Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 4-августу, № 378-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Илимий-техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А. Ниязалиевага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Биринчи вице-премьер-министр, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Т.Д. Сарпашев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү,
илим жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара каалоону билдирип,
ушундай кызматташуу өз ара кызыкчылыкты жаратуучу маселелерди чечүү үчүн Тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүндүк берерин көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык жалпы кабыл алынган принциптерди жана ченемдерди жетекчиликке алышат.
Тараптар төмөнкү формаларда кызматташууну ишке ашырышат, илимий тажрыйбаларды, методикаларды, илимий-техникалык маалыматтарды алмашуу;
алдыңкы технологияларды алмашуу;
илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда көмөк көрсөтүү;
илимий семинарларды жана конференцияларды уюштуруу,
Кызматташуу башка өз ара макулдашкан формаларда дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
Тараптар жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоодо кызматташууну колдошот.
Бул максаттар үчүн Тараптар төмөнкүлөрдү колдошот:
- алмашуу квотасынын алкагында илимдин кандидаты жана доктору наамы бар адамдарды узак мөзгил ичинде стажировкалардан өткөрүүнү;
- диссертацияларга биргелешкен жетекчиликти;
- тикелей келишимдердин негизинде биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу үчүн илимий кызматкерлерди өз ара жиберишүүнү;
- лабораториялар ортосунда тикелей байланыштарды түзүүнү.
Тараптар тең укуктуу жана өз ара пайдалуу илимий-техникалык кызматташууга көмөк көрсөтүшөт.
Кызматташуу багыттарын өз ара кызыкчылыкка жараша Тараптар аныктайт.
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эске алуу менен ушул Макулдашуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун жүрүшүндө пайдаланылган жана алынган интеллектуалдык иштин натыйжаларына Тараптар укуктарды коргоону камсыз кылышат.
Тараптардын илимий-изилдөө уюмдарынын ортосундагы тикелей илимий байланыштарды түзүүгө тараптар өбөлгө түзүшөт.
Ушул Макулдашуу өз ара финансылык милдеттенмелерди карабайт.
Тараптардын кызматкерлеринин өз ара командировкаларын каржылоо жана анын шарттары ар бир конкреттүү учурда кошумча сүйлөшүлөт.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду ар бир Тараптын аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган датадан баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу тиешелүү мезгил аяктаарына алты ай калганга чейин Тараптардын бири дагы экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө өзүнүн ниети тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоо жибербесе, ар бир жолу кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
___________________________________шаарында 2015-жылдын «___________________» __________________________________________________ар бири
кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде болгон эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тесттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн _________________________________
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн ________________________________ |