялык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке салуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Латвия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосунда дипломатиялык паспорттордун ээлеринин барып-келүү жол-жоболорун жеңилдетүүнү каалап,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү жалпы каалоону жетекчиликке алып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1- берене
1. Тараптардын ар биринин мамлекетинин жарактуу дипломатиялык паспортторго ээ болгон жарандары башка Тараптын эл аралык каттам үчүн ачылган бардык чек арадан өтүү пункттары аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына виза албастан кирип же чыга алышат жана тийиштүү Тараптын мыйзамдарына ылайык экинчи Тараптын аймагында виза албастан жүрө алышат.
2. Ушул берененин 1-параграфында эскертилген адамдар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жүз сексен (180) күндүн ичинде токсон (90) күнгө чейин виза албастан жүрө алышат.
2- берене
Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү болуп саналган ар бир Тараптын мамлекеттеринин жарандары, жарактуу дипломаттык паспорттордун ээлери, ошондой эле жарактуу дипломаттык паспортторго ээ болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрү кабыл алуучу мамлекеттин аймагына алар аккредитацияланган мөөнөттүн ичинде визасыз кирип, жүрүп жана чыга алышат.
3- берене
1-беренин 1-параграфында аталган адамдар Тараптардын ар биринин мамлекетинин аймагында жүргөн учурда эл аралык укукка ылайык Тараптардын ар биринин мамлекетинин мыйзамдарын сактоо менен иммунитеттерди жана артыкчылыктарды пайдаланышат.
4- берене
Ар бир Тарап келүүсүн ылайыксыз деп тапкан жарактуу дипломатиялык паспорттун ээсинин аймагына кирүүсүнөн жана жүрүүсүнөн баш тартуу укугун өзүнө сактап калат.
5- берене
1. Тараптардын ар бири улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыздоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотуп туруу укугун өзүнө сактап калат.
2. Ушул Макулдашууну токтотуп туруу дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи Тарапка кабарлангандан тартып отуз (30) күндөн кийин күчүне кирет.
6- берене
1. Тараптар ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде дипломатиялык каналдар аркылуу дипломатиялык паспорттордун үлгүлөрү менен алмашуулары тийиш.
2. Тараптар жаңы дипломаттык паспорттордун үлгүлөрү менен алар киргизилгенге чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу алмашат.
7- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө же колдонууда келип чыккан бардык кайчы пикирлер же талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгертүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет. Мындай оңдоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
9- берене
1. Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы тууралуу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып күчүне кирет.
2. Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Ушул Макулдашуу мындай кабарлоону экинчи Тарап алган учурдан тартып токсон (90) күн өткөндө өзүнүн колдонулушун токтотот.
Муну күбөлөндүрүү үчүн, Тараптардын Өкмөттөрүнүн тиешелүү ыйгарым укуктары берилген төмөндө кол койгондор, ушул Макулдашууга кол коюшту.
____ шаарында 2014-жылдын «___»_________,
эки түп нускада, кыргыз, латвия, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Макулдашуунун англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу мүнөзгө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн
|