Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу, № 366-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана фармация жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтү,
Тең укуктуулук жана өз ара сыйлоонун негизинде, калктын ден соолугунун деңгээлин жогорулатуу, элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо максатында
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Тараптар теңдик жана өз ара түшүнүүчүлүүк принциптерине негизделип, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, төмөнкү тармактарда кызматташат:
а) саламаттык сактоо системаларын күчөтүү;
б) инфекциялык оорулар менен күрөшүү жана эмдөө;
в) ооруканалык башкаруу системаларын жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын иштеп чыгуу;
г) саламаттык сактоо статистикасы;
д) эненин жана баланын саламаттыгын сактоо, онкология, трансплантология, ортопедия, травматология жана башкалар;
е) саламаттык сактоо жаатында кадрдык ресурстардын потенциалын жогорулатуу;
ж) медицина, фармацевтика жана медициналык жабдуулар жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу;
з) өзгөчө кырдаалдардын медициналык-санитардык кесепеттерин алдын алуу жана жоюу;
и) медициналык туризм;
к) фармацевтика жаатында башкаруу, дары каражаттарынын сапаты, коопсуздугу жана сарамжалдуу пайдалануу.
Тараптар саламаттык сактоо мекемелеринин, ошондой эле саламаттык сактоо органдарынын (мындан ары "кызматташуучу уюмдар" деп аталуучу) ортосунда түз байланыштарды кеңейтүүчө көмөк көрсөтүшөт.
Кызматташуучу уюмдардын ортосундагы мамилелер Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык, Тараптар менен макулдашуу боюнча түз келишимдеринин негизинде ишке ашырылат.
Кызматташуучу уюмдар эки мамлекеттин мыйзамдарына жана алардын эл аралык келишимдерине ылайык келишимдик милдеттердин сакталышына жоопкерчилик тартышат.
Тараптар өз ара түшүнүүчүлүк негизде Тараптардын мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун карамагындагы дарылоо-профилактикалык, илимий-изилдөө, санаториялык-курорттук, фармацевттик жана саламаттык сактоонун башка мекемелерине дарылоо-консультациялык, илимий жана кызматташуунун башка түрлөрүн уюштурууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар съезддерди, конференцияларды жана башка ушундай иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө бири-бирин маалымдап турушат.
Тараптар өз мамлекеттеринин илимий, медициналык коомдорунун жана фармацевттик уюмдарынын өтүнүчү жана сунушу боюнча ошол иш-чараларга катышуучу адистерди кабыл алууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар иштеп жаткам циклдерге жолдомолорду бөлүп берүү, ошондой эле жумуш орундарында стажировка өткөрүү жолу менен аларга баш ийген мекемелердеги медициналык, окутуучулук жана илимий кадрлардыи квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүтүн беришет.
Тараптар медициналык техниканы. дары-дармектерди өндүрүүнү жана аларды алмашууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү мүмкүндүгүнө жараша бул тармактарда Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатууга, анын ичинде негизги дары каражаттарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен көмөк көрсөтүшөт.
Кызматташуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ушул Макулдашуунун алкагында биргелешкен иштердин жүрүшүндө келип чыккан административдик жол-жоболор жана чыгымдар Тараптардын каражаттарынын жана кадрларынын болушуна жараша биргелешкен чечимдердин негизинде камсыз кылынат.
Бул Макулдашуу Тараптар бири-бирин дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө кабарлоочу акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана аны колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин 6 (алты) ай мурун Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка кабарлаганга чейин автоматтык түрдө кийинки 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу кезектеги иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбеши керек.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
____________________________________шаарында 201_____________-жылдын "____________"____________________эки
түп нускада. ар бири кыргыз, орус жана монгол тилдерине түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Монголиянын Өкмөтү үчүн |