Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-августу, № 380-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлигинин ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги,
Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын урматтап,
өз мамлекеттеринин экономикалык, илимий-техникалык, коргонуу дареметин коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин билдиришип,
бири-бирине каршы ишти уюштурбоо жана жүргүзбөө милдетин өзүлөрүнө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында өз компетенцияларынын кызыкчылыгында жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык иштин конкреттүү багыттары жана проблемалары боюнча кызматташат. Бул максатта Тараптар зарыл учурда макулдашылган иш-чараларды жүзөгө ашырышат, конкреттүү ыкчам милдеттер жана профаммалар боюнча чечим кабыл алышат, алардын аткарылышын уюштурууну жана контролдоону камсыз кылышат.
Тараптар өз мамлекеттерине карата атайын кызматтардын, чет мамлекеттердин уюмдарынын жана айрым жарандардын ачыкка чыккан чалгындоо-бүлүндүрүү ниеттери жөнүндө маалыматты бири-бирине өз убагында маалымдоого милдеттенишет.
Тараптар тергөө коопсуздук органдарынын компетенциясына кирген кылмыштарды табууда, алдын алууда, бөгөт коюуда жана бетин ачууда, ошондой эле мындай кылмыштарды жасаган же аларды жасаганга шектелген адамдарды издөөдө, кармоодо жана жеткирүүдө өз ара аракеттенишет.
Тараптар зарыл учурда мамлекеттер аралык мүнөздөгү экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарга, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка, эл аралык терроризмге, контрабандага, мыйзамсыз миграцияга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мыйзамдары менен Тараптардын иш жүргүзүүсүнө кирген башка коомго кооптуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча макулдашылган иш-чараларды жүзөгө ашырышат.
Тараптар ыкчам эсепке алууларда, маалымат системаларында жана архивдерде болгон маалыматтарды, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын талаптарына жана Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык ушул Макулдашуунун предметине тиешеси бар Тараптардын ишин укуктук камсыздоо маселелери боюнча материалдарды алмашууну жүзөгө ашырышат.
Маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болгон эл аралык келишимдерге ылайык байланыштын техникалык каражаттарын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы жарандарынын жана Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы жарандарынын, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жайгашкан дипломатиялык жана башка өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды координациялашат.
Кызматташуу процессинде алынган ар кандай маалыматты мындай маалыматты берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок үчүнчү тарапка берүүгө болбойт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана (же) Түркмөнстандын мамлекеттик жашырын сырына кирбеген, бирок Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык аны таратууга жана таанышууга чек коюлган маалыматтарды коргошот жана беришет. Мындай маалыматты таратууга жана таанышууга коюлган чектөөлөр жиберген Тараптын мындай маалыматты алып жүрүүчүдө же алардын коштомо документтеринде көрсөтөт.
Кызматташуу процессинде алынган маалыматты учунчу тарапка ачыкка чыгаргандыгы жана бергендиги учун жоопкерчилик бул Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты алган Тараптын тиешеси бар адамдарына жуктелет.
Тараптар мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чыгымдарды тартышат.
Ушул Макулдашуу алардын мамлекеттери катышуучу болгон башка эл аралык келишимдер боюнча Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналган жана 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Ушул Макулдашуунун колдонулушу, эгерде Тараптардын бири анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн учурдагы беш жылдык мезгил аяктаганга чейин 6 ай мурда дипломатиялык каналдар боюнча албаса, кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн- өзү узартылат.
_____________________________шаарында_____________________________-жылдын _______________-__________________________________эки нускада,
ар бири кыргыз, түркмөн, орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн _____________________________ | Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министрлиги үчүн
_____________________________ |