Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 4-сентябры ПБ № 247
Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасы, мындан ары "Сүйлөшүүчү тараптар" деп аталып, улуттук суверенитет жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жаатында натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүдө өз ара кызыкчылыктан улам,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Ушул Макулдашууда колдонулган терминдердин аныктамасы төмөндө чечмеленет:
"Өкүм чыгарган мамлекет" - аймагындагы сот өткөрүп берүүчүгө объектиге карата түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жазалоонун башка формасында жөнүндө өкүм чыгарган мамлекетти түшүндүрөт;
"Өкүмдү аткарган мамлекет" - анын жараны болуп эсептелген адамга карата өз аймагында түрмөгө камоо же эркинен ажыратуунун башка түрүндөгү жаза формасын аткарууну камсыздаган мамлекетти түшүндүрөт;
"Соттолгон адам" - кылган кылмышы үчүн түрмөгө камоого же эркинен ажыратуунун башка жазасына Сүйлөшүүчү тараптардын биринин соту тарабынан өкүм чыгарылган адамды түшүндүрөт;
"Соттолгон адамдын туугандары" - соттолгон жарандын мамлекетинин мыйзамында каралган мааниге ээ;
"Сүйлөшүүчү тараптардын биринин компетенттүү органдары" - мыйзамдарга ылайык соттолгон адамдарды өткөрүп берүүгө кайсы бир деңгээлде катышкан органдарды түшүндүрөт.
Ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык эркинен ажыратылган адам өкүм чыгарган Мамлекеттин аймагынан өкүмдү аткаруучу Мамлекеттин аймагына жазанын калган мөөнөтүн өтөө үчүн өткөрүлүп берилет.
Өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап эгер Сүйлөшүүчү тараптардын бири, соттолгон адамды өткөрүп берүү анын эгемендигин, коопсуздугун, коомдук тартибин бузса жана/же анын Конституциясына каршы келет деп эсептесе, баш тартылат.
1. Соттолгон адам ушул Макулдашууга ылайык төмөнкү шарттарда берилиши мүмкүн:
a) эгер соттолгон адам өкүмдү аткарган Мамлекеттин жараны болсо;
b) эгер өкүмдү аткарган Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өкүм акыркы жана аткарууга милдеттүү болуп эсептелсе;
c) эгер жаза аткаруунун калган мөөнөтү алты айдан ашыкты түзсө;
d) эгер соттолгон адам өзүн өткөрүүгө макулдугун берсе жана/же анын туугандары же ушул Макулдашуу тараптарынын биринин мыйзамдуу өкүлү өткөрүп берүүнү өтүнсө, анын дене-бой жана психикалык абалын эске алуу менен;
e) эгер өкүм чыгарылган жосун өкүмдү аткарган Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык кылмыш деп эсептелсе;
f) эгер Өкүм чыгарган мамлекет жана Өкүмдү аткарган мамлекет соттолгон адамды берүүгө макулдук берсе.
2. Өзгөчө учурларда Сүйлөшүүчү тараптар жаза аткаруу мөөнөтү алты айдан азды түзгөн соттолгон адамдарды өткөрүп берүү шарттары жөнүндө сүйлөшө алат.
1. Өкүмдү аткарган мамлекет Өкүм чыгарган мамлекетке өкүмдү аткаруу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматты берет:
a) эгер соттолгон адам Өкүмдү аткарган мамлекеттин аймагында жаза аткаруу мөөнөтү аяктаганга чейин кайтаруудан качып кетсе;
b) эгер Өкүм чыгарган мамлекет камалган адамдын абалы жөнүндө атайын отчет сураса.
2. Өкүм чыгарган мамлекет соттолгон адамга ар бир мамлекет жана/же өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап боюнча Өкүмдү аткаруу мамлекети тарабынан кабыл алынган чаралар же чечимдер жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
Сүйлөшүүчү тараптар жыл сайын жана/же суроо-талап боюнча башка тараптын жарандары болуп эсептелген камалган адамдар жөнүндө маалымат алмашат.
Эгер Сүйлөшүүчү тараптардын ортосунда башка сүйлөшүү болбосо, Өкүмдү чыгарган мамлекет өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап кылганда Өкүмдү аткарган мамлекетке төмөнкү документтерди жана маалыматты берет:
a) соттолгон адам жөнүндө маалымат, ана: аты-жөнү, төрөлгөн күнү, айы, жери;
b) соттолгон адамдын жарандыгы жөнүндө документтер, эгер бар болсо;
c) өкүм негизделген юридикалык документтердин тексти;
d) өткөрүп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы же 4-берененин 1(d) пунктчасында көрсөтүлгөн адамдардын арызы;
e) анын мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө компетенттүү органдардын өкүмүнүн жана чечиминин көчүрмөсү;
f) өкүм чыгарылган мамлекет тарабынан түрмөгө камоо мөөнөтү жөнүндө, сотко чейинки териштирүү үчүн алдын ала камоо мөөнөтү жөнүндө жана ырайым кылуу, мунапыс берүү же жазаны жеңилдетүү жөнүндө, ошондой эле түрмөнүн калган мөөнөтү жөнүндө маалымкат;
g) соттолгон адамдын саламаттыгы, дене-бой жана психикалык абалы жөнүндө медициналык маалымкат.
