Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-июну № 297-б
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-июну - 1-июлунда болуучу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Делегациянын жетекчисине өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Тиркеме
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, делегациянын жетекчиси. |
Делегация мүчөлөрү:
Сулайманкулов Болот Абыкеевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Темиралиев Таалайбек Асанбекович | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Уезбаев Улан Калмурзаевич | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; |
Абдиев Бахтияр Мамадиярович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Пирназаров Марат Туголбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Орозбаева Лада Джантаевна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Кубанычбек Искакович | - Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору; |
Тологонов Данияр Омурсадыкович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директорунун орун басары; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы; |
Эшназаров Наби Асанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги. |
Премьер-министр |
|