Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-августу, № 387-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият. маалымат жана туризм министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөрлтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын эки тараптуу кызматташуусун кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдоо ниетин таанып, туристтик сектордун экономиканы өнүктүрүүдөгү жана калкты жумуш менен камсыз кылуудагы маанисин, ошондой эле тең укуктуулук негиздеги өз ара кызыкчылыктарын түшүнүү менен,
туризм чойрөсүндөгү кызматташууну бекемдөө. тереңдетүү жана кеңейтүү зарылчылыгын баса белгилеп,
туристтик сектордун эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда билимди жана өз ара түшүнүүнү бекемдөө маселелериндеги маанилүүлүгүн таануу менен;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Тараптар ар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык туризм, соода жана мейманкана сектор чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө аракет кылышат.
Тараптар тийиштүү мыйзамдарга, эрежелерге жана нускамаларга ылайык Тараптардын өлкөлөрүнө барып-келүү үчүн өздөрүнүн жарандарына шарттарды түзүп беришет. Taраптар туристтик кызматташууну жогорулатуу үчүн туризмде, соодада жана меймандостук индустрияда кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууга жана түз байланышууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар ушул Меморандумдун алкагында төмөнкү тармактарда кызматташууну чыңдоого умтулушат:
- туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү;
- туризм менен байланышкан маалыматгар менен алмашуу;
- туристтик иштин субъекттеринин, анын ичинде отелдер жана туроператорлордун ортосундагы кызматташууну шыктандыруу;
- адам ресурстарын өнүктүрү, жаатындагы кызматташу үчүн алмашуу программаларын түзүү:
- туризмге жана мейманкана чарбасына инвестицияларды салуу;
- эки тараптуу туризмди өнүктүрүу үчүн чечимдерин кабыл алуучу туроператорлор/ЖМК/жактар менен алмашуу боюнча визиттерди уюштуруу:
- алдыга жылдыруу, маркетинг, өнүктүрүү жана башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу;
- Тараптардын өлкөлөрүндө туристтик көргөзмөлөргө/жарманкелерге катышуу;
- коопсуз, татыктуу жана туруктуу туризмге көмөк көрсөтүү.
Ушул Меморандумдун алкагында, Тараптардын пикирлери менен алмашуу жана кызматташууну жакшыртуу үчүн жол картасын даярдоо максатында Тараптар, Тараптардын ар биринен бирдей сандагы мүчөлөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топ түзө алышат. Биргелешкен жумушчу топ кезеги боюнча Тараптардын ортосунда алдын ала аныкталган жана өз ара макулдашылган күнү мүмкүн болушунча эки жылда бир жолу мезгил сайын жолугушууларды өткөрүп турат. Тараптар бул кеңешмелерге туристтик бизнестин жана мейманкана индустриянын өкүлдөрүн чакыра алышат.
Биргелешкен жумушчу топпун кеңешмелерине катышуу үчүн делегациянын баруусуна, тамактануусуна жана жашап туруусуна байланышкан чыгымдарды жиберүүчү Тарап өзүнө алат. Жолутушууну уюштуру боюнча бардык чыгымдарды кабыл алуучу Тарап тартат.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөө же жүзөгө ашыруу жана/же колдонуу менен байланышкан бардык айырмачылыктар же талаш-тартыштар, кандайдыр бир үчүнчү тараптарга же ал аралык трибуналга шилтеме келтирбестен, дипломатиялык каналдар боюнча Тараптардын ортосунда өз ара консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
Тараптардын ар бири бул Меморандумдун бардык же каалагандай бөлүгүн өзгөртүү жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Тараптардын ортосунда макулдашылган бардык өзгөртүүлөр жазуу жүзүндө таризделиши керек жана ал ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Ушул Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар боюнча алынган күндөн тартып ушул Меморандум күчүнө кирет.
Ушул Меморандум беш жылга чейин күчүндө болот, эгерде Тараптардын бири анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты айдан мурун аны өзгөртүү же колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка билдирүү жибербесе, анда ал кийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн-өзү узартылат.
________________________ шаарында 20____ жылдын « _______ »___________________________эки туп нускада ар бири кыргыз, орус, англис, жана хинди тилдеринде түзүлдү, мында тексттердин бардыгы бирдей кучкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Индия Республикасынын Өкмөтү үчүн |