Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-августу, № 379-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А. Ниязалиевага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министр милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар дер аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү, 2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүү жана кызматташтык жөнүндө келишимди жетекчиликке алуу менен илимий байланыштарды сактоого жана өркүндөтүүгө умтулуп, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантуу аракетин тастыктоо менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Ушул Макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү мамлекеттик аттестациялык органдары эсептелет.
Тараптар өз мамлекеттеринин аймактарында экинчи Тараптын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилүүчү окумуштуулук даражаларды жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү квалификациялык документтерди таанышат.
Окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү квалификациялык документтердин салыштырмалуулугу (эквиваленттүүлүгү) анын ээлерин кайрадан аттестациялоо процессинде аныкталат.
Квалификациялык документтин ээсин кайрадан аттестациялоо мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ал туруктуу жашаган аймактарда, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди таануу анын ээлерине өз мамлекеттеринин аймактарында улуттук мамлекеттик документтердин ээлери үчүн Тараптар тарабынан белгиленген укуктар сөзсүз тиешелүү болот дегендикке жатпайт.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары:
- аттестациялоонун улуттук системаларын өнүктүрүү концепцияларын, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоого карата талаптарды, ошондой эле илимий кызматкерлердин адистиктеринин улуттук тизмелерин (номенклатураларын) иштеп чыгууда өз ара консультацияларды өткөрүшөт;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системаларында окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөргө коюлуучу негизги талаптардын салыштырмалуулугун камсыз кылышат.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүшөт:
- өз аймактарында диссертацияларды коргоо боюнча кеңештерде экинчи Тараптын мамлекетинин изденүүчүлөрүнө диссертациясын коргоо үчүн бирдей шартты түзүү;
- Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу мамлекеттик системаларындагы өзгөрүүлөр жөнүндө өз убагында өз ара маалымат берүү, ушул кадрларды аттестациялоо маселелери боюнча тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жана башка материалдарды алмашып туруу;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо процессин башкаруу тажрыйбасын алмашуу боюнча аны өркүндөтүүгө багытталган зарыл биргелешкен иш-чараларды өткөрүү.
Диссертацияларды экспертизалоонун сапатын жогорулатуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүдөй көмөк көрсөтүшөт:
- экинчи Тараптын мамлекетинин көрүнүктүү окумуштууларынын жана адистеринин диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин ишине, ошондой эле диссертацияларды коргоодо оппонент катары катышууларына;
- экинчи Тараптын диссертацияларды коргоо боюнча кеңештеринде корголгон диссертациялардын кошумча экспертизасын өз аймагында Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттик кеңештеринде өткөрүүгө.
Ушул Макулдашууга катышуу Тараптардын жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы кызматташууларынын башка формаларын пайдалануу укуктарын чектебейт жана алардын мурда түзүлгөн эл аралык башка келишимдеринен келип чыгуучу Тараптардын милдеттенмелери менен укуктарына таасир тийгизбейт.
Ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан конкреттүү маселелер боюнча кошумча макулдашууларга жана протоколдорго кол коюлушу мүмкүн.
Тараптардын өз ара макулдугу менен Макулдашуунун текстине өзунчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу маселелери боюнча кайчы пикирлер пайда болгон учурда ушул Макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдар аларды консультациялар жана сүйлөшүү жолдору аркылуу чечишет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен ушул Макулдашууну токтото алат. Макулдашуу өзүнүн күчүн экинчи Тарап тиешелүү билдирүү алган күндөн алты ай өткөндөн кийин токтотот.
________________________________________ шаарында 2015-жылдын "___________"_____________________________________ ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн __________________________ | Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн _______________________ |