Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 12-январы № 4
Бишкек шаарынын курулуш объекттеринде болуп өткөн өрттөргө жана кайгылуу кырсыктарга байланыштуу, эмгекти коргоону жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча учурдагы жагдайга талдоо жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия кыска мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишине курулуш чөйрөсүндө иштеген ишкердик субъекттерине инспекция жүргүзүү бөлүгүндө талдоо жүргүзсүн;
- курулуш чөйрөсүндө текшерүүлөрдү жүргүзүү жана ишкердик субъекттерин инспекциялоо, курулуш объекттеринде коопсуздук техникасын бузууларды жана эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте белгиленген тартипте Бишкек шаарынын айрым курулуш объекттеринде түзүлгөн кырдаалды (тандоо жолу менен) иликтесин жана коопсуздук техникасын сактоо жана эмгекти коргоо маселелериндеги негизги проблемаларды аныктасын;
- иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат
жетекчиси-министр Н.С.Момуналиев
Тиркеме
Бишкек шаарынын курулуш объектилеринде
эмгекти коргоону жана коопсуздук техникасын сактоо боюнча
учурдагы жагдайга талдоо жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык
комиссиянын курамы
Исаков Жумадыл Ырысбаевич | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Шейшеканов Данияр Турдубекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Жыпаркул уулу Мырзабек | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Сопукеев Улан Шаршеналиевич | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түндүк регион аралык башкармалыгынын соода жана ишкердик иштерге талдоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кашымбеков Мирлан Сапарбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын Ленин районунун башкы архитектору; |
Шамбетов Сагын Мелисбекович | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бешинчи башкы башкармалыгынын оперкызматкери; |
Сарыбаев Чынгыз Абдусатарович | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальнигинин милдетин аткаруучу; |
Сапарбаев Айдин Кочорбаевич | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Ирисов Искендер Идрисович | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешелер башкармалыгынын башкы адиси; |
Мурсалиев Улан Асанбекович | Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); |
Тыныбеков Догдурбай Карымшакович | Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын начальниги (макулдашуу боюнча). |