Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-июлу № 321-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтү мындан ары "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталып,
өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы мурдатан берки достук мамилени эске алып,
өз ара пайда көрүү максатында аскердик тармактагы кызматташтыкты бекемдөөгө умтулуп,
БУУ Уставынын принциптерине жана өз мамлекеттеринин эл аралык милдеттенмелерине ылайык региондогу, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү элдердин ортосундагы коопсуздукту, туруктуулукту жана ишенимди камсыздоого салым кошуу ниетин билдирүү менен,
бул кызматташтыктын тең укуктуулук, эки жакка бирдей жана өз ара пайда келтирүү негизинде натыйжалуу, уюшкандыкта, максаттуу жана үзгүлтүксүз ишке ашуусу керектигин таанып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене Кызматташтык чөйрөсү
Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашты.
1.1. Тараптардын макулдашуусу боюнча белгилүү бир тармактарда, материалдык каражаттарды жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле аскердик техника жана комплекттоөчү/запастык бөлүктөргө байланыштуу эки тараптуу долбоорлорду кошо алганда алар боюнча келишимге жетишиле турган маселелер менен бирге эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү.
1.2. Коргоо өндүрүшү тармагындагы кызматташтыкты, өз ара кызыкчылыктын ар кандай тармактарындагы мамлекеттик мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты, технологияларды жана техникалык жардамды берүү менен бирге окууну, биргелешкен өндүрүштү жана үчүнчү мамлекеттерге экспорттоону Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өнүктүрүү.
1.3. Аскердик илим жана технология тармагындагы кызматташтыкты маалыматтарды, окутууну, визиттерди, өкүлдөрдү жана биргелешкен долбоорлорду алмашуу жолу менен өнүктүрүү.
1.4. Аскердик тармактагы эки тараптуу мамилелерди төмөнкүдөй жолдор менен өнүктүрүү:
а) Тараптардын коргонуу ведомстволорунун өкүлдөрүнүн расмий да, жумушчу тартипте да жолугушууларын өткөрүү;
б) аскердик тармактагы өз ара кызыкчылыкты көрсөтүүчү тажрыйбаларды жана маалыматтарды алмашуу;
в) аскердик билим берүү жана окутуу;
г) биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү;
д) аскердик инструкторлорду жана байкоочуларды алмашуу;
е) семинарларды, консультацияларды жана симпозиумдарды өткөрүү; ё) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн, ошондой эле
аскердик кызматтан кеткен адамдардын социалдык жактан корголушун камсыздоо чөйресүндөгү кызматташуу;
ж) Коргоо министрлиги менен Куралдуу Күчтордүн Генералдык штабынын функцияларын белүү. коргонууну жана коопсуздукту камсыздоочу мамлекеттик органдардын күчтөрүн жана каражаттарын бириктир\ү, Куралдуу Күчтөрдү материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздоонун заманбап принциптерин жана механизмдерин киргизүү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу;
з) ошондой эле, өз ара макулдашуу боюнча каалаган башка чөйрөдө.
2-берене Ыйгарым укуктуу органдар
2.1. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
б) Индия Республикасынын атынан - Индия Республикасынын Коргоо министрлиги.
3- берене Кызматташтыкты пландоо жана координациялоо
3.1. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары аскердик кызматташтык планын жылдык негизде иштеп чыгышат.
3.2. Кызматташтык программасы Тараптардын ортосунда дипломатиялык каналдар аркылуу ноталарды алмашуу жолу менен макулдашылат.
3.3. Ушул Макулдашуунун жоболорун контролдоо, жөнгөсалуу жана аткаруу максатында Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тиешелүү өз ара пайдалуу программаларды түзүү үчүн мезгил-мезгили менен жолугушуп турушат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча жолугушуулар Индия Республикасынын аймагында да, Кыргыз Республикасынын аймагында да өткөрүлүүсү мүмкүн.
3.4. Жолугушуулардын күн тартиби, жолугушууларды өткөрүү боюнча уюштуруу жана административдик маселелер Тараптардын макулдугу боюнча чечилет.
3.5. Жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер же макулдашылган протоколдук жазуу түрүндө же тараптардын чечими боюнча протоколдоштурулушу керек.
3.6. Тараптар макулдашкан кызматташтык программаларын ишке ашыруу максатында, Тараптар жана алардын ыйгарым укуктуу органдары зарылчылыкка жараша Тараптардын милдеттенмелерине каршы келбеген өзүнчө келишимдерди же макулдашууларды түзүшөт.
3.7. Ушул Макулдашуунун алкагында каралган иш-чараларды финансылык камсыздоо ар бир конкреттүү учурда Тараптардын өз ара макулдугу боюнча чечилет.
4-берене Маалыматтардын сакталышын камсыздоо
4.1. Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган маалыматтардын сакталышын камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшөт. Ушундай маалыматтарды Тараптардын кайсынысы болбосун башка Тараптын кызыкчылыгына зыян келтирбегидей пайдаланышы керек, ошондой эле башка Тараптын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз үчүнчү Тарапка берилбеши керек.
4.2. Жашыруун түрдөгү маалыматтарды алмашуу учурунда, ушундай маалыматты берүү жиберүүчү Тараптын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Алуучу тарап алынган маалыматтын сакталышын өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык камсыздайт.
Мындай маалымат берилген же түзүлгөн максаттарда гана пайдаланылышы керек.
Жашыруун маалыматты алуучу Тарап ага жашыруундуктун окшош категориясын же жашыруун маалыматты берүүчү Тарап аныктаган ошол категориядан жогоркусун ыйгарышы керек.
4.3. Ушул берененин шарттары ал тургай ушул Макулдашууну колдонуу токтогондон кийин да күчүндө калат.
5-берене Корутунду жоболор
5.1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
5.2. Ушул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөткө түзулөт, эгерде Тараптардын бири кезектеги 5 жылдык мезгил аяктаганга алты ай калганга чейин башка Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин кабарлабаса, ал бүткөндөн кийин анын колдонулушу кийинки 5 жылдык мезгилге автоматтык түрдө узартылат.
5.3 Ушул Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин кол коюлган келишимдер Тараптардын ар бири үчүн мурда белгиленген милдеттенмелерин төлук аткарганга чейин күчүндө калат.
5.4. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө Протоколдор менен тариздөлүүчү өзгөртүүлөр киргизилет, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5.5. Ушул Макулдашууну чечмелөө же ишке ашыруу менен байланышкан пикир келишпестиктер консультация жолу менен чечилет.
5.6. Жогоруда айтылган ушул Макулдашуунун жоболорун ырастоо менен, ошондой эле өзүнүн өкмөттөрү тарабынан ыйгарым укуктуу болгон төмөнкү кол койгон адамдар ушул Макулдашууну түзүштү.
201-жылдын шаарында кол коюлду, эки нускада, ар бири кыргыз, хинди, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкса, Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн
|