Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-августу № 401-б
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("Жол картасын") ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын административдик имараттарын жана курулмаларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына тиркемеге ылайык белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрүлүп берилүүчү административдик имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте балансына кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд өткөрүлүп берилүүчү административдик имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы административдик имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча эсептөөлөрдү жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2016-жылга чыгымдарынын сметасын карап чыгууда жана бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына 2016-жылга каралган каражаттардын эсебинен өткөрүлүп берилүүчү административдик имараттарды жана курулмаларды күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды эсепке алсын.
Кыргыз Республикасынын |
| Т.А. Сариев |
Тиркеме
№ | Өткөрмө пунктунун аталышы | Өткөрмө пунктунун жайгашкан жери |
1 | "Ак-Жол-Автожол" | Чүй облусу, Аламүдүн району (Бишкек-Алматы автожолунун 18-километри) |
2 | "Жайыл-Автожол" | Чүй облусу, Жайыл району, Степное айылынын түндүк жагы |
3 | "Чалдыбар-Автожол" | Чүй облусу, Панфилов району, Чалдыбар айылынын батыш жагы (Бишкек-Тараз автожолунун 98-километри) |
4 | "Камышановка-Автожол" | Чүй облусу, Сокулук району, Камышановка айылынын чет жагы |
5 | "Ак-Тилек-Автожол" | Чүй облусу, Ысык-Ата району, Чу суусунун түштүк жээги (Хунчи айылынын чыгыш жагындагы көпүрөнүн жаны) |
6 | "Кең-Булуң-Автожол" | Чүй облусу, Ысык-Ата району, Казакстан Республикасынын Трудовик айылына карай бурулуштагы көпүрөнүн жаны |
7 | "Токмок-Автожол" | Чүй облусу, Чүй району (Бишкек-Кемин автожолунун 63-километри, Чу суусундагы Дунларов атындагы көпүрөнүн жаны) |
8 | "Каркыра -Автожол" | Ысык-Көл облусу, Түп району, Каркыра жергеси (3-МТФ) |
9 | "Чоң-Капка-Автожол" | Талас облусу, Манас району |
10 | "Кичи-Капка-Автожол" | Талас облусу, Манас району |
11 | "Күркүрөө-Автожол" | Талас облусу, Кара-Буура району, Аманбаев айылынын батыш жагы |
12 | "Кайыңды-Темир жол" | Чүй облусу, Панфилов району, Кайыңды шаары |