Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-марты № 127-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер департаментинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
ӨЗ АРА ТҮШҮНҮШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер департаменти,
Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын максаттарына жана принциптерине негизделген достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү каалап,
Өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча консультациялардын натыйжалуу механизмине зарылдыкты таанып,
Төмөндөгүлөр боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
1-берене
Тараптар Кыргыз Республикасына ишке ашырылуучу 2012-2016-жылдарга Швейцария конфедерациясынын Кыргыз Республикасы менен кызматташуу программасын колдонулуудагы улуттук документтерге ылайыктоо боюнча күч-аракеттерди координациялоого ниеттенишет.
Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасы менен кызматташуу Программасынын стратегиялык иш-чараларынын кыскача баяндалышы ушул Меморандумдун тиркемесинде берилген.
2-берене
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн баштан күчунө кирет.
Ушул Меморандума, ошондой зле ушул Меморандумдун тиркемелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор тийиштүү Протоколдор менен таризделет, алар ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2015-жылдын _____ Берн шаарында кол коюлган, эки туп нускама, ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде, баардык тексттер бирдей.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн
| Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер Департаменти үчүн |
Тиркеме
Ак ниеттүү башкарууну, жакырчылыкты кыскартууну, рынок экономикасына өтүүнү жана аймактык коопсуздукту туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары таанып;
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы менен макулдашуу зарылдыгын таанып;
Жогоруда аталган принциптерди көнүлгө алуу менен, Швейцария Өкмөтү 2012-2016-жылдарга жалпы бюджети 74 млн Швейцария франкын түзгөн кызматташуу программасын иштеп чыккан. Мындан ары долбоорлор боюнча эки тараптуу келишимдер төмөнкүдөй стратегиялык багыттардын чегинде баардык милдеттенмелер боюнча түзүлүшү керек.
Саламаттык сактоо секторунлагы реформалар (14 млн Швейцария франкы)
Швейцария Конфедерациясы саламаттык сактоо реформасын каржылоодо секторлор аралык мамилелер аркылуу катышат (SWAP);
Швейцария Конфедерациясы медициналык билим берүү реформасын колдойт;
Швейцария Конфедерациясы ооруканаларды башкаруу системасын борбордон ажыратууну бекемдөөдө техникалык жардам көрсөтөт.
Жеке секторду өнүктүрүү (17 млн Швейцария франкы)
Швейцария Конфедерациясы ар тараптуу экономикалык өсүш максатында кичи жана орто ишканаларды мындан аркы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
Швейцария Конфедерациясы экспортко багытталган кичи жана орто ишканалардын соодадагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн колдойт;
Швейцария Конфедерациясы жеке секторду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу экономикасын өнүгүшүнө жергиликтүү деңгээлде колдоо көрсөтөт.
Мамлекеттик кызмат керсөтүү жана инфратүзүм секторунун реформалары (30 млн Швейцария франкы)
Швейцария Конфедерациясы мамлекеттик финансы жана финансы рыногуна көзөмөлдөөнү башкаруу системасын бекемдөөдө техникалык жардам көрсөтөт;
Швейцария Конфедерациясы айрым муниципалитеттерде шаардык суу менен камсыз кылууну реформалоого фннансылык жардам көрсөтөт;
Швейцария Конфедерациясы жергиликтүү башкаруу органдарына жарандардын кызыкчылыгында алардын жумушун жакшыртуу үчүн техникалык жардам көрсөтөт.
4. Суу ресурстарын башкаруу программасы (10 млн Швейцария франкы)
-Швейцария Конфедерациясы Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык суу ресурстарын интеграцияланган башкарууга жана сектордогу реформаларды колдоого көмөк көрсөтөт;
- Швейцария Конфедерациясы кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы суу ресурстарын башкаруу боюнча трансчек аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- Швейцария Конфедерациясы Борбордук Азиядагы суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу боюнча региондук диалогду колдойт.
5. Демократиялаштырууда жана тынчтыкты түзүүдө (3 млн Швейцария франкы)
- Швейцария Конфедерациясы ачык жана адилет шайлоолорду өткөрүү боюнча (парламенттик, муниципалдык, президенттик) Кыргызстандын бийлигинин аракеттерин колдойт;