КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-июну № 275-б
Бишкек шаарында 2015-жылдын 29-июнунда болуучу "Жалал-Абад шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Бишкек шаарында 2015-жылдын 29-июнунда болуучу "Жалал-Абад шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын жетекчиси. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү:
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Масабиров Талайбек Айтмаматович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Турганбаев Төлөн Самудинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Авазов Салайдин Абдувалиевич | - Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Бакиров Төлөн Калдарбекович | - Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы "Жалал-Абад тазалык" муниципалдык мекемесинин начальниги (макулдашуу боюнча). |