Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июну № 266-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы KfW жергиликтүү бюросун түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен Германия' Федеративдик Республикасынын ортосундагы болгон достук мамилелердин алкагында, өнөктөш кызматташтык жолу менен ушул достук мамилелерди чындоону жана KfW жергиликтүү бюросун (Экономиканы калыбына келтирүү боюнча кредиттик институт) түзүү аркылуу өнүктүрүү максатында кызматташтыкка көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөнкүлөр жөнүнде макулдашты:
1-берене
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү, мындан ары "Техникалык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуу" деп аталуучу 1998-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну көңүлгө алуу менен, мындан ары "KfW бюросу" деп аталуучу KfW жергиликтүү бюросун түзүү тууралуу макулдашты.
2-берене
KfW бюросу Бишкек шаарында жайгаштырылат.
3-берене
KfW бюросу төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) Кыргыз Республикасын жана- Германия Федеративдик Республикасынын Өкметүнүн тапшырмасы боюнча ишке ашырылуучу, долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда долбоорлорду жана финансылык кызматташтык боюнча программаларды ишке ашыруучуларды колдоо;
2) Германия Федеративдик Республикасынын Өкметүнүн тапшырмасы боюнча KfW тарабынан ишке ашырылуучу долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу менен байланышкан кесиптик жана административдик иштерди координациялоону жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасы жана анын региондору менен байланышкан долбоорлор аралык милдеттерди аткаруу;
40 Жер жерлердегя KfW өкүлчүлүктөрү.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Өкметү өзүнө теменкү милдеттенмелерди алат:
1) Жогоруда аталган Техникалык кызматташтык жөнүндө, алкактык макулдашуунун жоболоруна ылайык KfW бюросу үчүн жеткирип берилүүчү материалдарды жана транспорт каражаттарын лицензиялык, аэропорттук, порттук, импорттук, экспорттук жана башка мамлекеттик" жыйымдардан, ошондой эле аларды сактоого кеткен чыгымдардап бошотот жана KfW бюросунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча аларды токтоосуз бажылык тариздөонү камсыздайт. Мындай жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдарга карата да берилет;
2) KfW бюросунун өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыпа ылайык KfW бюросу үчүн сатып алынган товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасында төлөнгөн кыйыр салыктарды кайтарып берет;
3) KfW бюросунун төмөнкүлөр жөнүндө етүнүчүнө колдоо көрсөтөт:
- телекоммуникациялык тармактарга, анын ичинде радиобайланыш тарамына жана спутник банланышына кошуу;
- командировкага жиберипген адистерге эмгек ишин жүргүзүүгө жана өлкөдө болууга уруксат берүү, ошондой эле KfW бюросунун жергиликтүү кызматкерлерине эмгек ишин жүргүзүүгө уруксат берүү;
4) KfW бюросун Кыргыз Республикасында салыктардан жана башка мамлекеттик жыйымдардан бошотот;
5) KfWнын командировкага жиберилген адистерине жана зарыл болгон учурда Германия Федеративдик Республикасынын Өкмотүнүн тапшырмасы боюнча иш алып барган башка чет өлкөлүк аткаруучу-уюмдарга, ошондой эле алар менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө жогоруда аталган Техникалык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун жоболорундагыларга окшош бардык укуктарды берет.
5-берене
Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү өзүне төмонкү милдеттенмелерди алат:
KfW бюросунун бардык инвестициялык жана өндүрүштүк чыгымдарын толойт;
KfW бюросунун милдеттерин аткаруу үчүн узак мөөнөттүү жана кыска моопоггүү негнзде командировкага жиберилген адистердин. ошондой эле KfW бюросуна ишке кабыл алынган жергиликтүү кызматкерлердин чыгымдарын өзүнө алат.
6-берене
KfW бюросу үчүн жеткирип берилүүчү материалдар, анын ичинде транспорттук каражаттар KfW менчигинде калат. KfW бюросу жоюлган учурда материалдар Кыргыз Республикасынын менчигине өтөт.
7-берене
Тараптар ушул Макулдашууга байланышкан бардык маселелерге карата төменкү аткаруучу-уюмдарды жана/же байланыш адамдарын дайындайт:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү KfW үчүн байланыш органы катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин дайындайт.
Германия Федератпвдик Республикасынын Өкмөтү аткаруучу-уюм катары KfW аркылуу оз милдеттенмелерин аткарат.
8-берене
Эгерде ушул Макулдашууда башкача каралбаса, анда жогоруда аталгап Техникалык кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун жоболору тийиштүү түрдө KfW бюросу үчүн колдонулат.
9-берене
Ушул Мак) лдашуу беш жыл бою колдонулат жана Тараптардын бири Макулдашууну бузуу жонүнде тийиштүү колдонуу меөнетү аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбей жазуу жүзүндө билдирбесе, автоматтык түрдө бир жылдык мөөнөткө узартылат.
10-берене
Германия Федератпвдик Республикасы ушул KfW бюросун түзүү жөнүндо макулдашууну ал күчүнө киргенден кийин токтоосуз Бириккен Улуттар Уюмунун Уставыиын 102-беренесине ылайык Бириккен Улуттар Уюмупуи Катчылыгынын алдында каттайт.
Түздөн-түз Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгы тарабынан катталгандыгы ыраеталгакдан кийин экинчи тарап Бириккен Улуттар Уюмунун каттоо номерин корсотүү менен бул жөнүндө кабарлайт.
11-берене
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү анын күчүнө киришп учүн зарыл бол гон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жонүндө Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнө билдирген күнү күчүнө кирет. Билдирүү келген күн чечүүнү дата болуп саналат.
Бишкек шаарында 2015-жылдын "____"__________ эки нускада, ар бирн немец жана оруе тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү | Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтү үчүн
|