Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-январы № 3-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталып);
ортолорундагы достук мамилени чыңдоо боюнча өз каалоосун билдирүү менен;
коопсуздук жана кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүү жаатында кызматташуунун ролун түшүнүп;
Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана келип чыгуучу өз ара пайданы бекемдөөнү эки жактуу каалоого негизденип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене
Тараптар кылмыштуулук менен анын бардык көрүнүштөрүндө жана формаларында күрөшүүдө, өзгөчө төмөндөгүлөр боюнча кызматташат:
1. Терроризм жана аны каржылоо менен байланышкан кылмыштар.
2. Уюшкан кьлмыштуулук.
3. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар.
4. Экономикалык жана финансылык кылмыштар, анын ичинде акчанын изин жашыруу.
5. Коррупция.
6. Алдамчылык.
7. Жасалма документтер жана жасалма валютага байланышкан кьлмыштар.
8. Транспорт каражаттарын уурдоо же контрабанда менен байланышкан кылмыштар.
9. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү.
10. Уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жардыргыч заттардын, жардыргыч түзүлүштөрдүн, жапырт кыргын салуучу куралдардын ядролук, химиялык, биологиялык жана башка түрлөрүнүн контрабандасы.
11. Адам өмүрүнө же менчикке каршы кылмыштар.
12. Адамдарды сатуу менен байланышкан кылмыштар.
13. Мыйзамсыз миграцияга байланышкан кылмыштар.
14. Тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулугу бар предметтердин же документтердин контрабандасы жана уурдоо.
15. Киберкылмыштуулук.
16. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кылмыштар.
2- берене
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган кьлмыштуулуктун формалары менен күрөшүү максатында Тараптар төмөнкүдөй чараларды пайдаланышат:
1. Кылмыштуу иштер, анын ичинде Тараптардын мамлекеттеринин аймагында же үчүнчү өлкөнүн аймагында жасалган же пландалган кылмыштар жөнүндө каалаган маалыматтарды алмашуу.
2. Адамдарды издөө, ушул Макулдашуунун 1-беренесинде каралган кылмыштардын жасалышына шектүү делген адамдар жөнүндө маалыматтарды алмашуу, негизделген суроо-талаптын негизинде финансылык жана банк маалыматтарын кошо алганда.
3. Адамдар, террордук уюмдар жөнүндө маалыматтарды, көбүнчө алардын түзүмү, иши, каржылоо ресурстары жана байланыш каражаттары тууралуу маалыматтарды оперативдүү алмашуу.
4. Суроо-талаптын негизинде кылмыш иштери боюнча өткөн адамдарга карата иликтөөлөрдүн жана соттук чечимдердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берүү.
5. Унаа каражаттарына жана жүргүнчүлөргө тиешелүү болгон маалымат жана тажрыйбаларды алмашуу.
6. Инновациялык каражаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүүнүн техникалары тармагындагы маалымат жана тажрыйбаларды алмашуу.
7. Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган мыйзам актыларын, изилдөөлөрдү, иликтөөлөрдү, публикацияларды жана көрсөтмө материалдарды алмашуу.
3- берене
Тараптар компетенттүү органдар аркылуу контрабанданы жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүнү контролдоо жана алардын алдын алуу чараларын көрүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарга тартылган адамдар жөнүндө маалымат алмашууга милдеттенишет.
4- берене
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү тармагындагы кылмыштарга иликтөө жүргүзүүдө мыйзамдуу чараларды көрүшөт жана өз ара аракеттенишет.
5- берене
Эгерде кылмыш Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында бир же бир нече адамдарга тиешелүү болсо, Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында конфискацияланган баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды өндүрүү боюнча тыюу салынган лабораториялар жана алардын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды алмашат.
6- берене
Тараптар бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды өткөрүү менен алектенген адамдарды жана катышуучуларды кармоо максатында оперативдүү иш-чараларды өткөргөнгө чейин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында жазуу жүзүндө билдирүү менен өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагында оперативдүү иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7- берене
Бириккен Улуттар Уюмунун 1988-жылдагы Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы конвенциясынын 5-беренесине ылайык Тараптар ак ниет катышуучулардын укуктарын кемсинтпестен, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн жыйынтыгында алынган кирешелердин суммасын жана менчикти же каражаттарды мамлекетинин аймагында кылмыш жасалган Тарапка өткөрүп берүү боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүшөт жана аны дипломатиялык каналдар аркылуу жеткирүүгө көмөк көрсөтүшөт.
