Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 7-августу, № 120
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Батыш Салиеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:
1. Батыш Салиеванын сөөөгүн коюуну уюштуруу боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автомашиналар колоннасынын кыймыл коопсуздугун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы сөөк коюуга катышуучуларды ташуу үчүн автотранспорт берсин.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Уюштуруу комитетинин
курамы
Базарбаев К.Б | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Кулматов К.К. | - | Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Токтогулов А.Т. | - | Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кудайбердиева Г.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Алимбеков Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Абулгазиев М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Мурзакматов Ы.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |