Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-сентябры № 469-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Грузиянын Улуттук банкынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Кыргызстан банкы) жана "Грузиянын Улуттук банкы жөнүндө" Грузиянын негизги мыйзамына ылайык иштеген Грузиянын Улуттук банкы (мындан ары - Грузиянын банкы) (мындан ары өз-өзүнчө же биргелешип, тиешелүү түрдө "Тарап" же "Тараптар" деп аталуучу) ушул Меморандумдун жоболоруна жана шарттарына негизденген кызматташтыкка эки тарап тең кызыкдар экендигин таанышат:
Ушул Меморандумдун максаты банк ишине көзөмөлдүк жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүү жана Кыргызстандын банкы менен Грузиянын банкынын ортосунда тажрыйба алмашуу болуп саналат (мындан ары - Максат). Тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- консультация берүү;
- тажрыйба алмашуу;
- Тараптардын финансы-кредиттик мекемелеринин ишине көзөмөлдүк жүргүзүү жаатында маалымат алмашуу;
- террорчулукту каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТК/КАК) жаатында маалымат алмашуу.
Финансы-кредиттик мекемелери - бул Тараптардын көзөмөл органы тарабынан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган жана айрым банк операцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу юридикалык жактар.
Финансы-кредиттик мекемелери өз ишин Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат.
Консультация берүү эксперттердин 1-беренеде белгиленген маселелер боюнча изилдөөлөрдү, долбоорлорду жана корутундуларды даярдоо ишин өзүнө камтыйт, ал Тараптар же алардын биргелешкен топтору тарабынан Кыргыз Республикасында, ошондой эле Грузияда да ишке ашырылышы мүмкүн.
Тажрыйба алмашуу иши маалымат алмашуу, техникалык жана илимий багыттагы изилдөөлөр, жарыялоолор жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу, ошондой эле максатка ылайыктуу башка тажрыйба алмашуу формалары менен гана чектелбестен, Тараптар мезгил-мезгили менен макулдашып, тиешелүү семинарларды жана конференцияларды уюштуруу же мындай иш-чараларга чакыруу аркылуу ишке ашырылат.
Тараптардын ушул Меморандумдун алкагында тажрыйба алмашууга катышкан кызматкерлеринин бардык иш сапары 1-беренеде белгиленген маселелерге арналууга, өзүнчө документтерде чагылдырылган долбоордун өз ара макулдашылган шарттарына жана белгилүү бир максаттарына негизденүүгө тийиш. Тараптардын каалаган кызматкеринин иш сапарынын узактыгы 3 (үч) айдан ашпоого тийиш.
1. Маалымат алмашуу максатка ылайыктуулук принциптерине жана Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Меморандумга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын кайсынысы болбосун өз юридикалык милдеттерине байланыштуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон учурларды эске албаганда, ушул Меморандумдун алкагында берилген маалыматтар Тараптар тарабынан купуялуулукту сактоо жана таркатпоо принциптерине ылайык каралат.
3. Берилген купуя маалыматтын бардыгы суралуучу Тарапка таандык жана ал анын менчиги болуп саналат.
4. Ар бир суроо-талап аны пайдалануунун максатын, себептерин жана тартибин жазуу жүзүндө негиздөө менен жөнөтүлөт. Суроо-талапты жөнөтүү үчүн телекоммуникация каражаттары пайдаланылышы мүмкүн.
5. Тараптар маалыматты сактоодо, пайдаланууда жана бири-бирине берүүдө, анын ичинде телекоммуникациялык каражаттар аркылуу берүүдө анын купуялуулугун камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт.
6. Эгерде суралуучу Тарап суроо-талаптын аткарылышы анын мамлекетинин мыйзамдарына каршы келет деп эсептесе, анда ушул Меморандумдун алкагында көмөк көрсөтүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн.
7. Эгерде суроочу Тарап өз юридикалык милдеттерин аткарууга байланыштуу иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ушул Меморандумдун алкагында алынган купуя маалыматты үчүнчү жакка берүүгө милдеттүү болгон учурда (эгерде белгиленген маалыматты берүү суралуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келбеген шартта), суроочу Тарап төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- суралуучу Тарапка токтоосуз маалымдоого;
- алдын ала макулдук алууга;
- маалыматты берүүнүн алдында ар бир маалымат алуучу анын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттенгендигине жана юридикалык ыйгарым укуктарга ээ экендигине ынанууга.
8. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат аны берген Тараптын кат жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жакка өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес.
9. Ушул Меморандумдун алкагында берилген купуя маалымат суроочу Тараптын юрисдикциясында юридикалык санкция менен камсыздалган суроо-талапка ылайык берилүүгө тийиш болгон учурларда, суроочу Тарап экинчи Тарапка ушул сыяктуу талапты аткарганга чейин маалымдоого тийиш. Маалымат берүүгө макулдук бербеген учурда суроочу Тарап мындай мүнөздөгү талапка карата каршы аракет көрүү жана маалыматтын купуялуулугун коргоо үчүн бардык негиздүү укуктук каражаттарды пайдаланат.
10. Укуктук каражаттар өзүнө мындан тышкары, пайдаланууга жол берилиши мүмкүн болгон мындай маалыматтарга карата мыйзамга же юридикалык артыкчылыктарга ылайык тиешелүү иммунитетти сактап калууну; берилген маалыматты сактоо, коргоо жана анын купуялуулугун камсыз кылуу үчүн максатка ылайыктуу деп эсептеген бардык чараларды көрүү мүмкүндүгүн сур алуучу Тарапка берүүнү камтыйт, мында суралуучу Тарапка таандык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу үчүн анын кандай болбосун кийлигишүүсүнө макулдук берилет.
11. Тараптар алмашып жаткан бардык маалымат купуя болуп саналат жана ал катуу контролдун предмети болушу керек жана Тараптардын мамлекеттеринин купуя маалыматтарды коргоо боюнча улуттук мыйзамдарына ылайык уруксат берилген максаттарда маалыматтын пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн коргоого алынууга тийиш.
12. Эгерде көмөк көрсөтүү улуттук мыйзамдарга же суверенитетке, коопсуздукка, улуттук кызыкчылыктарга жана Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге каршы келсе, суроо-талаптар четтетилиши мүмкүн. Суроочу Тарап баш тартуунун себептери жөнүндө маалымдалышы керек.
13. Ушул Меморандумдун алкагында купуялуулукту сактоо жөнүндө милдеттенмелер ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулгандыгына карабастан, иш-аракетин улантуусу зарыл.
Ушул Меморандумдун колдонулушу токтотулган учурда, аны жүзөгө ашыруунун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат.
14. Кызматташтыктын жүрүшүндө алынган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү тарапка маалымдагандыгы үчүн жоопкерчилик ошол Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык мындай маалыматты алган Тараптын буга тийиштүү адамдарына жүктөлөт.
Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруунун же жоготуунун кесепетинен ага келтирилген зыяндын ордун толтурууга Тараптар милдеттенишет. Зыяндын өлчөмү, зыян келтирилген Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
1. Көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу максатында Тараптардын банктык көзөмөл органдары суроо-талаптын негизинде төмөнкүдөй маалыматтарды алмашышат:
- террорчулукту каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында мыйзамдардын жана башка актылардын талаптары жөнүндө;
- кардарларды идентификациялоо жана иликтөө, террорчулукту каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан операцияларды аныктоо тажрыйбасы жөнүндө;
- финансы-кредиттик мекемелер тарабынан террорчулукту каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө ошол өлкөгө таандык мыйзамдардын сакталышы жөнүндө;
- террорчулукту каржылоонун жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) типтүү схемалары жана методдору жөнүндө.
2. Террорчулукту жана экстремизмди каржылоо тобокелдигин кыскартуу максатында Тараптардын банктык көзөмөлдөө органдары террорчулук жана экстремисттик ишке же жапырт жок кылуучу куралдарды таратууга катышкан адамдардын улуттук тизмеги менен өз ара алмашышат.
3. Тараптардын банктык көзөмөлдөө органдары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында белгиленген чекте Тараптардын биринин суроо-талабы боюнча ТК/КАК жаатындагы көзөмөлдөө көйгөйлөрүнө тиешелүү банктык операциялар, алардын катышуучулары тууралуу маалыматты беришет.