8- берене
Эгерде Тараптардын биринин мамлекетинин жараны ушул Макулдашууда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн кармалса, Тараптын мамлекетинин компетенттүү органы кармалган адам жараны болгон мамлекет Тарапка токтоосуз маалымдайт.
9- берене
Тараптар коопсуздук чараларын окутуу чөйрөсүндө төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташат:
1. Тренингдер жана курстар.
2. Кылмыштуулукка, өзгөчө террорчулукка, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жана акчалардын изин жашыруу кылмыштарына каршы күрөшүүнү жакшыртууга көмөк көрсөтүүчү тажрыйбаларды жана технологияларды алмашуу максатында эки жактуу визиттер жана жолугунгуулар.
3. Конференциялар, көргөзмөлөр, симпозиумдар.
4. Билим берүүчү жана окуу колдонмолорун алмашуу.
10- берене
Тараптар ушул Макулдашууда каралган кызматташуудан төмөнкүдөй учурларда толук же жарым-жартылай баш тарта алышат:
1. Эгерде бул Тараптардын мамлекетинин көз карандысыздыгын же коопсуздугун бузууга алып келсе.
2. Эгерде бул Тараптардын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына каршы келсе.
3. Эгерде бул Тараптардын мамлекетинин аймагындагы тергөө иш чараларын иликтөөгө же жүргүзүүгө тоскоолдук кылса.
4. Эгерде бул Тараптардын мамлекетинин аймагында кабыл алынган соттук чечимдердин аткарылышына карама-каршы болсо.
11- берене
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында берилүүчү маалыматтын купуялыгын сакташат. Мындай маалымат өзгөчө багытталган максаттарда пайдаланылат жана маалыматты берүүчү Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
12- берене
Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууда каралган бардык чөйрөлөрдө кызматташат. Ушул Макулдашуу Тараптар үчүн милдеттүү болгон эки тараптуу же көп тараптуу макулдашуулардан келип чыккан Тараптардын укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
13- берене
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдөн, колдонуудан же аткаруудан келип чыгуучу талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы түз сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынат. Башка учурда талаш-тартыштар дипломатиялык каналдар боюнча чечилет.
14- берене
Бул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланыштуу чыгымдарды мамлекетинин аймагында чыгымдарга дуушар кылган Тараптар тартат, Тараптар башка жөнүндө макулдашкан учурларды кошпогондо.
15- берене
1. Ушул Макулдашууну аткарууга компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн: Ички иштер министрлиги;
- Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү үчүн: Ички иштер министрлиги.
2. Компетенттүү органдар түз байланыш жактарын жана ушул Макулдашууда камтылган чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну жеңилдетүүнүн жолдорун жазуу жүзүндө аныкташат.
16- берене
Эки өлкөнүн кылмыштуулукка карты күрөшүүгө адистештирилген адамдарынын катарынан түзүлгөн комиссия ушул чөйрөдө кызматташуу маселелерин талкуулайт жана ушул Макулдашууну өркүндөтүү үчүн зарыл болгон көрсөтмөлөрдү сунуштайт, андан ары бул сунуштарды Тараптардын компетенттүү органдарына беришет. Зарылчылыкка жараша же Тараптардын биринин суранычы боюнча түзүлгөн Комиссия Тараптардын мамлекеттеринин аймагында кезеги менен жыйындарын өткөрөт.
17- берене
1. Ушул Макулдашуу зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгын ырастаган Тараптардын акыркы билдирүүсүнөн тартып отуз күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу белгисиз мезгилге күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат. Тараптар бузуу жөнүндө билдирүү датасына чейин берилген суроо-талаптарга карата мындай бузуу юридикалык күчкө ээ болбойт деген шартта, бузууну каалаган күнгө чейинки алты айдан кем эмес убакытта дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирүү жолу менен ушул Макулдашууну буза алышат.
Ырастоо иретинде, келечекте милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу болуучу эки Тараптын төмөндө кол койгон өкүлдөрү ушул Макулдашууга кол коюш Ушул Макулдашуу________шаарында 20____ жылы________
_____эки түпнуска көчүрмөдө кыргыз, араб, орус, англис тилдеринде кол коюлду, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү үчүн. |