Өкүм чыгарган мамлекет суроо-талабы боюнча Өкүмдү аткарган мамлекетке төмөнкү документтерди берет:
a) соттолгон адам Өкүмдү аткарган мамлекеттин жараны экенин тастыктаган документ же маалымкат;
b) Өкүмдү аткарган мамлекетте өкүмгө алып келген аракет же аракетсиздик кылмыш болуп эсептелген мыйзамынын көчүрмөсү.
1. Өкүмдү чыгарган мамлекет ушул Макулдашуунун 4-берененин 1-пунктунун (d) пунктчасында эскерилген макулдашууну мажбурлоосуз, ыктыярдуу жана толук түшүнүү менен мындай макулдашуунун укуктук натыйжалары менен камсыздайт.
2. Өкүмдү аткарган мамлекет өзүнүн консулдук органдарынын же башка макулдашкан органдардын жардамы менен аны берүүгө жана Өкүм чыгарган мамлекет тарабынан жарыяланган шарттарды белгилөөгө укуктуу.
Суроо-талап койгон Сүйлөшүүчү тарап соттолгон адамды 30 (отуз күн) күндө өткөрүп берүү же суроо-талапты четке кагуу жөнүндө ушул Макулдашуунун 8-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди алгандан кийин же анын мыйзамдуу өкүлүн же туугандарын жазуу жүзүндө маалымдашы керек, бул жагдайга жана өкүм чыгарган мамлекеттин кабыл алынган чечимине жараша болот.
Сүйлөшүүчү тараптар өз ара макулдашуу боюнча соттолгон адамды өткөрүп берүү ордун, датасын жана тартибин колдон келишинче кыска мөөнөттө аныктайт.
Соттолгон адамды өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды Өкүмдү аткаруу мамлекетинин аймагына жеткиргенден баштап Өкүмдү аткаруу мамлекети алат.
Суроо-талапка тиркелген документтер сураган Сүйлөшүүчү тараптардын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Сүйлөшүүчү тараптын тилине же англис тилине расмий котормо менен коштолот.
1. Өкүмдү аткаруу мамлекети төмөнкүлөргө милдеттендирилет:
a) өзүнүн компетенттүү органынын буйругу боюнча өкүмдүн аткарылышын дароо узартат же
b) жаза өз мүнөзү же мөөнөтү боюнча Жазаны аткаруу мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына дал келбеген учурларда же анын улуттук мыйзамдары ушуну талап кылса, Өкүмдү аткаруу мамлекети өзүнүн компетенттүү органы аркылуу ушундай кылмыштар үчүн анын мыйзамдары менен каралган жазаларга ылайык өкүм чыгарат.
2. Өкүмдү аткаруу мамлекети билдирме болгон учурда өткөрүп бергенге чейин Өкүм чыгарган мамлекетке кандай чаралар колдонула тургандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
3. Жазаларды аткаруу Өкүмдү аткаруу мамлекетинин мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана бул Мамлекет гана соттолгон адам тууралуу бардык тийиштүү чечимдерди компетенттүү түрдө кабыл алат.
4. Чыгарылган өкүмдү аткарууну узартууда Өкүмдү аткаруу мамлекети Өкүм чыгарган мамлекет тарабынан аныкталган жазалардын юридикалык мүнөзү жана мөөнөтү менен байланышкан.
5. Өкүм алмашкан учурларда Өкүмдү аткаруу мамлекети өзүнүн процессуалдык мыйзамдарын колдонот. Өкүмдү алмаштырууда компетенттүү орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
a) жазаны квалификациялоодо жана дайындоодо чыгарылган өкүмдө так же кыйыр көрсөтүлгөн чараларды сактоого;
b) эркиндикти ажыратууну караган жаза чарасын акчалай жазага алмаштырбоого;
c) мөөнөтү бүткөн соттолгон адамга эркиндиги ажыратылган мезгилдин баарын кыскартууга;
d) соттолгон адамдын жаза чарасын күчөтпөөгө жана жасалган кылмыш же кылмыштар үчүн Өкүмдү аткаруу мамлекетинин мыйзамдарында каралган минималдуу жазалардын бардык түрүн колдонууга милдеттүү болбоого.
