Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-июлу № 318-б
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Азербайжан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги,
эки өлкөнүн ортосундагы калыптанып калган достук мамилелерди чындоо, ошондой эле саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө өз ара мамилелерди кеңейтүү ниетин билдирүү менен.
1961-жылдагы Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясын жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
Бул Макулдашуунун максаты болуп Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигине (мындан ары - Элчилик) 1961-жылдагы Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык материалдык-техникалык жардам көрсөтүү саналат.
Элчиликтин ишин колдоо максатында Министрлик оңдолгон жана тийиштүү эмеректердин комплекти менен жабдылган кеңсени жана элчинин резиденциясы катары Баку шаарындага квартираны Элчиликке бир жылга акысыз пайдаланууга берет.
Кеңседе жана резиденцияда жайгашкан жогоруда аталган мүлк жана материалдык баалуулуктар кабыл алүу-өткөрүү актысы менен таризделет.
Камсыздандырууга чыгымдар, коммуналдык жана кеңсе менен квартираны күтүү, пайдалануу үчүн зарыл болгон башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр Элчилик тарабынан төлөнөт.
Тараптар өз ара макулдук боюнча бул Макулдашууга толуктоо жана өзгөртүү киргизе алышат, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, ушул Макулдашуунун 5-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө Протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуу бир (1) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азербайжан тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
____ шаарында 2015-жылдын "_____ , эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, мында тексттердин баары бирдей болуп саналат. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн
| Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үчүн
|