Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ - МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 20 февраля № 31
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эксперттик кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Бирдиктүү улуттук экспертиза кызматын түзүү маселесин кароо максатында:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эксперттик кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, ошондой эле алардын базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында Бирдиктүү улуттук экспертиза кызматын түзүүнүн максатка ылайыктуулугуна карата сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин, анын ичинде укук коргоо жана сот органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
|
Тиркеме
Каримбеков Алик Жолдошмаматович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратнын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Дооталиев Улан Тимурович
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Караталов Бакытбек Омурбекович
| - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын инспектору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча). |
Жусубалиев Азимкан Ильясович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Култаев Кубанычбек Зулуевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Канулькулов Марат Эдильевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Абдраимов Кенешбек Эркинович
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун директору; |
Бекбулатова Толкун Мирзахановна
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик соттук экспертиза борборунун директору; |
Иманалиев Канат Сабырбекович
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунун начальниги; |
Каракай Георгий Анатольевич
| - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунун начальнигинин орун басары; |
Орозалиев Табылды Орозалиевич
| - Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары; |
Амангельдиев Данияр Джолдошевич
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Куланбек уулу Айбек
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; |
Табалдиев Азиз Николаевич
| - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн начальниги; |
Омурдинов Марат Ондурушевич
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бангизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын эксперттик-криминалисттик бөлүмүнүн начальниги. |