Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 7-июну, № 78
2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүүгө мониторинг жүргүзүү максатында:
1. 2015-жылдын 5-июнунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилге 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жана андан чыгуунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары-жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү менен байланышкан учурдагы кырдаалга мониторинг жана талдоо жүргүзсүн, 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыксын.
3. Жумушчу топ үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратында жайгаша тургандыгы;
- белгиленген тартипте өзүнүн ишине эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын адистерин тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан материалдарды сурап алууга жана жардам алууга укуктуу экендиги.
4. Жумушчу топтун ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Ж.А Исакуловго жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси – министр |
Н.С. Момуналиев |
Тиркеме
Кравченко С.И. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүнүн башкы адиси; |
Нургазиев У.У. | - «Түндүкэлектр» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн инженери (макулдашуу боюнча); |
Султаналиев М.С. | - «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун экономисти (макулдашуу боюнча). |