Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-августу № 397-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана, илим министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын |
| Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия Республикасынын Өкмөтү,
Тараптардын ортосундагы достук мамилени кеңейтүүнү жана өнүктүрүүнү каалоо иретинде,
билим берүү жаатындагы кызматташтык эки Тараптын мамлекеттеринин улуттарынын түшүнүшүүсүнө мүмкүндүк берерине ишенүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар өнөктөштүк жана өз ара сыйлашуу принциптеринин негизинде Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана ченемдерине ылайык билим берүү жаатындагы кызматташтыктын ар кандай түрлөрүн колдошот.
Тараптар билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга, билим берүү системасынын түзүмүнө жана аны уюштурууга, окуу планына, дидактикалык материалдарга тиешелүү маалыматтарды, колдонуудагы ченемдик укуктук документтерди жана Тараптардын ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтөт.
Тараптар Европа союзу жана ЮНЕСКО тарабынан демилгеленген биргелешкен долбоорлордун алкагында билим берүү институттарынын ортосундагы кызматташтыкты колдойт, окуучулардын, студенттердин, окутуучулардын, билим берүүчү кызматкерлердин, академиялык персоналдардын, илимий кызматкерлердин, эксперттердин жана адистердин ар тараптуулугуна жана илимий кызматташтыгына көмөк көрсөтөт.
Тараптар жогорку билим берүүдө стипендия берүүдө, жана ЖОЖдорду аяктагандан кийинки билим берүүдө (докторантура) стипендияларды берүү, окутуучулар, академиялык персоналдар, илимий кызматкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырат.
Ушул Макулдашуунун бул беренесин координациялоо жана ишке ашыруу максатында Тараптар үзгүлтүксүз иштеп туруучу жумушчу комиссияны түзөт, ал үч жылда бир жолу кезек-кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Латвия Республикасында жолугушуу өткөрөт, комиссиянын курамында Тараптардын ар биринен үчтөн өкүл болот.
Эске алынган иш-чараларды каржылоо ар бир Тараптын финансы каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
Бул Макулдашууга Тараптардын эки жактуу макулдугу боюнча кошумча протоколдорду түзүү жолу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул Макулдашууну интерпретациялоо жана ишке ашырууга карата Тараптардын ортосундагы кайчы пикирлер консультация берүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө тиешелүү мөөнөтү бүткөнгө чейин кеминде алты ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлабаса, анын колдонулуу мөөнөтү кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартыла берет.
Макулдашуу ______________ шаарында 2015-жылдын "__" _________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, латыш, англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Латвия Республикасынын Өкмөтү үчүн |