Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу, № 371-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Түркмөнстандын Ахал велаятынын Хякимлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Доолбор
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Түркмөнстандын Ахал велаятынын Хякимлиги,
Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын экономикалык, илимий-техникалык жана маданий потенциалдарын кыйла натыйжалуу пайдаланууга ниеттенишип,
эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чындоого көмөктөшүүгө умтулуп, төмөнкүлөр женунде макулдашты:
Тараптар тең укуктуу өнөктөштүк, өз ара ишеним жана өз ара пайда көрүү принциптеринин негизинде кызматташууну ишке ашырышат.
Тараптар өз компетенцияларынын алкагында өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде айыл чарба, энергетика, кайра иштетүүчү, текстиль, химиялык жана тамак-аш тармактарында, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосундагы байланыштарды орнотууга өбөлгө түзүшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Түркмөнстандын Ахал велаятынын туризм, экскурсиялык жана көргөзмө-жарманкелик иштер жаатында иштеген уюмдарынын ортосундагы ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Тараптар дене тарбия жана спорттун түрдүү жааттарындагы байланыштарды түзүүгө, Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Түркмөнстандын Ахал велаятынын спорттук уюмдарынын, коомдорунун, федерацияларынын, командаларынын жана машыктыруучуларынын ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Түркмөнстандын Ахал велаятынын студенттерди жана окутуучуларды өз ара жиберишүүгө, илимий эмгектерди жарыялоо, студенттер менен аспиранттардын санын көбөйтүү жолу менен илимий жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Тараптар чыгармачыл жамааттардын жана айрым маданият ишмерлеринин ортосундагы визиттерди алмашууга, ошондой эле маданият күндөрүн, көркөм жана башка көргөзмөлөрдү, кино көрсөтүүлөрдү жана презентацияларды өткөрүүтө көмөктөшөт.
Тараптар ушул Макулдашууда каралган кызматташуунун ар бир багыты боюнча зарыл учурда ушундай кызматташуунун тартибин жана шарттарын аныктоочу өзүнчө макулдашууларды түзүшөт.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууда жана чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда алар сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуу тараптар кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою күчүндө болот. Эгерде ушул Макулдашуунун мөөнөтү бүткөнгө чейин Тараптардын бири дагы анын колдонулушун токтотуу жөнүндө ниетин билдирбесе, анда Макулдашуу дагы беш жылдык мезгилге узартылды деп эсептелет.
_______________________________________шаарында 2015-жылдын "______________"_____________________________________________________бирдей
күчкө ээ болгон кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты үчүн
______________________________
| Түркмөнстандын Ахал велаятынын Хякимлиги үчүн
|