Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу, № 369-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасыныи Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Туркмөнстандын Балкан велаятынын Хякимлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Түркмөнстандын Балкан велаятынын Хякимлиги, эки мамлекеттин мыйзамдарын жетекчиликке алышып, мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенишип, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн максатка ылайыктуулугуна ынануу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында тең укуктуу өнөктөштүктү жана өз ара пайданын негизинде экономика, соода, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, билим берүү жана илим, маданият. спорт жаатында кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Тараптар экономиканын ар кандай жааттарында техникалык билим жана тажрыйба алмашуу, ишканалардын, уюмдардын жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарбакер субъекттердин ортосундагы түз келишимдерди (макулдашууларды) түзүү жана ишке ашыруу максатында Тараптардын жетекчилеринин, ошондой эле адистердин, эксперттердин жана жеке сектордун ишкерлеринин визиттерине көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар туризм, айыл чарба, өнөр жай жаатында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор тууралуу кабарлоого жана Тараптардын долбоорлоруна катышууга көмөк көрсөтүү максатында керектүү колдоолорду көрсөтүүгө макулдашты.
Тараптар туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууну, мүмкүн болгон минималдуу баалар боюнча туристтик барууларды уюштуруунун алкагында көлүүчүлөр жана туристтер үчүн керектүү шарттарды түзүүнү, туризм чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды жана алардын өкүлчүлүктөрүн түзүүнү, маданият жана спорт чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдардын ортосунда байланыштарды түзүүнү, кесипкөй жана өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын гастролдорун уюштурууну макулдашты.
Тараптар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүш объекттерин түзүүнүн. тажрыйба алмашууга жана өндүрүшкө алдьңкы технологияны киргизүүгө көмөк көрсөтүүнүн, биргелешкен айыл чарба, өнөр-жай жана илимий-техникалык көргөзмөлөрдү уюштуруунун, ошондой эле мал чарбасы, канаттуулар чарбасы, балык чарбасы жана башкалар сыяктуу эки тараптуу кызыкчылыкты жараткан айыл чарбасынын жана өнөр жайынын ар түрдүү багыттарында кызматташууну кеңейтүүнүн мүмкүндүгүн талкуулашат.
Тараптар өз компетенцияларынын чегинде ушул Макулдашууга ылайык кызматташууну даярдоо жана жүзөгө ашыруу менен байланышкан жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө көмөктөшөт.
Тараптар өз ара макулдугу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча пайда болгон ар кандай талаш-тартыштарды Тараптар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
Ушул Макулдашуу Тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана 5 жыл бою колдонулат. Эгерде мөөнөт бүткөндөн кийин Тараптардын эч кимиси анын күчүн токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин дипломатиялык каналдар аркылуу билдирбесе, анда Макулдашуу дагы беш жылга узартылды деп эсептелет.
____________________________________________шаарында 2015-жылдын “__________” ____________________________________________________
эки түп нускада, бардыгы бирдей күчкө ээ болгон кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл үчүн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн ____________________________________ | Түркмөнстандын Балкан велаятынын Хякимлиги үчүн
___________________________________ |