Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
от 10 июля 2015 года № 322-б
Кыргыз-индия соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Индия Республикасынын Керектөөчүлөрдүн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттары Бюросунун ортосундагы Стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Индия Республикасынын Керектеөчүлөрдүн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттар Бюросу, өз ара кызыкчылык маанайъшда кызматташууга ниеттенил, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында техникалык кызматташтыкты жогорулатуу жана чыңцоо, Тараптардьш ортосунда керектүү маалыматты жана тажрыйба алмашуу максатында төменкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Меморандумдун максаты кыйла тыгыз кызматташууга жана өз ара соодада тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү жана шайкештикти баалоо. ошондой эле стандартташтыруу боюнча ишти чындоонун жалпы максатына жетишүү үчүн Тараптар чогуу иштеечү механизмди камсыз кылуу болуп саналат.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй тармактарда кызматташууну колдошот жана өнүктүрүшөт:
2.1 Стандартташтыруу:
Тараптар стандартташтыруу боюнча уюштуруучулук түзүмду, стандарттарды иштеп чыгуу эрежелерин жана жол-жоболорун, стандарттарды иштеп чыгуу үчүн программаларды, өнүгүүнүн ар кандай стадияларындага эл аралык стандарттар боюнча комментарийлерди камтыган стандартташтыруу жаатьшдагы маалыматтарды жана документтерди алмашат.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча стандартташтыруу маселелери/чөйрөлөрү боюнча илимий-техникалык маалыматты алмашат.
2.2 Шайкештикти баалоо: 2.2.1 Сертификатташтыруу:
(1) Тараптар өз ара инспекциялык кызматтарды пайдалануу үчүн кызматташуу жөнүндө эки тараптуу макулдашууну түзүү максатында максатка ылайыктуу болгон өлчөмдө бир-биринин уюштуруучулук түзүмүн, үчүнчү жак тарабынан продукцияны сертификатташтыруу жана менеджмент системасын сертификатташтыруу эрежелерин жана жол-жоболорун изилдешет.
Тараптар продукцияны сертификаттаилыруу жана максатка ылайыктуу болгондой өлчомдө менеджмент системасын сертификатташтыруу жөнүндө ички колдонмолорду алмашат.
Тараптар өз иштеринин өнугуүсү үчүн макулдашылган келишимдерге карата сертификатташтыруу боюнча иштер жөнүндө техникалык маалыматтарды алмашат.
2.2.2 Сыноо:
1) Тараптар өз лабораторияларында жана/же тармакта сыноо жабдууларына карата маалыматтарды алмашат.
2) Тараптар сыноо протоколдорун өз ара таануу максатында эл аралык критерийлердин негизинде экинчи Тараптын уюштуруучулук түзүмүн жана/же лабораториялык сыноолордун жол-жоболорун тестирлөө үчүн түйүнүн, ошондой эле лабораториялардын өнүгүүсүн изилдешет.
2.3 Техникалык маалымат:
Тараптар стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо боюнча илимий-техникалык маалыматтарды түзүүгө, сактоого, издөөгө. колдонууга жана таркатууга тийиштүү маалыматты алмашат.
2.4 Окутуу:
Тараптар биргелешип иштөөнүн негизинде стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында, эгерде максатка ылайык келсе өз ара кызыкчылыктын башка чейрөлөрүндө экинчи Тараптын персоналын окутушат.
Тараптар бул Меморандумдан же аны ишке ашыруунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир ишке байланыштуу чыгымдарды Тараптар өз ара макулдашкан шарттарда тартышат.
Ушул Меморандум Тараптардын ортосунда жазуу жузүндөгү макулдашуу жолу менен каалаган убакытта өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
Тараптар жумушчу тил катары англис жана орус тилдерин колдонууну макулдашат.
Ушул Меморандумду чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу пайда болгон ар кандай талаштар, кайчы пикирлер же талаптар Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
Меморандумду ишке ашырууга делегацияларды дайыма жиберишүү жана өз ара макулдашуу боюнча иштелип чыккан кызматташуунун жылдык программаларын мониторингдөө жолу менен жетишилиши мүмкүн.
1) Ушул Меморандум Тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет жана үч жыл бою колдонулат. Андан ары анын колдонулушу эки Тараптын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча кийинки үч жылдык мезгилдерге узартылышы мүмкүн.
2) Ар бир Таран экинчи Тарапка төрт ай мурда жазуу жүзүндө билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча жиберип, ушул Меморандумдан чыга алат.
_______ шаарында 2015-жылдын «_____» ______ англис, орус, кыргыз жана хинди тилдеринде эки туп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги үчүн | Индия Республикасынын Керектөөчүлөрдүн иштери боюнча министрлигине караштуу Индия Стандарттар Бюросу үчүн
|