Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 13-июлу № 109
"Ак-Жол" контролдоо-өткөрмө пункттарынын алдындагы автожол жээгиндеги соода объекттеринин иштөөсүнүн жана жайгашуусунун мыйзамдуулугун кароо максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- эки жумалык мөөнөттө "Ак-Жол" контролдоо-өткөрмө пункттарынын алдындагы автожол жээгиндеги соода объекттеринин иштөөсүнүн жана жайгашуусунун мыйзамдуулугун карасын;
- жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча корутундуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун министрликтердин. административдик ведомстволордун, ошондой эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр |
Н.С.Момуналиев |
Султаналиев Т.О. | - Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Уезбаев У.К. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Дьяченко С.Ф. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын начальниги; |
Жыпаркулов М.Ж. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Кубатбеков Ч.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак- жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Содомбаев Ж.А. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы: департаментинин директору; |
Бекмуратов А.С. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттигинин директору; |
Таштаналиев К.Д. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору; |
Кенжебаева А.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө, контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Исабеков Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Таштаналиев Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаментинин директору; |
Батырканов К.Т. | - Чүй облусунун БИИБнин начальниги; |
Чодуров К.Ж. | - Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары. |