4. Тараптардын биринде ТК/КАК жаатындагы көзөмөлдөө функцияларын аткарууда экинчи Тарапка көмөк көрсөтүүчү маалымат болсо, экинчи Тарап ага суроо-талап жөнөтпөсө да, биринчи Тарап ыктыярдуу негизде мындай маалыматты бериши же болбосо аны берүүгө карата тиешелүү чараларды көрүшү мүмкүн.
5. Эгерде Тараптардын бири маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапты аткаруудан баш тартса, ал экинчи Тарапка анын себептерин маалымдоого тийиш.
6. Террорчулукту каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн алкагында алмашылып жактан маалымат купуя болуп саналат жана аны алмашуу процесси Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана ушул Меморандумга ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Кызматташтык процессинде алынган маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же үчүнчү тарапка маалымдагандыгы үчүн жоопкерчилик, бул Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык, мындай маалыматты алган Тарапка таандык адамдарга жүктөлөт.
Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруунун же жоготуунун кесепетинен ага келтирилген зыяндын ордун толтурууга Тараптар милдеттенишет. Зыяндын өлчөмү, зыян келтирилген Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Тараптардын ар бири ушул Меморандумда каралган долбоорлорду же иш-чараларды жүзөгө ашыруу процессинде өзүнүн кызматкерлери тарабынан гана иштелип чыккан же иште алгачкы жолу колдонулган интеллектуалдык менчикке ээ. Эгерде интеллектуалдык менчик эки Тараптын тең кызматкерлери тарабынан биргелешип иштелип чыкса же иште алгачкы жолу колдонулган болсо, ал биргелешкен менчикте турушу керек.
Ушул Меморандумдан келип чыгуучу долбоорлорду башкаруу ушул Меморандумга кол койгон Тараптар же алардын милдеттүү түрдө дайындалган өкүлдөрү тарабынан биргелешип ишке ашырылууга тийиш.
Долбоорлордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Меморандумдун алкагында иш-чараларды жүзөгө ашыруу жоопкерчилигинин техникалык чөйрөсү жеке тартипте, Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталууга тийиш.
1. Ушул Меморандумдун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды уюштуруу менен байланышкан чыгымдар жана жыйымдар иш-чара өткөрүлүп жаткан аймактагы Тарап тарабынан төлөнүүгө жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Тараптардын иш-чарага катышып жаткан кызмат адамдарынын деңгээлдерине шайкеш келген жеткирүүнү, тамактандырууну, медициналык жардам көрсөтүүнү жана жашап турууну;
- Тараптар тарабынан жетишилген башка макулдашууларга зыян келтирбей караштырылган иш-чараларды жүзөгө ашыруучу Тараптардын кызмат адамдарына техникалык, административдик, материалдык жана кадрдык жактан колдоо көрсөтүүнү.
2. Тараптардын ар бири өздөрүнүн кызмат адамдары алууга укуктуу болгон эмгек акы жана компенсациялардын башка түрлөрү менен ушул Меморандумдун алкагында Тараптардын бири алардын катышуусун сураган бардык учурларда камсыздоого тийиш.
1. Тараптар ушул Меморандумду жүзөгө ашыруу үчүн бардык мүмкүн болгон күч-аракеттерди жумшашат жана ушул Меморандумдун жоболорунун ар кандай себептерге байланыштуу аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
2. Ушул Меморандумду колдонууда келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүү жолу аркылуу чечилет.
1. Ушул Меморандум кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандум белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири экинчи Тараптан анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирген жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
3. Ушул Меморандумга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналган өзүнчө протоколдор түрүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
4. Меморандум ___-жылдын "__" ___________ ______________ шаарында кыргыз, грузин, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана бардык текст бирдей күчкө ээ.
5. Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө пикир-келишпестиктер келип чыкса, Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат.
6. Жогоруда белгиленгендерди ырастоо иретинде Тараптар өз ишенимин жана урматтоосун билдирүү менен ушул Меморандумду тариздеп, бул документтин эки көчүрмөсүнө кол коюшту.
Кыргызстан банкы үчүн |
| Грузиянын банкы үчүн |
_____________ Аты-жөнү |
| _____________ Аты-жөнү |