Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-августу № 373-б
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министри |
| Т.А. Сариев |
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Түркмөнстандын Айыл чарба министрлиги,
улуттук экономиканы өнүктүрүүдө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо айыл чарбанын негизги ролун түшүнүп,
айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өз ара каалоолорун эске алуу менен,
төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
Тараптар өз ара пайданын жана теңчиликтин негизинде, өз компетенцияларынын жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын чегинде, айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Тараптар эки мамлекеттин ишканаларын, илимий-изилдөө институттарынын жана башка байланыштагы уюмдардын ортосунда айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты колдойт.
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрөт:
- айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- товардык балыкты жана балыктардын товардык түрлөрүнүн уруктарын аквакультурада өстүрүү;
- илимий инновация жана айыл чарба өндүрүшүнө алдыңкы технологияларды киргизүү;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү;
- адистерди даярдоо жана жиберишүү;
- өнүктүрүүгө эки Тарап тең кызыкдар болгон башка багыттар.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында кызматташтыкты төмөнкүдөй формада ишке ашырышат:
- айыл чарба тармагындагы ченемдик укуктук актылар жана стандарттар менен алмашуу;
- биргелешкен изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар, адистерди жиберишүү, өз ара кызыкчылыкты жараткан маалыматтар менен алмашуу;
- айыл чарба тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар жана өнүккөн технологиялар менен алмашуу, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо технологиялары;
- кыргыз жана түркмөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекцияларынын сортторуна жана гибриддерине расмий сыноо жүргүзүү;
- эки мамлекеттин илимий-изилдөө институттарынын ортосунда түз байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү, эки өлкөнүн ишканаларынын ортосунда айыл чарба тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты колдоо;
- Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлүүчү көргөзмөлөргө, семинарларга, эл аралык конференцияларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- Тараптардын өз ара макулдугу боюнча кызматташуунун башка формалары.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал бул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар аларды консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечишет.
Ушул Меморандум Тараптардын алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Тараптардын бири экинчи Тарапка Меморандумдун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин алты ай мурун анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоосун жибербесе, автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
Ушул Меморандумдун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башкача чечим кабыл албаса иштеп жаткан жана ишке ашырылган программаларга таасирин тийгизбейт.
_____________ шаарында 2015-жылдын "__" _____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн
________________________________________ | Түркмөнстандын Айыл чарба министрлиги үчүн
____________________________________________ |