6. Соттолгон адамды өткөрүп бергенден кийин жазаны алмаштыруунун жол-жоболорун колдонгон учурда Өкүмдү аткаруу мамлекети соттолгон адамды камакка кармоосу керек же андай болбогон учурларда жазаны өз аймагына алмаштыруу жөнүндө иш өндүрүшүнүн убагында соттолгон адамдын турган жери камсыз кылынышы керек.
Ар бир Сүйлөшүүчү тарап өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилген соттолгон адамга ырайым кылууга, мунапыс кабыл алууга же жазасын жеңилдетүүгө укуктуу.
Өкүм чыгарган мамлекет гана өткөрүп берүүнүн объекти болуп саналган соттолгон адамга карата чыгарылган өкүмдү кайра кароого укуктуу.
1. Ар бир Сүйлөшүүчү тарап өздөрүнүн мыйзамдарын, ушул Макулдашуунун ченемдерин жана жоболорун сактоодо үчүнчү мамлекет тарабынан башка Сүйлөшүүчү тарапка өткөрүлүп берилүүчү же өткөрүлүп алынуучу соттолгон адамдарды өзүнүн өлкөсүнүн аймагы аркылуу транзитке уруксат берет.
2. Аба ташуусун аткарууда Сүйлөшүүчү тараптардын аймагына конуу каралбаса, транзитке уруксат талап кылынбайт. Эгерде бул Сүйлөшүүчү тараптардын аймагына каралбаган конуу аткарылса же жер транзитинде, бул Сүйлөшүүчү тарап экинчи Сүйлөшүүчү тараптан транзит жөнүндө билдирмени көрсөтүүнү талап кыла алат. Сүйлөшүүчү тараптар анын аймагы аркылуу өткөрүп берүү уланганга чейин соттолгон адамды транзит жөнүндө билдирмени алуу шарты менен камакта кармайт.
3. Соттолгон адамды ушул берененин 2-пунктуна ылайык камакка алганда өткөрүп берүү жөндүү мөөнөттүн ичинде ишке ашырылбаса, соттолгон адам аймагында болгон Тарап анын бошотулушу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
4. Эгерде өткөрүлүп берилген соттолгон адам Сурап жаткан Сүйлөшүүчү тараптын жараны болуп саналса, транзитке уруксат берилбейт.
Ушул Макулдашуунун жоболору да ушул Макулдашуу күчүнө киргенге чейин Сүйлөшүүчү тараптардын соттору тарабынан чыгарылган өкүмгө карата колдонулат.
Ушул Макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн Сүйлөшүүчү тараптардын ортосунда маалымат алышуу бир тараптан Иран Ислам Республикасынын Юстиция министрлиги, экинчи бир тараптан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан дипломатиялык каналдар аркылуу ишке ашырылат.
Сүйлөшүүчү тараптардын компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык талаштуу маселелерди дипломатиялык каналдар аркылуу консультация берүү жана сүйлөшүү жолу менен чечишет.
Ушул Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү ушул Макулдашуунун 22-беренесинин жоболоруна ылайык өзүнчө протоколду түзүүнүн жардамы менен Сүйлөшүүчү тараптардын кат түрүндөгү макулдугуна ылайык гана киргизилиши мүмкүн жана Протокол Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болот.
Ушул Макулдашуу 5 жылдык мөөнөттөгү мыйзамдуу күчүнө ар бир Сүйлөшүүчү тараптын экинчи Сүйлөшүүчү тарапка ушул Макулдашуунун мыйзамдуу күчүнө кириши боюнча өз мыйзамдарына жана ченемдерине ылайык тийиштүү чаралардын кабыл алынышы жөнүндө акыркы билдирүүсү чыккан күндөн тартып кирет. Ушул Макулдашуунун көрсөтүлгөн мөөнөтү аяктаганда Сүйлөшүүчү тараптардын бири экинчи Сүйлөшүүчү тарапка тиешелүү мөөнөт бүткөнгө чейинки 6 айдын ичинде кат түрүндө Макулдашуунун мөөнөтүн узартууга ниети жок экендиги жөнүндө билдирбесе, Макулдашуунун мөөнөтү автоматтык түрдө беш жылдык мөөнөткө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн аякташы же токтотулушу аны колдонуу мезгилинде берилген өткөрүп берүү жөнүндө билдирмелерге эч кандай таасир тийгизбейт.
Киришүүнү жана 22 беренени камтыган ушул Макулдашуу бирдей күчкө ээ болгон перс, кыргыз, орус жана англис тилдеринде ____ _____________ григориан календарына дал келген ______________ күн жыл санагы боюнча түзүлдү. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкканда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Иран Ислам Республикасы үчүн |