Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-сентябры, № 428-б
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Иран Ислам Республикасынын Мамлекеттик телерадиосунун ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын |
| Т.А. Сариев |
Расмий эмес котормо
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Иран Ислам Республикасынын Мамлекеттик телерадиосу,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени өнүктүрүү жана күчөтүү, телекөрсөтүү жагында кызматташтыкты кеңейтүү максатында,
төмөндөгү өз ара түшүнүшүүгө келишти.
Тараптар саясий, экономикалык, маданий, илимий, спорттук жана жаштар чөйрөсүндөгү жаңылыктар пакеттерин ар бир конкреттүү учурда келишимдерге ылайык акысыз же акы төлөнүүчү негизде алмашат.
Тараптар маалымат алмашуу жана тийиштүү делегацияларды керектүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен жиберүү маселесинде кызматташат.
Транспорт жана жашоого кете турган чыгымды жиберген Тарап көтөрөт.
Тараптар бири-бирине ар түрдүү телепрограммаларды, анын ичинде фильмдерди, телесериалдарды, анимациялык фильмдерди сатууга жана сатып алууга даяр экендигин билдиришет. Баалары ар бири өзүнчө келишим менен аныкталат жана эсептелет.
Иран тарап радио жана телеберүүгө байланышкан сабактар боюнча кыска окутуучу курстарды уюштурууга даяр экендигин билдиришет. Курстарды уюштуруу жана аларды өткөрүү боюнча чыгымдар өз ара макулдашууларда аныкталууга тийиш.
Иран Тарап техникалык окуяларды айрыкча техникалык жана инженердик кызматтарды экспорттоо формасында бөлүшүүгө жана телеберүү жабдууларын сатууга даяр экендигин билдирет. Эки тарап эки өлкөнүн техникалык эксперттеринен турган комитет түзө алышат.
Тараптар бири-бирин өз өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү фестивалдарга жана көргөзмөлөргө чакыруу боюнча чара көрүшөт. Мындай иш-чараларга катышуу боюнча чыгымдарды катышуучу Тарап көтөрөт.
Тараптар Меморандумга кол коюлган күндөн баштап 6 (алты) айдын ичинде Биргелешкен Жумушчу комитет (мындан ары - Комитет) түзүшөт.
Комитеттин мүчөлөрү тийиштүү Ишке ашыруу планын даярдоо жолу менен ушул Меморандумду аткаруу боюнча чара көрүшөт.
Комитет ушул Меморандумду Ишке ашыруу планынын аткарылышын текшерүү боюнча сессияларды өткөрөт. Сессия эки өлкөдө тең өткөрүлөт. Делегацияларды жиберүүгө байланышкан чыгымдарды жиберген Тараптар көтөрүшөт.
Ушул Меморандумду чечмелөөгө же колдонууга байланышкан ар кандай кайчы пикирлер Тараптардын ортосундагы кеңешүү жолу менен, өз ара түшүнүшүү жана ыктыярдуулук негизинде чечилүүгө тийиш.
Ар бир Тарап бул Меморандумду колдонууну толугу менен же жарым-жартылай токтотуп коё алат. Экинчи Тарап бул Меморандумду колдонуу токтотулганы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу дароо кабарланууга тийиш.
Бул Меморандумдун колдонууну токтоткон Тарап экинчи Тарапка бул Меморандумду токтотуу үчүн башка себеп жок экенин жазуу жүзүндө дароо кабарлоого тийиш.
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө 3 (үч) ай мурда кабарлоо менен бул Меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат.
Меморандумга киргизилип, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр анын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
Бул Меморандум кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана 3 (үч) жыл бою жарактуу болот. Эгер Тараптардын бири экинчи Тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Меморандумдун жарактуулугун токтотуу ниети жөнүндө анын мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) ай мурун билдирүү жасабаса, бул Меморандум кийинки үч жылдык мөөнөттөргө автоматтык түрдө узартылат.
____________ шаарында 2015-жылдын "__" ___________ ар бири кыргыз, перс жана англис тилдериндеги үч түп нускада кол коюлду жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Иран Ислам Республикасынын Мамлекеттик телерадиосу үчүн | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги үчүн |